КЫРГЫЗГА “БАЙРАКТАР АКЫНЖЫ” АЛЫНГАНЫ ЖАРЫЯЛАНДЫ

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанга “Байрактар Акынжы” үлгүсүндөгү учкучсуз учуучу учактар алынганын жарыялады. Ал социалдык тармактагы баракчасына 12-октябрда “Байрактар Акынжы биздики, боордош элибизге ыраазычылык” деп жазды. Ошондой эле Түркияда аталган аппараттардын жанында түшкөн сүрөтүн жүктөдү. Түркияга Ташиев менен бирге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да барган.

Коомчулук аталган аскердик каражаттардын алынышын кубаттап, бирок аны ачык жарыялоону сындап жатышат. Тагыраагы, өлкөнүн кандай куралга ээ экени аскердик сыр болушу керек деген пикирлер айтылып жатат.

“Байрактар Акынжы” – акыркы үлгүдөгү түркиялык учкучсуз учуучу аппарат, сокку уруучу аскердик дрон.

Эскерте кетсек, 2021-жылы Кыргыз өлкөсү Түркиядан “Байрактар ТБ-2” учкучсуз учуучу аппараттарын сатып алган. Бийлик Кыргыз армиясы техникалык жактан кубаттандырылып жатканын, өлкөнүн коопсуздугун камсыздоого күчү жетерин билдирип келет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1036, 14-20-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан