– Мен анда буралган узун чачтуу, кымча бел, чырайы чыккан 20 жаштагы кыз элем. Үйдүн эркеси болуп өскөм. Атам мамлекеттик жакшы кызматтарда иштеп, бизди акчадан өксүк кылган жок, эл кийбегенди кийип, эл ичпегенди ичип жакшы жашадык. Кыйынчылык атам ооруп калганда башталды, ал узакка ооруп, дарылатуу үчүн болгон каражатыбызды жумшадык. Бирок сактап кала алган жокпуз. Апам экөөбүздүн тең эч кандай акча тапчу булагыбыз жок эле. Атамдын акчасын чачканды гана билчүбүз. Атамдын көзү өткөндөн кийин акчанын да, жакшы жашоонун да кадырын билдик. Жакшы жашоого жедеп көнүп бүтүптүрбүз. Акчабыз жок үй кызматчыларыбыз баары жумуштан кетти. Алар кеткенден кийин үй жыйнап, тамак жасоо да биз үчүн оор болду. Апам четинен алтындарын сатып баштады. Мен жумуш издеп жүрдүм, бирок иштеп кете албадым. Ушул учурда биздин абалыбызды сурап үйгө атамдын кызматташтарынан бирөө дайыма келип, акчадан жардамдашып жатты. Мен муну атам үчүн келип жатат деп ойлогом, бирок мени көздөп келип жүргөнүн кийин билдим. Бир күнү адаттагыдай жумуш издеп жүрсөм апам “тез кел” деп чакырып калды. Жүрөгүм ооруп жатат деп жүргөн, коркуп жетип келдим.
– Апа, эмне болуп кетти?- бөлмөгө шашып кирдим.
– Кел, отур, мен сага атайын пирог жасадым,- деп өтө жайдары тосуп алды. Эзели ашканада иш кылбаган апама таң калып турдум.
– Кызым, сен акылдуу кызсың. Мен деле сени турмушта кыйналбасын дейм...- деп эле сөздү узартып бир нерсени айта албай жатты.
– Апа, эмне деп эле жатасыз, айта турганыңызды так айтыңызчы.
– Кызым, Аскат...
– Эмне Аскат байке акчасын сурап жатабы?- карызын сурап жаткан экен деп ойлодум.
– Жок, сени сурап жатат.
– Эмне?!- нес болуп калдым.
– Кызым, Аскат жаманбы? Бойдок, билимдүү, бизди камкордукка алып келе жатат. Ага тийсең кыйналбай жашайсың дегеним да.
– Биринчиден, ал менден канча жаш улуу экенин билесизби? Экинчиден, ал бир аял кетирген,- кыйкырып эшикке чыгып кеттим.
– Аял кетирсе эмне экен?- деген апамдын үнүн чала-була уктум.
Ал күнү мен үйгө келбей, курбумдукунда түнөдүм. Апам кан басымы көтөрүлүп, эртеси ооруканага түшүп калды. Акча керек болду, айла жок Аскатка чалдым. Ал дароо жетип келди, апам ооруканадан чыкканча менин жанымда жүрдү. Анын бул кадамдары жүрөгүмдү жылытты. Аялзаты кыйын учурда башын жөлөй турган адам издээрин түшүндүм. Ал мени байма-бай тамактанууга чакырып, кайда жүрбөйүн кабар алып, үйгө жеткирип жүрдү. Баягы чалкамдан кетип жаткан мен бул камкордукка көнө түштүм. Акыры анын үй-бүлө куруу сунушуна макул болдум. Ошентип өзүмдөн туура 21 жаш улуу Аскатка турмушка чыктым. Ооба, апам айткандай, акчадан, жашоо-турмуштан кыйналган жокмун. Баары бар, саякат десем саякатка чыгабыз, айтор, ал менин оюм менен болот. Ага болгон сезидерим барбы-жокпу, эсептешкен жокмун. Бирок бул күндөр да өттү. Жан дүйнөм аңтарылып, ар дайым бир боштукту сезип жашай баштадым. Ажырашуу тууралуу ойлондум, бирок бул учурда кош бойлуу болуп калган элем. Апама ичимдегинин баарын айттым. Ал “кайда барып, кантип жашайт элең, бул жөн эле кош бойлуулуктун чыргоолугу” деп урушуп койду. Ошентип кызым төрөлдү. Бирок мендеги боштук ошол бойдон калды. Аскатты жаныма жакын жолотмок тургай, көргүм келбей канча кыйналдым? Акыры муздак жашоодо жашаганга моюн сундум. Байлык эле бардык бөксөнү толтурчудай сезилчү, бирок мен байлыктан бакыт таба алган жокмун...
Батма