ДАҢАЗАСЫНАН ТААРЫНЫЧЫ КӨП IV ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ

29-сентябрдан 2-октябрга чейин Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өттү. Анын өзгөчөлүгү, кемчилиги эмнеде болду? Көчмөндөр оюндарын көрүүгө жана катышууга барган мекендештер, спортчулар кандай маанайда кайтышты?

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан спорттун 14 түрүнөн катышып, жалпы 58 медаль (16 алтын, 17 күмүш, 25 коло) жеңди. Көк бөрү боюнча улуттук курам Казакстандын командасын 5:0 эсебинде утуп чемпион аталса, көкпар оюну боюнча улуттук команда 3:4 эсебинде жеңилүүгө дуушар болду. Кыргызстан жалпы командалык эсепте Түркиядан кийинки экинчи орунду ээледи. V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү эстафетасы Казакстанга берилди.

Аскат Акибаев, долбоордун автору: “Көчмөндөр оюндары Кыргызстандын бренди болуп калыш керек эле”

– Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары деген түшүнүктү биз киргиздик, уюштурууну да өзүбүз колго алып, каалаган нерсени жасай алдык. Ошон үчүн бул оюндар Кыргызстанда жакшы өткөн. Негизи эстафетаны Түркияга туура жол менен өткөрүп бериш керек болчу. Өткөрүп берүүдө “ушул оюндар сөзсүз калат, ушул эрежелер менен өтөт, кийинки оюндарды уюштурууга биздин уюштуруучу комитет сөзсүз катышат” деп долбоорго баарын так жазыш керек эле. Ошондо биз “Көчмөндөр оюндарынын өзөгүн түзгөн оюндар сакталып калсын, башкасын каалашыңарча кошо берсеңер болот деп” айтат элек да. Антип өткөрүп берген жокпуз, мындайда иш-чараны өткөрүп жаткан тарап өзү каалаганын кылат да. Эми көч бара-бара түзөлөр. Баарынын жаман тарабын гана көрө бербеш керек. Алар кандай болбосун уюштуруп беришти. Изник кыргыз үчүн ыйык шаар, Кыргыз баатырынын күмбөзү турган жерде оюндар өттү. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган өз сөзүндө Көчмөндөр оюндары Кыргызстандан старт алганын, эми башка өлкөлөрдө өтө баштаганын баса белгилеп кетти. Бул жакшы көрүнүш.

Бул долбоор Кыргызстанды дүйнөгө таанытууда жакшы иштеп берди. Негизи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын бренди болуп калыш керек болчу. Мисалы, Бразилияда Карнавал деген өздөрүнүн чоң фестивалы бар эмеспи. Биз ошондой чоң бренд түзүп келе жатканбыз. 2018-жылы эстафетаны өткөрүп берүү бийликтин чечими болду. Мындан ары бул долбоорду уюштурууга башка өлкөлөр дагы кызыкдар экенин билдирип жатышат. Биз дүйнө жүзүнө чоң долбоор бериптирбиз. Мындан ары уланып кете берет. Бирок өзөгүндө кыргыздын оюндары сактала турган кылып оңдоп алышыбыз керек. Буюрса, Кыргызстанда Көчмөндөр оюндарын уюштуруу боюнча атайын уюм түзүлгөнү жатат. Казакстан өткөрөрдө өз оюбузду айта алабыз деген ойдомун.

Рамис Жунусалиев, Көк бөрү федерациясынын вице-президенти: “Көк бөрүнүн өтүшүнө бут тосуулар болду”

– Бул жолу Көчмөндөр оюндары биз күткөндөй болгон жок. Түркияда дүйнөлүк деңгээлде абдан жакшы өтөт деп ойлогонбуз. Жаман өттү дебейм, орто деңгээлде өттү. Биз ошол жактан сураштырсак, уюштурууга мамлекет тараптан көңүл бурулбаптыр. Түркиянын ЖМКлары дээрлик чагылдырган деле жок. Көчмөндөр оюндарында негизги оюн катары саналып келген көк бөрүнү акыркы күндөрү гана расмий оюн катары каттаганы абдан өкүнүчтүү болду. Түркияга барганда деле бут тосуулар болду, көк бөрүнүн өтпөй калышына кызыкдар тараптар чыкты, ага карабастан оюндарды өткөрүп келдик. Тай казанда ойноо канчалык кызыктуу экенин элге көрсөтө алдык. Маданият жана спорт министри Азамат Жаманкуловго ыраазычылык билдирсек болот, акыр-аягына чейин чуркап жүрүп көк бөрүнү тизмеге коштурду (ред.: маек алынгандан көп өтпөй Азамат Жаманкулов кызматтан бошотулду). Тай казанды жасоо үчүн Кыргызстандан адистер барышкан, 3 күндүн ичинде жасалды. 2-3 күн мурун барып аттарды сүйлөшүп коюптур, ижара акысын күнүнө төлөп жатты. Акыркы күнү аттардын ижара акысы кымбаттады, Манас Ниязов минчү атты бербейбиз деп чыкканда Азамат мырза сатып алып берди. Ал атты жана тай казанды оюндар бүткөндө вандык кыргыздарга белек кылдык. Оюндан кийин уюштуруучулар “биз көк бөрүнү мындай элестеткен эмеспиз, бизге туура эмес маалымат берилип калыптыр. Көк бөрү мындай кызыктуу оюн экенин билгенибизде көкпарды расмий оюн катары каттабайт элек” дешиптир. Мындан ары эл аралык оюндарда Түркиядан дагы бир көк бөрү командасы келет деген ишеничибиз бар. Көк бөрүгө Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия командалары катышты. Ооганстан, Венгрия аттардын жоктугуна байланыштуу катыша албай калды.

Ширин Таалайбек кызы, турист: “Жарманкеде жүргөндөй эле болдум”

– Мен Түркияга атайын Көчмөндөр оюндарын көрүү үчүн баргам. Туристтерди аэропорттон Изникке алып барууга эч кандай транспорт уюштурулбаптыр. Кыргызстанда атайын автобустар даярдалган эле. Оюндар өтүп жаткан жерде көрүүчүлөр үчүн орун өтө аз болду. Мисалы, күрөш болуп жаткан аянттар өтө тар экен, көрүүчү эмес, спортчулар менен машыктыруучулар батпай жатты. Түркия бул долбоордун масштабын түшүнгөн эмеспи, айтор, той өткөрүп жаткандай эле таасир калтырды. Чоң мамлекет болгондон кийин бийик деңгээлде өтөт деп элестеткем. Көптөн бери күткөн үмүтүм акталган жок. Ачылыш аземине аз эле киши кирди. Билет алып ишенимдүү баралы десек, билет да сатылган жок. Миңдеген кишилер ачылыш аземине кире албай калышты. Ошол жерде канчалаган адам кирбей калганына ызаланып ыйлап жүрдү. Биз ошол аземдерди көрөлү деп бардык да. Ачылыш, жабылуу аземине Кыргызстанда билеттер сатылган. Тосмолор өтө көп орнотулуптур, улам-улам текшерип жатышты. “Фотоаппартыңа сүрөт тартпа” деп тыюу салган кызыктай учурларга дуушар болдум. Дүйнөлүк иш-чарада эмес, жарменкеде жүргөндөй эле сездим өзүмдү.

Асел Садырова, жаачы: “Түркиянын маданиятын көрөбүз го дегем”

– Көчмөндөр оюндарында жеке жаа атуу боюнча 3-орунду алдым. Оюндар өтүп жаткан арена жеңил конструкциядан шашылыш салынганы билинди. Ачылыш аземи тууралуу спортчуларга жеткиликтүү маалымат берилген жок. Параддан өтүшүбүз керек деп посттордон суранып жатып өзүбүз араң кирдик. Параддан өтүп жатканда кумда басуу өтө кыйын болду. Чоң мамлекетте кумда басабыз деп күткөн эмесмин. Ачылыш аземинде Түркиянын маданиятын көрөбүз го деп ойлогом, сахадан кыргыздарды эле көрүп жаттым. Түркияда өттү дегени эле болбосо, кыргыздар артыкчылык кылды. Спортчулар атайын вагондордон курулган шаарчада, 1 вагондо 6дан спортчу жайгаштык. Бизде өткөндө спортчулар Ысык-Көлдөгү мейманканаларга жайгаштырылган.

Жаа атуу түрк эрежеси менен өттү. Аянтчаны жакшы, ыңгайлуу жасашыптыр. Бул жагы жакшы, бирок электрондук таблонун иштебегени жаман болду. Калыстын ышкырыгын күтүп, убакыттан уттурдук. ЖМКлардын тартуусуна тыюу салынды, бизди бир жолу тартышты эле, “силерди тарта турган болсо, упайыңарды кемитебиз” деп сары эскертүү кагазын беришти. Бир өзгөчөлүгү – балдарга кызыктуу аянтчалар курулуптур. Бизде уюштурулганда балдар эске алынган эмес эле. Байгелер биздегиден жакшыраак болду, 2016-жылы 3-орун үчүн 50 миң сом, 2018-жылы 1-орун үчүн 50 миң сом алгам. Бул ирет 1-орунга 35 миң лира (151 380 сом), 3-орунга 20 миң лира (86 502 сом) берилди. Медалдар абдан кичинекей, алтын, күмүшү айырмасы жок, 1, 2, 3 деп да жазылбаганы баарыбызды нес кылды. Грамота да берилген жок. Бизде медалдар абдан мыкты композицияда жасалган эле.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1035, 7-13-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан