ЭРКЕКТЕРГЕ ГАНА ЖАСАЛЧУ 9 ОПЕРАЦИЯ

Урологиялык оорулар көпчүлүк эркектерде кездешет. Айрымдар буга олуттуу маани берип, дарыланууга шашылганы менен, тоготпой же кайдыгерлик кылып жүрө бергендер да көп. Бул санда эркектерде гана кездешчү жана операция жасатууга туура келген оорулар тууралуу маалымат беребиз. Материал Улуттук госпиталдын эндовидеохирургия бөлүмүнүн андролог врачы Акылбек Абаралиевдин көмөгү менен даярдалды.

КРИПТОРХИЗМ

Курсактагы түйүлдүктүн өсүү кезинде урук бездери ич көңдөйдөн бөлүнүп, урук бези калтасына акырындык менен түшөт. Бул процесс ички же тышкы терс таасирлерден улам бузулса, урук бездери ич көңдөйдө же жука чурайда кармалып, калтага түшпөй калат. Урук безинин бири же экөөсү тең түшпөй калышы ыктымал. Өз ордунда болбой калгандыгы үчүн урук безине доо кетип, мындан улам адамда тукумсуздук келип чыгат.

Адегенде УЗИ аркылуу урук бези кайда жайгашканы аныкталат. Андан кийин операция жасалып, урук бездери ордуна түшүрүлөт.

Айрым жигиттер калтасында урук бездери жок болсо деле жүрө беришет да, анан үйлөнөргө жакын врачка келишет. Бул туура эмес, бала туулганда эле ата-энеси, врачтар урук бездери калтасында барбы же жокпу, текшериши керек.

ГИДРОЦЕЛЕ

Гидроцеле – урук безинин биринин же экөөсүнүн тең кабыкчасында суюктуктун толуп калышы. Ушундан улам урук безинин калтасынын көлөмү чоңоюп, басканда, жыныстык катнашта, заара кылууда кыйынчылык жаралат. Суюктуктун өлчөмү бир нече миллиграммдан 1 литрге чейин же андан көп болушу ыктымал. Бул ооруну кыргыздар “суу калта” деп коюшат. Дарт урук безинин жаракатка кабылышы (мушташуу, жыгылуу, жол кырсыгы жана башкалардан улам), урук безинин жыныстык жактан жугуучу оорулардан улам сезгениши, жука чурайдагы бездердин сезгенишинен улам жаралат. Дарылабаса тукумсуздукка жеткирет.

Дартты дарылоодо операция жасалат. Бергман ыкмасы колдонулуп, суюктук чыгарылып, сезгенген кабыкчалар калыбына келтирилет.

ВАРИКОЦЕЛЕ

Бул эркектерде эң көп кездешчү дарт. Варикоцеле – урук безиндеги жана урук чыгуучу түтүкчөдөгү вена кан тамырларынын кеңейип кетиши, кан айлануунун бузулушу. Вена кеңейгенде урук безин кыса баштап, ал оорутат. Мунун терс таасиринен урук бези жакшы өспөй (өспүрүмдөрдө), иштебей, аягы жыныстык жактан алсыздыкка, тукумсуздукка алып келет. Негизги белгилери: урук безинин кичирейиши, урук бези калтасынын бир тарабынын салаңдап, чоюлуп калышы. Варикоцеле көбүнчө бир тарапта, болгондо да сол тарапта кездешет. 2 тараптуу варикоцеле аз жолугат.

Дарттын пайда болуу себептери: вена кан тамырларынын клапанынын жакшы иштебеши, кичи жамбаштагы же урук бези калтасындагы басымдын жогорулашы, аз кыймылдуулук, жыныстык органдардагы сезгенүү жана тукум куучулук.

Бул илдетти дарылоодо операция жасалып, Мармар ыкмасы колдонулуп, патологиялык вена кан тамырлары бирден кесилип, байланып чыгылат. Жыйынтыгында урук безинде, урук чыгуучу түтүкчөдө кан айлануу жакшырат.

УРУК БЕЗИНИН КИСТАСЫ

Бул дарт – урук безинде ичине суюктук толгон ыйлаакчанын пайда болушу. Көбүнчө залалсыз шишик сымал кездешет. Киста өскөн жер тоголок тартып, дөмпөйүп билинип турат. Дарылабаса тукумсуздукка жеткирет. Дарт урук безинин жаракатка же инфекциядан улам сезгенүүгө кабылышынан пайда болот. Дарылоодо операция ыкмасы колдонулуп, киста алынып салынат.

УРУК БЕЗИНИН БУРАЛЫП КАЛЫШЫ

Айрым эркектерде урук чыгуучу түтүкчө, аны менен кошо урук бези да буралып калган учурлар кездешет. Буралып калган жерден ары кан өтпөй калат да, ошол жер көгөрүп баштайт. Мындайда шашылыш, жок дегенде 1-7 сааттын ичинде операция жасалып, буралган жер, кандын агымы калыбына келтирилиши зарыл. Болбосо көгөргөн жер чирип баштайт. Бул дарт жаш балдарда көп учурайт. Адатта кескин кыймылдаганда жаралат, крипторхизм дарты да себепчи болот.

ФИМОЗ

Фимоз – баланын жыныс мүчөсүнүн терисинин оозу ичке бойдон калышы. Бала кичинекейинде бул көрүнүш табигый болуп эсептелет. Наристе 3 жашка чыккандан тартып тери кеңейип, жыныс мүчөнүн башы сыртка чыгат. Башкача айтканда, тери артка түрүлүүгө жарайт. Мындай учурда жыныс мүчөнүн башын жууп-тазалап турууга болот. Бирок айрым балдарда тери кеңейбей, жыныс мүчөнүн башы сыртка чыкпаган бойдон калат. Жыныстык мүчө иштеп чыгарып туруучу суюктук (смегма) жыныс мүчөнүн баш терисинин алдына топтоло берет. Бактериялар көбөйүп, жыныстык мүчөнү сезгентет. Заара кылуу кыйындап, ачышып оорутат. Мындай учурда жыныс мүчөсүнүн баш териси операциялык жол менен кесилип ачылат. Башкача айтканда, бала сүннөткө отургузулат.

ПРИАПИЗМ

Приапизм – жыныс мүчөнүн ичине кан толуп, чыңалып тургандан кийин кайра жатпай калышы, катуу оорутушу. Топтолгон кандын тарабай калышы. Мунун себептери – психикалык дарт, бел кубатты күчөтүүчү дарыларды нормадан ашыкча ичип алуу. Убагында операция жасалбаса жыныс мүчөдөгү уюган кандар чирип баштап, жыныс мүчөдөн кол жууп калуу коркунучу бар.

ЖЫНЫС МҮЧӨНҮН СЫНЫП КАЛЫШЫ

Мындай абал жыныстык жактан өтө активдүү кошулуу кезинде катталат. Туура эмес кыймылдан, башкача айтканда, эркектин жыныс мүчөсү аялдын жука чурай сөөгүнө катуу урунгандан болот. Эркектин жыныс мүчөсүнүн көңдөйчө бөлүгүнүн былжыр кабыкчасы же көңдөйчө бөлүк кошо сынып калат. Мындай учурда жыныстык мүчө шишип, көгөрөт, ичине кан толот. Операция жасалып, уюган кан тазаланат, жыныс мүчөнүн сынган жери калыбына келтирилет. Бейтап ооруканада 3-4 күн жатат. 1 айга чейин жыныстык катнашка барууга тыюу салынат.

УРУК БЕЗДЕРИНИН ЖАРАКАТТАРЫ

Урук бездери ар кандай кырдаалда жаракатка учурашы мүмкүн. Мисалы, топ тийип, ат тээп же унаа кырсыгынан улам. Эркектин 1 же 2 урук бези тең жаракатка учурашы мүмкүн. Жыйынтыгында урук бездин ичине кан уюп калат, урук бези жарылат же 2ге бөлүнүп кетет. Мындайда операция жасалат, уролог-хирургдар урук безин сактап калууга аракет кылышат. Эгер анын калыпка келиши мүмкүн эмес экени аныкталса, анда бездер алып салынат.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1035, 7-13-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан