Алтынай Ботоярова, “Аалам сулуусу-2023” наамына талапкер: «БИЛЕМ, МОДЕЛДЕРГЕ БААРЫ БАШКАЧА КӨЗ МЕНЕН КАРАЙТ»

“Кыргызстан сулуусу-2021” сынагынын жеңүүчүсү Алтынай Ботоярова “Аалам сулуусу-2023” сынагында Кыргыздын атын таанытмакчы. Мындай кубанычтуу жаңылыгы менен бөлүшкөн Алтынайдан суроолорубузга жооп алдык.

– Алтынай, салам! Алгач “Аалам сулуусу” сынагына катышканы жатканыңыз боюнча айтып берсеңиз...

– Ооба, буюрса, “Аалам сулуусу-2023” сынагынын катышуучусу болом. Бул менин кичинемден берки кыялым болчу. Бала кезден сулуулук сынактарына катышып жүрдүм да. Ошол кичинекей кызга “келечекте сен “Аалам сулуусу” сынагына барасың” дешсе, ишенмек эмес. Кыялым орундалып жатат. Буюрса, январь айында АКШга учуп кетем. Кыргызстанды татыктуу деңгээлде даңазалайм деп ишенем. Жалгыз өзүм үчүн эмес, өлкө атынан барып жаткандыктан жоопкерчилик чоң, аны сезип, толкунданып, катуу даярданып жатам. Кыргыз элим колдойт деп ишенем.

– Сулуу болуунун оорчулуктары кандай?

– Ар кандай адамдар бар. Эркектер жашоомдо кыйынчылыктарды жаратышты. 16га чыкканда ала качууга аракет кылган жигит болду. Ошондо катуу депрессияга түшкөм. Ал мырзаны таанычу эмесмин. Кээде сулуулук жакшылыкка алып барбайт.

– Ушул убакытка чейин канча жигиттин жүрөгүн ооруттуңуз?

– Жигит менен сүйлөшүп көрө элекмин. Көңүл буруп, гүл, белек берип калышат. Азырынча үйдөгүлөр жигит менен сүйлөшүүгө уруксат беришпейт.

– “Качок” мырзабы же капчыгы калың мырзабы?

– Баарынын чеги бар. Өтө “качок” болсо деле жакпайт. Азыр адамдардын жан дүйнөсүнө карап калдым. Ошол маанилүү экенин түшүндүм.

– Инстаграмдан сүйүү каттары көп келеби?

– Аларга жооп бербейм. Инстаграм баракчамды апам да, байкем да карап турат.

– Кафеге барганда кыздар төлөшү керекпи же мырзаларбы?

– Ар ким өзүнүкүн төлөш керек. Мен үчүн башка бирөөнүн төлөшүнө апамдар уруксат беришпейт.

– «Үйдөгүлөр уруксат бербейт» деп маектин башынан бери айтып жатасыз, катуу кармашат окшойт?..

– Катуу деле эмес. Биринчи кезекте сый. Апамдан коркпойм, бирок сыйлайм. Кабатыр болбосун дейм. Түндө эч жакка чыкпайм. Байкем балдар менен сүйлөшкөнгө уруксат бербейт.

– Дайыма байкеңиздин көзөмөлүндөсүзбү?

– Ооба, бул мага ыңгайсыз деле эмес. Анткени байкем мага жамандык каалабайт. Ал мени жаман балдардан коргойт. Барган сайын ушул нерсени түшүнүп келе жатам. Байкеме аябай ыраазымын.

– Өзүңүздү жакшы кызмын деп эсептейсизби?

– Жок. Тим эле жакшы кызмын дей албайм. Мүнөзүм чатак.

– Мүнөзүм чатак дедиңиз. Болочокто кайненеңиздин да мүнөзү чатак болуп калса кантип тил табышасыз?

– Күйөөмдү сыйласам, анда апасын да сыйлайм. Адам кандай болсо ошондой кабыл ала билиш керек. Мен кабыл алмакмын, мамиле курмакмын. Күйөөмдү сүйсөм баарына даярмын.

– Жигиттерден кандай сюрприздер болгон?

– Гүлдөр, ар кандай белектер келет. Бир ирет Инстаграмда түз эфирде отуруп “мага ушундай атыр керек” деп айткам. Эртеси ошондой атыр келген. Бул мен үчүн сюрприз болгон.

– Мындай белектер жагымдуу болобу?

– Кимден келгенине жараша (күлүп).

– Демек, кимден келип жатканын билесиз?

– Ооба.

– Жактырганыңыз бар экен да анда?

– Ооба, бар. Дос катары сүйлөшөбүз. Азырынча экөөбүз тең олуттуу мамилеге даяр эмеспиз.

– Ийгиликке жеткен сайын достор көбөйөбү же азаябы?

– Азаят. Анткени көрө албастык көп болот экен. Чыныгы достор оор абалда да колдоп жаныңда болот тура. Менин жакын досторум көп эмес, 2 курбум бар.

– Кандай интригага кабылып көргөнсүз?

– Интриганы жаман көрөм. Бирок дайыма кошуп салышат. Ар кандай сөздөр чыгат экен. “Бул баланча менен сүйлөшөт экен” дей беришет. Бирөө баракчама катталып койсо эле “экөө сүйлөшөт” деп ойлой беришет. Мен эч ким менен сүйлөшпөйм, андай сөздөргө ишенбегиле.

– Интригалардан чарчадыңызбы?

– Ооба. Спорттук костюм кийип алсаң деле “бул спорттук костюмчан жүрөт экен” дешет. Сөздөн чарчайт экенсиң. Көз да тиет. Андай да болду. Ар кандай кыздар бар экен, бирөөлөр көзү ачыктарга окутушарын билдим. Андайдын да белгилери болду. Моделдерге баары башкача көз менен карашат. Аны да сездим. Бирок “Аалам сулуусу” мага жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатат.

– Сизге айтылган эң жагымдуу комплимент?

“Ата-энесинин сыймыгы” деген сөз аябай жагымдуу угулат. Туугандар ушинтип айтып калышат.

– Эмнеңиз менен мактана аласыз?

– 17 жашта өзүмдүн койгон максатыма жеттим деп мактана алам.

– Акыркы жолу качан кайгырдыңыз?

– Жайында. 30-июнда аябай ыйладым. Анткени ошол күнү атамды жоготконума туура 2 жыл болду. Бул мен үчүн аябай оор күн. Атамды аябай сагынам, мен атамдын кызы болчумун. Мүнөзүм да окшош. Бул ийгиликтерге ата-энем үчүн жетип жатам. Алар мени дайыма колдоп келишкен. “Кыргызстан сулуусу-2021де” жеңишке жетишкенде “атам ушул учурду көрсө болмок, алдыңкы орунда отурса болмок” деп ойлоп көзүмдөн жаш тегеренип кетти. Жашоо ушундай экен, бүгүн бар, эртең жокпуз. Кандай болсо да бул тагдыр. Аны кабыл алышыбыз керек.

– Сизге ийгилик! “Аалам сулуусу-2023”сынагында жеңиш менен кайтасыз деп ишенебиз. Сизди колдогон эл бар экенин унутпаңыз.


Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1036, 14-20-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан