КЕМПИР-АБАД: ТАРЫХЫ ЖАНА ТАЛАШЫ

Өзгөндөгү Кемпир-Абад суу сактагычы ээлеген жер Өзбекстанга берилгени жатат. Ордуна Өзбекстан жер бермекчи. 10-октябрь күнү парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинде Кыргыз-Өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору талкууланып, колдоо тапты. Көпчүлүктүн көңүл чордонунда турган Кемпир-Абаддын таржымалын, анын тегерегиндеги буга чейинки окуяларды эсиңиздерге салабыз.

КЕМПИР-АБАДДЫН...

жайгашкан жери – Өзгөн району (Кыргыз тараптан)

курулган жылы – 1965-жыл

ишке берилген жылы – 1970-жыл

аянты – 56 чарчы чакырым

эң терең жери – 98 метр

толук көлөмү – 1900 миллион метр куб

плотинанын бийиктиги – 121 метр

плотинанын узундугу – 850 метр

Кемпир-Абад көлөмү боюнча Кыргызстанда экинчи, Өзбекстандагы үчүнчү орунда турган суу сактагыч болуп эсептелет.

19 ГЕКТАРГА ТЕТЕ 4 ГЕКТАР ЖЕР

УКМКнын төрагасы, чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдө Кыргыз тараптын башында турган Камчыбек Ташиев «Өзбекстанга Кемпир-Абаддын 4485 гектар жери өтөт, анын ордуна Кыргыз-Өзбек чек арасындагы талаштуу
19 699 гектар жер Кыргызстанда калат»
деп билдирди. Ал эми суу сактагычты 2 өлкө ортодон башкарат, ал үчүн 8 адамдан турган биргелешкен ишкана түзүлөрү айтылды. 4 адам Кыргызстандан, 4 адам Өзбекстандан кирет. Ошондой эле Кемпир-Абаддын суусун кыргызстандыктар эркин пайдалана алат деп билдирди Ташиев.

КЫРГЫЗСТАНГА КАЙСЫ ЖЕРЛЕР ӨТӨТ?

Гавасай айылы – 12 949 гектар, Көк-Серек айылы – 105 гектар, Баястан айылы – 212 гектар, Үңкүр-Тоо – 35 гектар, Ак-Таш айылы – 100 гектар, Кара-Белес айылы – 25 гектар.

Ошондой эле Шарихан каналынын жанынан 39 гектар жер тең бөлүнөт: 19,5 гектары Кыргызстанга, 19,5 гектары Өзбекстанга өтөт. Орто-Токой суу сактагычы толугу менен Кыргызстанда калат.

Исмаил Исаков, экс-коргоо министри: «ТЕҢ БАШКАРУУ УКУГУН АЛГАНЫБЫЗ ЖАКШЫ»

– 10-октябрь күнү комитеттин жыйынына катышып келдим. Мурункуга салыштырмалуу сүйлөшүүлөрдө динамика бар, азыркы бийликтин бул кадамы колдоого аларлык. Комитет жыйынынан кийин позициям бир аз өзгөрдү. Эмне үчүн экенин негиздеп берейин.

Тарыхты карасак, Кемпир-Абад суу сактагычы 1965-жылы курулуп, Кыргызстан плотинаны курууга 5731 гектар жер берген. Ал жердин ордуна компенсация катары Өзбекстан 4127 гектар жер берген. Ал жерлер таштак, суу чыкпаган тилкелер болсо да эл отурукташып калган. 2006-жылы Кемпир-Абаддын жанына Өзбекстан 2 ГЭС куруп алды, ал ГЭСтер саатына 500 киловатт электр энергиясын өндүрөт. Өзбек тарап Кемпир-Абаддын эсебинен Кадамжайга жетчү 200 чакырымдай суу канал куруп берүү милдеттенмесин алып, бирок аны аткарган эмес. 1975-жылы ал кездеги Кыргыз премьер-министри Акматбек Сүйүнбаев "1965-жылкы келишим кандай болсо, ошондой бойдон калсын" деп токтом чыгарган. Демек, ал келишимге ылайык, суунун асты да, үстү да Кыргызстандыкы. Бирок коңшулар “Кемпир-Абаддын жери үчүн силерге жер бергенбиз” деп доомат коюп жатышат. Бирок жер алмашуу болгон деп келишимде так жазылган эмес. “Кемпир-Абаддын суусун өмүр бою эле коңшулар иштетип келе жатышат, ал сууну 2 миллионго жакын жашоочусу айыл чарбасына пайдаланат. Кыргыз жарандары ал плотинага кире алчу эмес. Каримов (ред.: Өзбекстандын мурдагы президенти) 1997-жылы плотинанын башына аскер коюп алган, маңдайында аскер бөлүгүн жайгаштырып койгон. Биздин 5-6 айылды суу басып, айрымдары көчүп кетүүгө аргасыз болушту. Мен убагында «Өзбекстан ГЭСтерден киреше таап жатат, бизге компенсация төлөп бериши керек» деп да ызылдап чыккан жайым бар. Эмне үчүн азыркы келишимди колдоого аларлык деп жатам? Биринчиден, геосаясат. Экинчиден, аймактык коопсуздук боюнча кооптуу учур. Кыргызстан чоң чатактын оозунда турабыз. Ушундай учурда бизге экинчи душмандын эмне кереги бар? Сүйлөшүүлөрдө жылыш болуп жатканда пайдаланыш керек. Үчүнчүдөн, плотинаны ортодон башкарабыз деп жатат, буга чейин ал жерге бара алчу эмеспиз. Жылдан жылга суу азаят, суу саткан доорго да жетебиз, ошондо бизде рычаг болот. Тең башкаруу укугун алганыбыз жакшы. Бүгүн коңшуларга 1 стакан суу керек болсо, 40 жылдан кийин 3 стакан суу керек болот. Ошондо суубузду сатканга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Анан чек ара маселесинде эч качан уттук же утулдук деген позиция болбошу керек. “Биз мынча жер алып уттук” десек, эртең 40 миллионго жакын өзбек эли Мирзийоевге “эмнеге 7 миллион Кыргызга биздин жерлерди карматып жибердиң?” деп чыгышы мүмкүн. Чек ара маселесинин сыр сакталганы, жабык каралганы ушундан улам.

Саламат Аламанов, чек ара адиси: «ЧЕК АРА МАСЕЛЕСИНДЕ ПОПУЛИЗМГЕ, ЭМОЦИЯГА ЖОЛ БЕРБЕШИБИЗ КЕРЕК»

– Кемпир-Абад маселеси Союз мезгилинен бери эле улам түрдүү сүйлөшүүлөргө түртүп жаткан чоң көйгөй болчу. Бул суу сактагычты куруу муктаждыгы 1960-жылдары жаралган. Канада Советтер Союзуна пахта сатпай койгондо абалдан чыгуу үчүн Өзбекстан менен Казакстанга СССРди пахта менен камсыз кылуу тапшырмасы берилген. Анан пахта талааларын сугаруу үчүн Кемпир-Абад курулган. Албетте, Кыргыз тарап өз шарттарын койгон. Өзбекстан Сохко жакын 10 миң гектар жерге канал жеткирүү, плотинанын жанындагы суу каптаган Кыргыз кыштактарына заманбап турак жай куруп бериши керек эле. Өзбекстандын пахта, күрүч талааларынын сууга муктаждыгы жоюлду, ал эми Кыргыз тараптын шарттары аткарылбаган бойдон кала берген. Анан кыргыздар “суу сактагычтын пайдасын жакшы эле көрдүңөр, кирешеси плотинаны курууга кеткен каражатты толук актады, бирок моюнуңардагы тиешелүү милдеттерди аткарган жоксуңар, эми сүйлөшүүнү башка нукка бурушубуз керек” дегендей кылышты. Советтер Союзу мезгилинде ошончолук чоң мүмкүнчүлүк бар кезде курулбаган каналды эми куруп беришмек беле? Бирок азыркы бийлик сүйлөшүүдө мунаса тапканын билдирүүдө. Бирок расмий маалымат ачыкка чыга элек. Чек ара маселесин чечүүдө эч качан популизмге, эмоцияга алдырбашыбыз керек. Азыркы келишимдин бизге пайдалуу же пайдасыз жагын айтуу үчүн келишимди үтүр-чекитине чейин окуп чыгыш керек. Азыр адис эмес адамдар деле өз пикирин айтып элдин башын айлантып жатпайбы, андай болбойт.

Улукбек Маматаев, Өзгөн районунун жашоочусу: «КИЙИНКИ МУУНГА ЧОҢ КӨЙГӨЙ КАЛТЫРЫП ЖАТАБЫЗ»

– Мен Өзгөндүн Большевик айылында төрөлүп-өстүм. Кемпир-Абадга биздин Жазы, Кара-Дарыя, Куршаб дарыялары суу куят. Өзбекстан ал жерге 2 ГЭС куруп электр энергиясын өндүрөт, сууну айыл чарбасына пайдаланышат. Кемпир-Абаддын жеринин коңшуларга берилишине эмнеге каршымын? Мейли, Мирзийоев жакшы болсун, ал бийликтен кеткенден кийин эмне болот? Азыр тоспойбуз деп жатышкан жерди тосуп эле алышат. “Жер эми биздики” деп туруп санаторий, эс алуучу жайларды жээгине куруп алышса эмне кылабыз? Үзөңгү-Кууш менен Каркырада эл жашабайт. Ал эми Кемпир-Абадга жакын Кыргыздын 2 чоң району жатат, ушуну эске алыш керек. Суунун астындагы жерди берсек, биз кийинки муунга чоң көйгөй калтырган болобуз. Мирзийоевден кийинки президент келишимдин шарттарын бузбайт деген кепилдик барбы? Сунушум – азыркы бийлик баарын токтотуп, чек араны чечүү ишин кийинки муунга калтырсын.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1036, 14-20-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан