КАПКАН (бакыт издеп түгөнгүс түйшүккө кабылган аялзатынын турмушу чагылдырылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Бишкекте калган Айсара Тимурга бат-баттан телефон чала берди. Чалуудан майнап чыккан жок, байланыша албады, интернети дагы өчүк болуп туруп алды. Анын чалууга жооп бербегенине, өзү билип чалбаганына жини келди. Кеңсенин оңдоп-түзөө иштери, документтери баары бүттү. Бир гана ачылышы калды, аны кантип өткөрүүнү Айсара пландап жатат. Бир маалда Инстаграмдан Тимур, уулу жана Нурзат үчөө түшкөн сүрөттү көрүп ого бетер ачууланды.

– Тим эле бактылуу болуп алганын кара. Баары жанында, дүйнөсү түгөл болуп менин чалуум ага маанисиз болуп баштаган турбайбы. Карап тур, сени эртеңден калбай учуп келгидей кылбасамбы,- деген Айсара түнкү клубду сүйгөн курбу кыздарына телефон чалды.

– Ой, ким чалып жатат?- деп алар чалууну көрүп таң кала түшүштү. Себеби Айсара көптөн бери алардан алыстап кеткен эле.

– Баарын шашпай сүйлөшөбүз, бүгүн клубга барып бир чер жазып келели.

– Сен чакырып жатсаң кантип жок дейт элек? Биз чакырган жерден баш тартпасыбызды билесиң да,- деп каткыра сүйлөгөн кыздарга клубга барып келели деген сунуш майдай жакты. Эки саат аралыгы жолугушмай болушту. Тимур Айсараны сырттан карап тур деп жигиттеринин бирине дайындаган. Ашыкча жасанып, кыска көйнөкчөн чыга келген Айсарага көзү урунду анын. Минтип жасанып алып кыздын каякка бара жатканы жигитке дагы кызык болду. Балким, жаш жигит тапкандыр деген күмөн ойго жетеленип кызды артынан акмалап жөнөдү. Кыздар менен эшик алдынан учурашып, клубга кирип кетери менен Тимурга вотсап аркылуу байланышка чыкты. Тимур анын дагы чалуусуна жооп бербей койду. Айсаранын кыздар менен түнкү клубга барганын төкпөй-чачпай айтып үн билдирүү жөнөтүп койду. Көп узабай Айсаранын телефонуна Тимурдан чалуу келди. Кыз телефонду бир карады да, үнсүз режимге коюп сумкасына салды. Тимурдун ачуусуна тийгиси келди. Тимур болсо Айсаранын таарынып калганын дароо түшүндү. Айласы кеткенде Тимур тиги жигитке «Айсараны карап тур, ар бир кадамынан көзүңдү алба, эч кимди жанына жолотпо, көп ичип ала турган болсо үйгө өзүң жеткир» деп дайындады. Жигит дагы ичкери кирип бир орундукту ээлеп, четте шарактаган кыздарга көз салып отурду. Айсара аны бирөө аңдып жүргөнүн билген жок. Кайда жүргөнүн Тимур көрүшү үчүн бийлеп жаткан жеринен кыска видео тарттырып Инстаграмга жүктөп койду. Кыздар бир топ бөтөлкө ичимдик ичишти. Клубдун ичи элге толуп, баары аралаша бийлеп, Айсараны дагы жигиттер жандай башташты. Бул учурда Тимур дайындаган жигит дароо жетип келди да, Айсараны билектен кармап сыртка жетеледи.

– Эй, кармаба!- деп колун тарткан кыз тааныш жигитти көрдү.

– Ии, сени кайтар деп жөнөттү да, ээ? Жакшылап кайтар!- деп үнүн өктөм чыгара сүйлөдү.

– Үйгө алып кеткени келдим,- деди жигит.

– Кетпейм мен, сен мага кимсиң мени алып кеткени келгидей? Мага десе Тимур өзү келсин, барбайм мен!- деп кетенчиктеп туруп алды эле, жигит кызды көтөрүп чыгып кетти. Унаанын арткы орундугуна отургузду.

– Коё бер, ач эшикти!- кыз унаанын эшигин түрткүлөп ачууга жан далбастап, бир аздан кийин тынчып калды. Жолдо баратып уктап калыптыр, үйгө жеткенде да ойгото албай койду. Анын сумкасынан үйдүн ачкычын алып чыгып, кызды көтөрүп жөнөдү. Жигиттин моюнуна кыздын жумшак колдору оролду. Кыз жигиттин моюнуна колдорун асып, башын көкүрөгүнө ыктап жатты. Мас абалында болгондуктан кыз кимди кучактап бара жатканын деле билген жок.

xxx

Таңга маал Карлыгач ойгонуп эки жагын карады, Байыш дагы ордунда жок.

– Уф...- деп оор үшкүрүнө ордунан козголду. Акыркы күндөрү Байышсыз аткан таңдар күндөн-күнгө көбөйүп бара жатканы үчүн өзүнө бушайман болду. “Жаш немең эртең сени таштайт да, башкасына кетет. Карап тур, ошондо мени туура айтыптыр дейсиң” деп эжесинин туталанып сүйлөп жаткан элеси көз алдына тартылды. Бүрүшүп жуурканга башын катып жата калды, түбү жок ойлордон кутула албады. Бардык нерсени Бишкекке калтырып, Москвада сүйүүгө чөмүлүп, тынч жашайм деп келбеди беле. Москва деле ага жыргал жашоо тартуулаган жок да. Өкүнүч, ыза, кайгы коштогон, көңүл бурууга, сүйүүгө суусаган күндөр көбөйгөндөн көбөйүп баратканын көрүп башын мыкчыйт.

xxx

Марат акыры эсине келди, ичимдиктен алыстап, балдарына көңүл буруп, короо-жайын иреттеп эл катары тиричилик кылууга киришти. Муну көрүп айылдагы туугандары, коңшу-колоң ыраазы болуп кеп кылып жатышты. Шаардагы, айылдагы туугандары “биз караштырып аял таап бербесек, мунун аял алайын деген деле ою жок окшойт” деп өздөрүнчө кеңешип Маратка аял издөө менен алек болуп жатышты. Туугандарынын сунушу менен эки жолу бирөөлөр менен таанышып көрүп, алар менен телефон аркылуу байланышып жүрдү. Бирок баш кошууга көңүлү чаппады, акыры байланышын токтотту. “Үйлөнүп алсаң болмок жалгыз жүрбөй” деген туугандарын жактырбай жатты.

xxx

Байыш түндө үйгө мас болуп келди. Колунда көтөргөн бир бөтөлкө арагы бар. Уктап жаткан Карлыгачты ойготту.

– Эмне болду сага кишинин уйкусун бузуп?

– Уйкубу, уйку. Сенин уйкуң болсо, менин тагдырым бузулду. Тур, эмне тоготпойсуң, мени келди деп тура калбайсыңбы...- деп жатып Карлыгачты тургузуп алды.

– Сенин айыңдан...- деп кеп баштады сөөмөйүн маңдайында отурган Карлыгачка кезеп.

– Байыш, жатып эс алчы, бас...- колдон кармады.

– Эс ал дегениңди токтот. Мен ж акшы эле турам. Отур маңдайыма. Сенин айыңдан экени жалганбы? “Москвага келели, укмуш болуп кетебиз” деп сен баштагансың, “кафени ишеничтүү кишиге дайындап койсок иши сонун жүрө берет” деген дагы сен болчусуң. Кана, кыйратып иштеп укмуш болуп кеткенибиз?

– Баары эле дароо болуп кетмек беле? Акырындык менен жетебиз да.

– Эмнеге жетебиз? Жете турган эмнебиз калды? Экөөбүз эч нерсеге жетпейбиз. Мен сага түшүнүктүү кылып айтам. Кафе жабылды. Кредитке алган акчанын баары асманга учуп кетти. Кафеден жок же акчадан жок куру-жалак калдым.

– Эмне деп жатасың?

– Кафе банкрот болду, жабылды деп жатам. Эмне, түшүнүксүз сүйлөп жатамбы? Түшүнбөй жатсаң, мына, ук бул сүйлөшүүнү,- телефонун столдун үстүнө таштады.

– Бүгүн уктап эс алчы, эртең сүйлөшөлү.

– Дагы деле уктап эс ал дейсиң, шайтандай болуп кайдан жолумдан чыктың? Кайдан да сага азгырылдым?- деп бөтөлкөнү көтөрүп ичип баштады.

– Мен сени азгырып алдымбы, ээ, сен мени эмес?! Көзүмдүн кареги менен тең айланып жүргөн сен эмес белең?!- Карлыгач да ачууга алдырып баратты.

– Жашоомо кандай кирсең ошондой чыгып кет, сен келгени башым балээден кутулбай койду,- Карлыгач отурган үстөлдү тээп жиберди Байыш. Бөлмө ичи ызы-чуу боло түштү. Кошуна жашаган Байыштын досу кирип келип экөөнүн ызы-чуусун токтотту. Карлыгачты өз үйүнө алпарып коюп, өзү Байыш менен калды...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
aizirek...
2022-10-17 12:37:00
Тиги жакта калган балдарыңдын убалы как гана башыңа тийсин Карлыгач.
0
№ 1036, 14-20-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан