ХАН ХЁ ЖУ

Силердин курбулардын арасында деле “ушу сен кыйынсың” дегенге татыктуу бирөө болобу? Колунан баары келет тим эле, саймачы, тикмечи, жумушка да, үйгө да, дагы толгон-токой нерсеге жетишет. Бүгүнкү каарманыбыз дал ошондой курбуларынан дайыма мактоо уккан кыз. Хан Хё Жуну дүйнө эли таланттуу актриса, модель деп тааныйт. Ал эми курбулары аны уз дешет, анткени Хё Жу досторуна өз колу менен жасаган аксессуарларды, буюм-тайымдарды белекке берип кубантып турат. Хё Жуда дагы кандай таланттар бар? Аны макаладан окуңуз.

Туулган жери: Түштүк Корея, Чонжу

Туулган жылы: 1987-жыл, 22-февраль

Жылдыз белгиси: балык

Бою: 172 сантиметр

Кесиби: актриса, модель

Тартылган белгилүү сериалдары: “Асман менен жер”, “Улуу мурас”, “W: Эки дүйнө ортосунда”, “Тредстоун”, “Бакыт” жана башка

Тасмалары: “Маскарад”, “Муздак көздөр”, “Сулуулук жан дүйнөңдө”, “Сен гана”, “Каракчылар-2” жана башка

Черткен музыкалык аспаптары: пианино, гитара

ЭКСПЕРИМЕНТТЕН КОРКПОЙТ

Карьерасындагы ачылыш, башкача айтканда, Кореяга эле эмес, көптөгөн өлкөлөргө таанылуу бактысы “Улуу мурас” сериалынан кийин башталган. “W: Эки дүйнө ортосунда”, “Бакыт” дорамаларын кыргыз көрөрмандары да кызыгуу менен көрүштү. Эки сериал тең фантастика жанрында. Биринчи сериалга Кореянын дагы бир жылдызы, актёр Ли Чон Сок менен тартылган. Ал эми “Бакыт” дорамасы 2021-жылы чыгып, зомби-апокалипсис темасында болду. Кореянын кино прокатында миллиондогон акчаларды алып келген Хё Жу тартылган тасмаларды көргүңүз келсе, анкетасына жазып койдук, бирден терип көрө бериңиз, өкүнбөйсүз.

“Кинодо карьерам башталгандан бери 1 дагы жыл эс ала элекмин. Бир калыптагы ролдорду аткара берген ар бир эле актёр-актриса бир күнү эргүүсүн жоготуп, “чыгармачылык күйүп кетүүгө” кабылат. Ошондуктан түрдүү жанрдагы тасмаларды, окшош эмес образдарды тандаганга аракет кылам”,- деген актриса ондогон тасма-сериалдарга тартылып, Түштүк Кореядагы кино жаатында берилчү сыйлыктардын дээрлик баарын алып койгон. Жакында актриса башкы ролдогу “Кыймылда” дорамасы экранга чыгат деп күтүлүүдө.

АТАСЫНЫН ӨЖӨР КЫЗЫ

Эртең менен көп учурда мурдум канап же чекем томпоюп ойгоном. Анткени уктап жатканда керебеттен кулай берем”,- деген тамашакөй актриса кичинекейинде эле активдүү болчу. Мектепке чейинки курагында энергиясы ашып-ташкан кызын ата-энеси спорт секциясына беришкен. Жеңил атлетикага кызыккан кыз профессионалдык деңгээлде чуркаганды үйрөндү. Атасы Түштүк Кореянын Аскердик аба күчтөрүнүн офицери, апасы мектепте мугалим болуп эмгектенчү. Актрисалыкты олуттуу кесип деп эсептебеген атасы караманча-каршы болсо да Хё Жу мектепти аяктагандан кийин Донгук университетинин театр жана кино бөлүмүнө документ тапшырып салган. “Өжөрлүгүм атамдан өткөн. Оюмду өзгөртө албасын билгенде унчукпай калды. Менин мындай экениме өзү күнөөлүү” деп күлөт кызы.

Мектепте окуп жүргөндө кошумча моделдик мектепке да тапшырып алган эле. Андыктан Хё Жунун карьерасы алгач модель болуудан башталган. 2003-жылы ал бир телеканал уюштурган сулуулар сынагына катышып калат. Сынактын 2-3 сериясы экранга чыккандан кийин эле анын туруктуу күйөрмандары пайда болуп, телеканалга кызды колдогон чалуулар, билдирүүлөр көбөйөт. Баарын байкап турган продюсерлер мындай мүмкүнчүлүктү коё бермек беле, кызды дароо кино тармагына чакырышкан.

ҮЙ-БҮЛӨСҮНӨ КАРАМДУУ

Актрисалык дебютунда тапкан акчасына биринчи эле апасына унаа алып берген Хё Жу үй-бүлөсүнө бардык тараптан каралашып турат. Кыздын биографиясында үй-бүлөсүнө байланыштуу ызы-чуусу да бар. Инисине аскер кызматын өтөп жүргөндө башка аскерди шылдыңдап, өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирген деп күнөө коюлган. Натыйжада Хё Жу менен иштешкен бир нече компаниялар жарнамалык келишимден баш тартышкан. Муну окуп Түштүк Кореядагы мыйзамдын чындап иштегенине башыңды ийип таазим кыласың. Кылмыш кылган бир эле адам эмес, анын үй-бүлө мүчөлөрү да коом алдында жоопкерчиликке тартылышат. Андыктан ар бир адам тартип-тарбиясына кичинесинен олуттуу көңүл бурушат.

35 жаштагы актриса жеке жашоосун камерадан алыс кармайт. Түрдүү имиштер айтылганы менен, расмий “мына ушул жигитим же күйөөм” деген маалымат жок. Кыз бойдокчулуктун доорун сүрүп жүрөт. Хё Жу ырчы, акындык да өнөрү бар. Анын үнүн бир нече тасманын саундтрегинен уксаңыз болот.

ХЁ ЖУГА БАГЫНГАН ГОЛЛИВУД, ЯПОНИЯ

“Актрисалыкты жаныдан баштаганымда Голливуд киносуна тартылсам деп кыялдандым эле. Ал кыялым ишке ашты”,- дейт Хё Жу. Америкалыктардын ЦРУнун агенти Жейсон Борнго арналган бир нече бөлүмдөн турган тасмаларын көрсөңүз керек (“Жейсон Борн”, “Борнду идентификациялоо”, “Борндун үстөмдүгү”, “Борндун ультиматуму”, “Борндун эволюциясы”). Боевик жанрындагы бул тасмаларды айрыкча мырзалар жакшы көрүшөт. 2019-жылы Жейсон Борн жөнүндө “Тредстоун” деп аталган сериал тартылган. Хё Жунун карьерасына көз салып жүргөн адам аны дал ошол “Тредстоун” сериалынан да көрдү. Түндүк Кореялык агенттин ролун аткарган ал Голлувид жөнүндө: “Негизи тартуу иштери биздегидей эле жүрөт экен. Болгону ар бир сериянын режиссёру ар башка болду. Биринин иштөө стилине эми көнүп келе жатканда эле алмашып кетип, кайра баштан көнүшүп жаттык. Жеңил жагы – мени ал жакта эч ким тааныбайт да, андыктан менден эмне күтөрүн билишкен жок. Трюктарды жакшы аткарып, мушташканымды көргөндө “спорттук даярдыгың аябай жакшы экен” деп жатышты. Сүйүнүп калдым, биринчи көрсө да эмгегиме баа беришкенине. Күнү-түнү курал-жарактарды колдонгонду, каскадёрлук трюктарды, мушташканды үйрөнүп жаттым. Өзүм деле кичинемден спорт менен жанаша жүрүп, жакшы эле даярдыкта болчумун. Бирок “Тредстоунго” тартылгандан кийин кадимкидей булчуңдарым чыгып калды. Тасма тартылып бүтсө да азыр жумасына 2-3 жолу уруш өнөрлөрүн же бокско барып машыгып турган адат таптым. Андан кийин эле Кореяда “Каракчылар-2” тасмасына тартылдым да. Ал да боевик жанрындагы тасма болгондуктан, мушташкандан сырткары кылыч менен чабышканды үйрөнгөнгө туура келди”,- деген кызга Япония да кызыккан. Жаңычылдыкка дайым даяр Хё Жу япондор менен да ийгиликтүү иштешип келди.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1035, 7-13-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан