ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 17-октябрдан 23-октябрга чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Кандайдыр бир иштен натыйжа чыгаруу үчүн күнүмдүк иштерди жаңыча карап чыгып, күн тартибине өзгөртүү киргизүү зарыл экенин түшүнөсүз. Жумушуңуз көп убактыңызды алып, достор менен баарлашуу, үй-бүлө менен эс алуу сыяктуу көңүл ачууларды кыскартканга туура келет. Тайманбас жана чечкиндүү кадамдарды жасоого убакыт келди. Башкалардын сынынан максималдуу пайда алып, өзүңүз үчүн керектүү жыйынтык чыгарыңыз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Сүйүктүүңүздүн колун сурап же анын ата-энеси менен сүйлөшсөңүз болот. Үй-бүлөңүз менен каржы маселесинде талашып-тартышуулар орун алышы күтүлөт. Жакындарыңыз сиздин акча табуу жөндөмдүүлүгүңүздөн шек санап “аз таап жатасың” деген кине коюшу мүмкүн. Маанилүү жумуштарды иш күндөрү бүтүрүп, эс алуу күндөрү театрга же концертке барып жан дүйнөңүздү азыктандырыңыз. Аптадагы ар бир окуя, жолугушуу келечек үчүн маанилүү.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Аптада үй-бүлөлүк жашоого, үйдү жакшыртууга көңүл бурулат. Бирок бул аракетиңиз айрым үй-бүлө мүчөлөрүнө жакпай, ортодо келишпестиктер болушу мүмкүн. Мисалы, бөлмөлөрдү өзүңүздүн табитиңизге жараша кооздоп, иретке келтирүү каалооңуз жакындардын пикирине каршы келет. Материалдык абалыңыз жакшырып, үйүңүзгө тиричилик буюмдарын сатып аласыз. Сүйүү мамилесинде кызганычка орун бербеңиз. Кыйынчылыкты сабырдуулук менен гана жеңесиз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Баарлашууга болгон муктаждык күчөйт, досторуңуздан жана тааныштарыңыздан акыркы жаңылыктарды билүү, ошондой эле жашооңузда болуп өткөн окуялар тууралуу сүйлөшүү сиз үчүн кызыктуу болот. Позитивдүү, кубанычтуу учурлар көп болот. Мисалы, сүйүүсүн билдирүү, романтикалык мамиленин өөрчүшү, сүйүктүүңүз менен жолугушуу аптада болгон бардык жагымсыз сезимдерди жууп кетет. Олуттуу иштерди баштабай турганыңыз оң.


АРСТАН (23.07-23.08)

Аптада сизди материалдык жыргалчылык жана ага жетүү жолдору көбүрөөк кызыктырат. Сиздин кыялдарыңыз акчага катуу байланыштуу болуп, акча болбосо, кыялга жетүүгө мүмкүн эмес болуп калат. Бул учурда көптөгөн арстандардын жакындары жардам берүүгө даяр экенин билдиришет. Жумушта жетекчиликтен эскертүү алышыңыз мүмкүн. Балдарыңызды ашыкча чыргоо кылып оюндагысын жасата бербеңиз, азабын өзүңүз тартып каласыз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Аптада бийкечтер досторун, тааныштарын жана жакындарын бир нерсе менен таң калтыргысы келет. Өзгөрүүнү келбетиңизден баштаңыз, бирок сулуулук салонуна же косметологго барардан мурун тааныштарыңыздан жакшы адистердин байланышын сураңыз. Мурун келишпей жүргөн айрым кесиптештериңиз менен тил табышып мамилени жөнгө сала аласыз. Сүйүү мамилесинде романтикалык жагдай орун алат, сүйүктүүңүз сюрприз даярдап жатышы да мүмкүн.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Күнүмдүк турмуштун ызы-чуусунан оолактоону каалап, кол телефонун өчүрүп, бир аз убакытка эс алууну эңсейсиз. Бул өзүңүздүн руханий өнүгүүңүзгө көңүл буруу үчүн жакшы убакыт. Ички психикалык комплекстериңизден арылып, жан дүйнө тынчтыгын табасыз. Мыйзам бузуудан, мыйзамсыз нерселерди сатып алуудан оолак болбосоңуз, укук коргоо кызматкерлери менен көйгөй жаралышы ыктымал. Аптада үй-бүлөдө баары туруктуу болуп, жашоо бир нукта өтөт.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Интернеттен көптөгөн жаңы виртуалдык досторду таап достук мамилелерди өнүктүрөсүз. Балким, жалпы кызыкчылыктары бар адамдарды бириктирген кандайдыр бир формалдуу эмес клубга кошуласыз. Ата-энеңизди көңүл сыртында калтырбай убакыт бөлүп туруңуз, алар сизге муктаж. Жеке ишкерлик, соода менен алектенгендерди ийгилик коштойт, бизнесин өнүктүрүп же кеңейте алышат. Сүйүктүүңүздүн муздак мамилесин байкасаңыз, андан себептерин ачык эле сураңыз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Үй-бүлөлүү жаачылар үчүн бул апта өнөктөштүктө кыйынчылыктар менен коштолот. Айткан сунуштарыңыз сүйүктүү адамыңыздан тийиштүү жооп, түшүнүү жана колдоо таба албайт. Карама-каршылыктар болсо да чыр-чатактан оолак болуңуз. Кыймылсыз мүлккө байланыштуу көйгөйлөрүңүз оңой чечилет. Гуманитардык багытта билимин өркүндөткүсү келген студенттердин максаты орундалат.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Билимге жана тажрыйбага ээ болуу кумарыңыз күчөйт. Чет өлкөдөн билим алгысы келип документ иштерин гана күтүп жаткан текечерлерди ийгилик коштойт. Буга чейин жаңылыштык кылып таарынтып алган адамдан кечирим сурайсыз. Жумушун же кесибин алмаштыргысы келгендер аракетти баштай берсе болот. Спорттук мелдештерге катышкан текечерлер чоң байгеге ээ болушат.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Жетекчиңиз менен кызматтык роман мамилесин түзүшүңүз мүмкүн. Ал мамилени кыска убакытка деп болжолдогонуңуз менен чыныгы сүйүүгө айланып, кантип сүйүп калганыңызды өзүңүз түшүнбөй каласыз. Акчага байланыштуу бардык тобокелчиликтен сак болуңуз. Чыгармачыл суу куярлардын идея, фантазиясы ашып-ташып, дал ушул учурда сиздин калемден шедеврлер жаралат.


БАЛЫК (20.02-20.03

Ишкердик кылган балыктар чет өлкөлүк инвесторлор менен ири долбоорду ишке ашыра алышат. Саякатка чыгуу же алыска унаа менен конокко баруу пландарыңыз болсо, кийинки жумага жылдырып турганыңыз оң. Жакын адамыңыз ооруп сиздин камкордукка муктаж болушу мүмкүн. Түгөйүңүз, жакындарыңыз менен кеңешпей кабыл алган чечимдин арты сиз ойлогондой болбой калышы мүмкүн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1036, 14-20-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан