БУТ-КОЛ ЭМНЕГЕ МУЗДАЙТ?

Кээ бир адамдардын буту-колу жай-кыш дебей муздап жүрөт. Мунун себеби эмнеде? Кандай көмөк көрсөтүү керектигин билүү үчүн Бишкектеги “Тез жардам” медициналык борборунун терапевти Элнура Валижан кызына кайрылдык.

Бут-кол жайкысын да такай муздап жатса, демек, ал адамда кан айлануу жакшы жүрбөй жатканы. Муздашына төмөнкүлөр негизги себепчи:

  • Жүрөк оорулары
  • Кант диабети
  • Кан тамыр оорулары
  • Кан басымдын төмөн же жогору болушу
  • Варикоз
  • Богок оорусу
  • Темир жетишсиз болгон анемия
  • Муун оорулары
  • Такай отуруп же туруп иштөө
  • Физикалык активдүүлүктүн аздыгы

Жогоруда келтирилген себептердин натыйжасында организмдеги кан жай айланып, энергия аз бөлүнүп чыгат да, кол-бутка жылуулук жетпейт. Кан айлануу жай жүргөндө дене эле муздабастан, организмдеги башка процесстер да жайлайт. Колу-буту муздап жүргөн адамдар көп басып, көнүгүүлөрдү жасап, колу-бутка массаж жасап, бутту 33-40 градус жылуулуктагы сууга 5-10 мүнөт салып турса болот. Ысыгыраак сууга 2-3 мүнөт салып, кайра жылуу сууга 2-3 мүнөт салуу колу-бутту жылытуунун натыйжалуу ыкмасы, муну 3-4 жолу кайталайбыз. Кийинкилеринде жылуу сууну мээлүүн сууга алмаштырабыз.

Күн сууктаганда кол-бут жылыбай жатканына санаа тартуунун кереги жок. Эгер жай чилдеде деле муздап жылыбай жатса эң жакшысы терапевтке көрүнүп, себебин аныктоо керек. Суроо-жооп жана текшерүү менен себебин билип, ошого жараша көмөк көрсөтүшөт.

Буттун муздашына кыскан же чоң бут кийим, туура эмес тамактануу да себепчи болот. Газдалган суусундуктар, кофе денени муздатат. Бут муздап жатса байпактын бошураагын, бутуңузга чак бут кийим кийип, туура тамактануу кажет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1035, 7-13-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан