Акбар Сүйүнбаев, ырчы: «АЛ КЕЗДЕ КҮЙӨРМАНДАР УНААҢА, ҮЙҮҢӨ КЫЗЫКЧУ ЭМЕС»

– Саламатсызбы, Акбар мырза? Көп көрүнбөй кеттиңиз...

– Саламатчылык. Ооба, мени чыгармачылыктан алыстап кетти деп айтып калышат. Мен алыстаган жокмун. Бакыт тынчтыкты сүйөт деп айтышат го, анын сыңары социалдык тармактарга сүрөт, видео көп жүктөбөйм. Мен деле эл катары тойлорго барып ырдайм, бирок аны жарыялабайм. Чыгармачылыкта элемин.

– Сиздер популярдуу болгон жылдарга барып келбейлиби. Ал кезди эстегенде эмне көз алдыңызга тартылат?

– Эң сонун учур болчу. Ал кезде биздин элге таанылалы, ырым хит болсо экен, тарыхта калсак экен деген оюбуз жок эле. Жакшы ырларды ырдап, музыкалык билим алгандыктан ырчылык өнөрдү аркаласак деген эле кыялыбыз бар эле. Бирок анчалык тез убакыттын ичинде атактуу болуп кетебиз деп ойлогон эмеспиз. Ал учурду эстегенде, биринчиден, тазалык элестелет. Кең пейил элди, чыныгы күйөрмандарды элестетем. Ал кезде эл машинаңа, үйүңө, сулуулугуңа, кийимиңе деле көз артчу эмес экен. Чыккан ырыңды колдоп-коштоп, күйөрмандык кылып, жан дүйнөсү менен сүйүшчү.

– Күйөрман кыздар ал кезде өзгөчө белектерди беришчү, эсте калганы эмне болду?

– Токтогулдан мага 25 метрлик кат келген. Ошол белек оригиналдуу болгон. Чыгармачылыгыма карата сүйүүсүн арнап, катты эч бир тавтологиясыз жазган. Белектер көп келчү. Жумшак оюнчуктар, каттар, бир мүшөктөн ашык белектерим бар болчу. Кыз болбосок деле негедир жумшак оюнчуктарды көп беришчү.

– 25 метрлик каттын ээси менен жолуктуңузбу?

– Жолукканбыз. Ырга жакын кыз болчу. Токтогулга барганда жолугуп, сүйлөшүп, мындан ары жакшы мамиледе жүрөбүз деп сүйлөшкөнбүз. Бирок андан кийин көргөн жокмун.

Сүйүүсүн арнаган кыздар көп болду. “Баш кошсок болобу, жолуксак болобу, бир эле жолу бетиңден өөп алсам болобу?” дегендер көп эле. Азыр айтсаң, балким, жомоктур. Атактуулуктун туу чокусунда турганда деле жатаканада жашачубуз. Жатакананын алдына плакаттарды илип кетишчү. “Сүйөм” деп телефон номерлерин жазып кетишчү. Коменданттардан уруш жеп эле жүрчүбүз.

– Көптүңүздөрбү?

– Көптүк да, кантип көппөйсүң? Көпкөндө бирөө менен мушташып же үстөмдүк кылган жокпуз. Бирөөнүн эшигин тээп, терезесин талкалаган жокпуз. Болгону өзүбүз желпектеп көккө учуп, көп нерсени этибарга албай калдык. Бизде атактуулугубузду пайдаланып алалы деген ой болгон жок. Мисалы, концерт койсом түшкөн акчаны ата-энеме, досторго бергенди жакшы көрчүмүн. Акчалуу адам бир жерлерге барып даамдуу тамак жейт, эс алат деп элестетчүмүн. Анан атактуулук ушул бойдон калып калат деп ойлочумун. Көрсө, андай эмес экен.

“Ошол кезде бутка туруп, үй салып алсаңар болмок, кымбат унаа айдасаңар болмок” деп калышат. Кудайдын өзүнүн планы бар экен. Ошол нерсени бизге бербептир. Себеби жаштыгыбызда бир келген ооматты көтөрө албай кетишибиз мүмкүн эле. Биз жөн эле ырдадык жана жашадык.

– Атактуулук кетти, жаман болдуңузбу?

– Жаман болгон жокмун. Бирок ушул күнгө чейин жаман болгондор бар.

– Ал кездеги шоу-бизнес менен азыркынын айырмасы кандай?

– Азыр бизден акылдуу, бизден таланттуу балдар чыкты. Өздөрүн түптөй алышты. Аларга теңелген жокпуз. Ар бир чыккан талантка баа берип, кеп-кеңешимди айтып жаттым. Биз чыгармачыл инсандарды улуу, сый-урматка татыктуу деп көкүрөгүбүзгө сиңирип алганбыз. Ошол рамкадан чыга албай калдык. Мисалы, батынып барып Гүлнур Сатылгановага “сиз менен дуэт ырдагым келет” деп айтыш мен үчүн аябай оор болчу. Азыр болсо мамиле жеңил болуп калды. Тескерисинче, улуу ырчылар карындаш, инилерге кайрылып “сен үчүн мындай ырым бар, ырдап кой” деп өздөрү кол суна башташты. Биздин убакта улуу муун менен кичүү муундун ортосунда көрүнбөгөн тиреш бар эле.

– Музыканын, ырдын сапаты жагынанчы?

– Сапат жагынан бизди эч ким ашып кеткен жок. Кийинки чыккан ырчылар көкүрөктөрүнөн ыр чыгарган болсо, азаматтар. Мисалы, мен 1 альбомдо 12 ыр чыгарган болсом, 12си тең өзүбүзгө таандык, жалаң көкүрөктөн чыккан, мурда-кийин элге чыкпаган ырлар болчу. Ошон үчүн эл жакшы көрүп кабыл алды деп билем. Кийинки муундан эч кимди жаман дей албайм. Бирок изденгендер, автордук ырлары барлар азыраак. Эски ырлар менен эле наам алып, эл сүймөнчүгүнө ээ болуп жатышат.

– Наамга татыктуу ырчы кандай болушу керек?

– Наамга көп ырчы татыктуу эмес, ошонун ичинде биз деле. Мен Эл артисттери, Эмгек сиңирген артисттер 50 жашка барып калгандар болот деп ойлочумун. Ошончо жыл элге кызмат кылгандан кийин наам алат го деп жүрчүмүн. Азыр наам да жашарып кетти. Эч кимисине көрө албастыгым жок. Наам алган ырчыларда күнөө жок, заман башкача болуп жатат. Аздыр-көптүр саясатка аралашып калдым. Ак үйдө, министрликте иштегендерди көрүп, чайлашып калдык. Алар менен сүйлөшкөндөн кийин өзүнүн маалы келмейинче көп кишилер бааланбай турганын түшүндүм. Наамды эрте алып жаткандар саясатка карап, жердешчилик, тууган-таанышчылык аркылуу алып калгандар. Дагы бир айта кетчү нерсе, эл чыныгы талантты көп убакытка чейин сүйөт. Андайлар бизде саналуу гана. Бек Борбиев, Саламат Садыкова, Керим Тураповдор буга мисал. Булар 30 жыл жол басышса, биз алардын баскан жолунун 3 жылдыгын да баса элекпиз дейт элем.

– Сиз наам алууга умтуласызбы?

– Мен умтулбайт экенмин. Наам алгандар деле, албагандар деле бирдей эле жүрөбүз. Үмүтүм бар, бирок азыр эмес. Эл үчүн жасай турган көп иштер, кыялдарым бар. Наамга татыктуу эч нерсе кыла элекмин.

– Кандай кыялдарыңыз бар?

– Кыргызстанды дүйнөгө таанытышыбыз керек. Кичинекей Кыргызстанда отуруп алып бири-бирибизге көрө албастык кылып, жаман сөз айтып жашабашыбыз зарыл. Азыр колдон келишинче ошого умтулуп, болгон күч-аракетибизди жумшап жатабыз.

– Баткендеги акыркы окуяларда ар бир жаранда патриоттук сезим ойгонду окшойт. Патриоттуулук дегенди кандай түшүнөсүз?

– Патриоттуулук боюнча көз карашым өтө терең. Бизде псевдопатриоттор абдан көп. Биз шайлап жаткан депутаттар бир жыл мурда социалдык тармактан баракча ачат, 1 жыл “элге иштейм” деп ишендирет. Биз баракчасына катталып, жакшы экен деп “класс” басып, комментарий жазабыз. Ошол аркылуу саясий лидер болуп чыга келет, анан депутат болуп шайланат. Фейсбуктан 2 сөз сүйлөп коюп айрымдар министр болуп жатышат. Менимче, баткендиктер гана чыныгы патриоттор. Наам алгандар көп. Наамы канчалык жогору болсо, ал адамдын айлыгы, пенсиясы ошончолук жогору болот, билесиздер да. Генералдардын баарын жоюп салып, Баткендин чек арадагы айылдарында жашагандардын ар бирине “Эл баатыры” дегенди берип койсо туура болмок.

Элге жакшы көрүнүп, калп эле патриот өңдөнүп жүрүштүн кажети жок. Мен дагы көптөгөн “эл үчүн” деген коомдордун куралы болуп калдым. Көптөгөн коомдук уюмдардын мүчөсү болдум. “Ынтымак үчүн, келечек, биримдик үчүн” деп сүйлөшөт. Жыйынтыгында эч кандай биримдик, ынтымак, келечекти көрбөйсүң. Анан баарын жыйыштырганга туура келди.

– Өзүңүздүн чакан мамлекетиңиз тууралуу да сүйлөшсөк...

– Бакыт үй-бүлөдө экенин түшүндүм. Колдоп-коштогон жарым бар. Кандай абал болбосун ар дайым жанымда. Сапарга кетип, үйгө айлап келбей калган күндө да чыдап күтөт. Ушундай жарга туш болгонума сүйүнөм. Акбата, Актилек, Айкөл деген 3 уулум бар. Төртүнчүсүн күтүп жатабыз, буюрса. Апам биз менен жашайт. Кудайга шүгүр, бири-бирибизди толуктап жашап жатабыз.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1036, 14-20-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан