– Баласы атасынын сөзүнө, кылган ишине эч качан жооп бербейт. Азимбек Бекназаровдун уулуна коюлуп жаткан айып туура эмес, биз ал жигитти билебиз,- деген депутат тийиштүү органдарды адилет чечим чыгарууга чакырды.
Эскертсек, Руслан Бекназаров быйыл 14-сентябрда экстремизмге шектелип кармалган. Азимбек Бекназаров муну өзүнүн саясий ишмердүүлүгү, бийликке сын айтып чыкканы менен байланыштырууда. Ушундай эле пикирди Руслан Бекназаров өзү да сот отурумунда билдирди.
Эскерте кетсек, Руслан Бекназаров кармаларга жакын Азимбек Бекназаров бийликтин “Кумтөр” боюнча позициясын жана башка иштерин кескин сындап чыккан.
42 жаштагы Руслан Бекназаров кармалганга чейин Бишкектин Свердлов районунун акиминин орун басары болуп иштечү.