Сузак районунун тургуну: “КЫЗЫМДЫ ЗОРДУКТАГАН ЖИГИТ ЭРКИНДИКТЕ ЖҮРӨТ”

Каарманыбыз Сузак районунун тургуну Небуватхон Рафикова кызы 14 жашында зордукталып, аны зордуктаган жигит “кызыңызга үйлөнөм” деп алдап чет өлкөгө качып кеткенин айтат. “Чырактай кызымдын тагдырын талкалады, качып-бозуп жүргөн ал жигитти эми аябайм, кылган кылмышы үчүн жоопкерчиликке тартылсын” дейт ал.

“Бирөөгө айтсаң абийириңди ачам деп коркутуп жүргөн”

– 2019-жылы 14 жаштагы кызым курбулары менен мектепке баратса бир бала жолдон унаасын токтотуп, “мен таксистмин, отургула жеткирип коём” дейт. Ошондо кыздардын баары менен таанышып, менин кызымдын да телефон номерин алган экен. Ошондон кийин күндө чалып, мектепке жеткирип, жаш кыздын башын айлантып жүрүптүр. Ал жигит анда 18 жашта болчу. Бир күнү кызымды ээн талаага алып барып мажбурлап зордуктаптыр. Бирөө-жарымга айтсаң элге шермендеңди чыгарам деп коркутуптур. Бизде салт катуу да, кызым ата-энеме айтсам атам өлтүрүп коёт, агам үйдөн кууп чыгат деп коркуп айтпай жүрө берген. Кылмышкер коркутуу жолу менен көп жолу кызым менен жыныстык катнашка барган. Биз баарын 2021-жылы кызым кош бойлуу болуп калганда билдик. Ызы-чуу кылып дароо жигиттин ата-энесине чалдым. Алар “милицияга арыз жазбай туруңуз, чоң той кылып уулубузду кызыңызга үйлөндүрөбүз” дешти. 2 ай күттүм, ата-энесинен дайын жок. Кайра чалдым, энеси кайра атырылып “кызыңды тарбиялап албайт белең кыйын болсоң” деп күнөөнү мага оодарды. Ушинтип жигиттин ата-энеси менен чырдашып жүргөнүбүздө жигит үйгө келип “боюңдагыны түшүрөсүң” деп кызымды бир дарыларды ичүүгө мажбурлаптыр. Кызым ыйлап ичпей коюптур. Мен ошондо Сузак РИИБине арыз жаздым. Ата-энеси кайра алдыма келип кечирим сурап, “сизди элдин уятынан куткарабыз, курсактагы баланы кабыл алабыз, той беребиз” деп жалдырашты. Ошондо жыныстык мамиле экөөбүздүн каалообуз менен болгон деп кызым көрсөтмөсүн өзгөрттү. Жигитти милициядан куткардык.

“Алданып жүргөнүбүздү кеч түшүндүм”

– Күйөөм көп жылдан бери Орусияда жашайт. Мен 9-классты эле бүткөм, мыйзамды деле жакшы билбейм. Жигиттин ата-энеси “чоң той берип үйлөнтөбүз, неберебиз үчүн жашап кетет балабыз” десе ишениптирмин да. Кызым элге уят болбой турмушка аттанып кетсин, баласы үчүн чогуу жашап кетишсин дегем. Алардын арам ою бар экенин кайдан билейин. Кызым көрсөтмөсүн өзгөртүп жигитти жазадан куткаргандан кийин экөө 15 күндөй батирде чогуу жашашты. Кызым көз жарайын деп турганда тиги жигит Сауд Арабиясына качып кеткенин билдик. 2021-жылы октябрда кызым төрөдү, төрөтканадагылар өспүрүм кыз төрөдү деп дароо милицияга чалып коюшуптур, дагы териштирүү башталды. Жигиттин ата-энеси төрөтканадан чыгарып “кыркы чыккыча сиздикинде болуп турсун, балабыз келсе эле алып кетебиз” деп сөз беришкен. Дагы ишендим. Милицияга “жараштык” деп койдум. Көп өтпөй жигит кызыма чалып “сенин апаң бардык документтерге кол коюп бериптир, болду, сени менен мындан ары маселем жок, сага үйлөнбөйм, мени күтпө” дептир. Булар убакытты созуп бизди алдап жүргөнүн кеч түшүндүм.

Азыр кызым 17 жашта, чиедей неберем менен менин колумду карап жашайт. Күндө ыйлайт, жүрөгү сыгылып бүттү. Жакында кылмыш ишин козгоп бергиле деп облустук сотко арыз жаздым. Кызымдын намысын тебелегени аз келгенсип, шылдыңдап, кылган ишине маашырланып отурган адамдарга мыйзам иштөөсүн талап кылам.

Элдор Абакиров, адвокат: “Укук коргоо органдары да мыйзам бузушкан”

– Бул иште мен Сузак РИИБинин тергөөчүсүнүн жоругуна таң калдым. Тергөөчү өз унаасына жигиттин атасын салып алып кыздын апасынын үйүнө барып документтерге кол койдуруп келген. “Шашып жатам” деген шылтоо менен ага окутпай эле толтура документтерге кол койдуруп алган. Тергөөчү жабырлануучунун үйүнө барып документтерге кол койдурганын өзү да сотто айтып берди. Ал жакта тосмо арыз, сотко чейинки өндүрүштү токтотуу боюнча токтомдун көчүрмөсү болгон, бардык документтер арткы дата менен толтурулган. Бул жерде кыздын энесинин сабатсыздыгын колдонуп юридикалык куулукка барышкан. Мисалы, кыз алгач 2019-жылы октябрь айында зордукталганын айткан. Жарашкандан кийин 2021-жылы “10-январда өз каалообуз менен жакындык болгон” деп көрсөтмөсүн өзгөртүптүр. 2021-жылы 7-январда кыз 16 жашка толгонун эске алсак, анда жигит эски Кодекс боюнча “Өспүрүм менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоо” беренесин буйтап өтүп жатат. Ал берене боюнча күнөөлүү тарап 8 жылдан 10 жылга чейин соттолмок. Кыздын бойго жеткен курагына чейин созуп жүрүшүп эми каалаганыңарды кылгыла деп жатпайбы. Кыздын апасы тергөөчүгө келсе “иш жабылды, бардык документтерге өзүң кол коюп бергенсиң” деп кетирип жибериптир. Кийин Сузак райондук сотуна кайрылган, алар да тергөөчүнүн баш тартуусун мыйзамдуу деп табышкан. Рафикова кызы экөө укук коргоочулар менен кылмышка шектүүнүн ата-энесинин капканына түшүп калганын айтып да ынандыра алган эмес. Биз аппеляциялык арыз жазып иштин кайра тергелүүсүн талап кылганбыз. Бүгүн (5-октябрь) сот Сузак РИИБинин ишти кыскартканын жокко чыгарып, кайра тергөөгө жиберди. Тергөө иши адилеттүү жүрүп, күнөөлүүлөрдү аныктап жоопкерчиликке тартабыз деп ойлойм.

Cузак РИИБи: “Кыз өз каалоосу менен жыныстык катнашка барганын айткан”

– 2021-жылдын 11-октябрь күнү Сузак районунун 2005-жылы туулган жашы жете элек тургуну Жалал-Абад облустук төрөт үйүндө эркек бала төрөгөнү белгилүү болгон. Аталган факт боюнча Сузак РИИБи сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган. Иш боюнча 2005-жылы туулган С.Р. өз көрсөтмөсүндө 2021-жылдын 10-январь күнү сүйлөшүп жүргөн жигити Р. у. А. аттуу бала менен өз каалоосу менен өзүнүн үйүндө жыныстык катнашка барганын, ошол күнү кыздык белгиси бузулгандыгын айтып, жигитке эч кандай доосу жок экенин билдирген. Күбө катары суралган кыздын апасы Небуватхон Рафикова кызынын кош бойлуу экенин курсагы чоңоюп калганда билгенин, аны эч ким зордуктабаганын айткан, жана Р. у. А. аттуу жаранга эч кандай доосу жок экенин, анын үстүнөн арыз жазуудан баш тартып сотко чейинки өндүрүш ишин кыскартып берүүнү суранган. Жигиттин атасы да суралып, ал уулу Сауд Арабиясы мамлекетинин Медина шаарына окууга кеткендигин айткан.

2021-жылдын 31-октябрь күнү Сузак РИИБинин тергөө кызматы тарабынан конституциянын 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун эске алуу менен иши өндүрүштөн кыскартылган.

Андан соң 2022-жылдын 22-апрелинде өспүрүм кыздын апасы Небуватхон Рафикова тергөөчүнүн чечимин жокко чыгарып берүү жөнүндө Сузак райондук сотуна кайрылган. Райондук сот доосун канааттандыруусуз калтырган. Учурда кыздын апасынын доо арызы Жалал-Абад облустук сотунда каралып жаткандыгын маалымдайбыз.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1035, 7-13-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан