– Бул аймактын өнүгүүсүн, анын муктаждыктарын, көйгөйлөрүн талдоо жана болжолдоолордун негизинде иш-аракеттер, чаралар менен коштолууга тийиш болгон Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары кеңешин жакшыртуу процессине да тиешелүү. Аймакта коопсуздукту камсыз кылуу көйгөйлөрү, Ооганстанды кайра курууга көмөктөшүү маселелери, өлкөлөрдүн турмушунун түрдүү чөйрөлөрүндө ири аймактык инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу платформабыздын алкагында приоритеттүү милдеттер бойдон калууга тийиш деп эсептейм,- деди Жапаров.
Маалыматтарга таянсак, Астанада Кыргызстан, Орусия жана Тажикстандын президенттеринин чогуу сүйлөшүү жүргүзөрү күтүлүүдө. Анда Кыргыз-Тажик алакасы боюнча пикир алышуу болмокчу.
Айта кетсек, Садыр Жапаров 7-октябрда Санкт-Петербургда өткөн КМШга мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин бейрасмий жолугушуусуна барган жок. Андан кийин ЖККУнун алкагында өтүүчү аскердик машыгууну өткөрүүдөн баш тартты. Бул машыгууну октябрь айында Кыргыз жеринде өткөрүү пландалып жаткан эле. Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин айрым депутаттары “машыгууга Тажикстандын аскерлери келбесин” деген талаптарды айтышканы да маалым.