АЗЫК-ТҮЛҮК БОЮНЧА КӨЙГӨЙ ЖОК ДЕЙТ МИНИСТР

Кыргызстанда азык-түлүк менен камсыздоо боюнча көйгөй күтүлбөйт. Бул тууралуу 13-октябрда айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков маалымат жыйында билдирди. Айтымында, быйыл өлкө жашоо үчүн маанилүү делген 9 азык-түлүктүн ичинен үчөөсү менен толук камсыздалды. Алар: сүт, картошка жана мөмө-жемиштер. Ошондой эле буудай менен камсыздоо 40 пайыздан 70 пайызга чейин өскөнүн белгиледи министр. Жүгөрү жана кызылчанын да түшүмү жакшы болгону, кызылча толук түрдө ата мекендик ишканалар тарабынан кайра иштетилери маалымдалды.

2025-жылы Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу 85 пайыз камсыздалат деп кошумчалады министр.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1036, 14-20-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан