АШПОЗЧУДАН ТАМШАНТКАН САЛАТТАР

Алдыда конок тосууну пландап, кандай салаттарды жасап аларды тамшантсам экен деп ойлонуп жатасызбы? Бул сапар биз ашпозчунун өзүнөн сиздерге сонун рецепттерди сунуштайлы дедик. “Зайтун” кулинардык студиясынын директору, ашпозчу Канимет Жеңишов даамдуу, өзгөчө салаттын рецепттери менен бөлүштү.

СЁМГА МЕНЕН АВОКАДОДОН САЛАТ

Керектелүүчү азыктар (4 порция үчүн):

Аз туздалган сёмга сулп эти – 400 грамм

Авокадо – 2 даана

Черри помидору – 300 грамм

Быштактуу сыр – 200 грамм

Зыгыр дандары – 100 грамм

Руккола, салат жалбырагы – 100 грамм

Песто соусу үчүн:

Базилик – 100 грамм

Кедр жаңгагы – 60 грамм

Пармезан сыры – 50 грамм

Сарымсак – 4 тишче

Зайтун майы – 150 миллилитр

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

  1. Соуска керектүү азыктарды блендерге салып эзип даярдап алабыз.
  2. Сёмга этин жука узун тилимдерге тилебиз да, аны роза сымал ороп чыгабыз.
  3. Быштактуу сырды чай кашык менен аздан алып, зыгыр дандарына салып тоголотуп ага чулгап алуу керек.
  4. Авокадону кабыгынан тазалап, төрт чарчы туурайбыз. Черри помидорун төрткө бөлөбүз.
  5. Тарелкаларга рукколаны бөлүп салып, сёмганы, авокадону, черри помидорун жана тоголок быштактуу сырды жайгаштырып, үстүнө песто соусунан тегиз куюп чыгабыз. Тамшанткан салатыбыз даяр!



ЭТТҮҮ ЫСЫК САЛАТ

Керектелүүчү азыктар (5 порция үчүн):

Уйдун сулп эти – 600 грамм

Руккола, айсберг, шпинат, салат жалбырактары – 100 граммдан

Черри помидору – 15 даана

Кууруу үчүн өсүмдүк майы – 50 миллилитр

Маринад үчүн:

Жумуртка сарысы – 4 даана

Крахмал – 4-5 чай кашык

Соя соусу – 50 миллилитр

Туз, мурч – татымына жараша

Соусу үчүн:

Зайтун майы – 80 миллилитр

Лимон ширеси – 3 аш кашык

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

  1. Зайтун майы менен лимон ширесин кошуп, туз, мурч татытабыз.
    Сулп этти чоңураак жука кесип чыгабыз. Бир идишке салып, маринад үчүн керектелүүчү азыктарды кошуп аралаштырабыз. Жумуртканын сарысы гана кошулат. Эгер бар болсо кытай уксусунан 2-3 аш кашык кошуп коюу салаттын даамын арттырат.
  2. Ысып турган көмөч казанга май куюп, 2-3 бөлүккө бөлүп этти соусу менен кошо салып 15 мүнөттөй кууруп алабыз. Улам аралаштырып туруу керек.
  3. Салат жалбырактарын кол менен 2-3кө бөлүп, соусту куюп аралаштырабыз.
  4. Тарелкаларга этти айланта салып, ортосуна салат жалбырактарын салабыз. Черри помидорлорун тең экиге бөлүп, ар кайсы жерине тизип, дасторконго ысык кезинде коюу керек.



ТҮСТҮҮ САЛАТ

Керектелүүчү азыктар (5-6 порция үчүн):

Кызылча – 1 килограмм

Апельсин – 400 грамм

Фета сыры – 250 грамм

Салат жалбырагы – 200 грамм

Руккола – 100 грамм

Соусу үчүн:

Лимон ширеси – 2 аш кашык

Зайтун майы – 50 миллилитр

Тоголок горчица – 25 грамм

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

  1. Кызылчаны жууп, кургатып алабыз да, фольгага буу чыкпагыдай ороп, 180 градуста ысып турган электр мешине салабыз. Кызылча кичине-чоңуна жараша 40 мүнөттөн 1 саатка чейин бышат. Чыгарып муздатып, кабыгынан тазалап, ичке чоңураак бөлүктөргө бөлөбүз.
  2. Апельсинди кабыгынан тазалап, бөлүктөрүнөн ажыратабыз. Эгер чоң болсо узатасынан 2-3кө бөлүп жибериңиз.
  3. Фета сырын төрт чарчы туурайбыз.
  4. Соуска керектүү азыктарды бир идишке аралаштырып алабыз. Соустун тузун татып көрүү керек.
  5. Салат салынуучу тарелкаларга салат жалбырагы менен рукколаны бөлүп салып, үстүнө алгач кызылча кесимдерин салып, соңунан фета сырын, анан апельсин кесимдерин тизебиз. Үстүнөн соусту бардык жагына жеткире тегиз куюп чыгабыз. Түстүү, даамдуу салатыбыз даяр!


КЫЧКЫЛ- ТАТТУУ САЛАТ

Керектелүүчү азыктар (5 порция үчүн):

Уйдун сулп эти – 400 грамм

Черри помидору – 300 грамм

Баклажан – 4 даана

Крахмал – 250 грамм

Семичке, күнжүт – 100 грамм

Өсүмдүк майы – 500 миллилитр

Устрица соусу – 30 миллилитр

Кычкыл-таттуу соус – 100 миллилитр

Кинза – 1 боо

Даярдоо ыкмасы:

  1. Баклажандын кабыгын аарчып, кыска таякча сымал туурап, кычкыл-таттуу соустун жарымы менен устрица соусун куюп 15 мүнөткө маринаддап коёбуз. Устрица соусун бардык эле тамак-аш дүкөндөрүнөн 100-150 сомго ала аласыз.
  2. Маринаддалган баклажанды крахмалга оонатып, боорсок сымал ысып турган майга салып кызартып чыгарабыз.
  3. Этти кичирээк жука кесимдерге кесип алабыз. Көмөч казанга өсүмдүк майынан 30 миллилитр куюп, ысыганда этти салып 15 мүнөт кууруйбуз. Үстүнө баклажанды кошуп, калган кычкыл-таттуу соусту куюп 2-3 мүнөт кууруйбуз. Даяр болгондо тарелкаларга салабыз.
  4. Черри помидорлорун 3-4кө бөлүп салаттын үстүнө тизебиз. Үстүнө кинза жалбырактарын, семичке, күнжүт себелеп коёбуз.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1035, 7-13-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан