Элмурза Сатыбалдиев, Жогорку Кеңештин депутаты: “ЖЕРДИ КАРМАТА БЕРГИДЕЙ ПРЕЗИДЕНТТИН ДЕЛЕ БАШЫ ЭКӨӨ ЭМЕС”

Мурдагы башкы прокурор, учурда Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиевди кепке тарттым. “Биз бир эле Кемпир-Абаддын тагдырын эмес, бүтүндөй Кыргыз-Өзбек чек арасын чечип жатабыз. Андыктан айрым жерлерде утуш болсо, кээ бир жерлерде утулуш керек болот” дейт. Эл өкүлү менен өлкөдөгү акыркы кырдаал тууралуу маектештик.

– Саламатсызбы, Элмурза мырза? Парламент комитети Кыргыз-Өзбек чек арасы тууралуу маселени талкуулады. Президент маселени ачык карагыла деп парламентке буйрук бердим деди. Бул сөз Жогорку Кеңешти намыстантыш керек беле?

– Саламатчылык, эки өлкөнүн чек арасы тууралуу маалымат, бүтө элек жерлерди такташуу маселелерин талкуулоо сөзсүз жабык өтүшү керек эле. Менимче, маселени ачык кароонун кажети жок болчу. Эки мамлекет ортосунда сыр маалыматтар да бар. Бул жумурткадан кыр издей турган нерсе эмес. Балким, кээ бир жерлерде Өзбекстан утулуп калды, аны жарыялап эмне кылышат? Документ парламентке ратификацияга келет, ошондо ачык-айкын караса болот. Бирок комитет жыйыны толук жабык болгон жок, коомдук ишмер, журналисттер баары катышышты, болгону видео жана аудио жаздырууга уруксат беришкен жок. Себеби бышып бараткан иш бузулуп кетпесин дешти. “Уккула, көргүлө, кааласаңар өзүңөрдүн атыңардан жаза бергиле” деди.

– Өзгөн районунан шайланып келген депутат катары Кемпир-Абад боюнча пикириңизди билгибиз келет. Айрымдар “чек ара боюнча Элмурза Сатыбалдиев үн каткан жок” деп сындап жатышат...

– Элмурза Сатыбалдиевдин үн катканын 7 миллион адам билиши абзел эмес. Кемпир-Абад боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканда Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Өзгөндөн шайланган депутаттар барып элге жолугуп келдик. Залга эл батпай, президент аларды эки сеанс менен кабыл алды. 500дөй адам чогулду, көпчүлүк түшүндү, айрым түшүнгүсү келбегендер түшүнгөн жок. Мен улуттук коопсуздук, мамлекеттик түзүлүштү түшүнгөн адам катары айта алам, чек ара такталмайынча биз эч качан эгемен өлкө боло албайбыз. Эгемендик, эркиндик чек арадан башталат. Өзбекстан менен чек арабыз жакында 100 пайыз чечилет. Бирөөлөр кем акылдык кылып Кемпир-Абадды, Өзгөндү эле айтып жатышпайбы. Бул жерде бүтүндөй Кыргыз-Өзбек чек арасы чечилип жатат. Мен өзгөндүкмүн деп эле Өзгөндү ойлой берсем мамлекетти ким ойлойт? Туура, өзгөндүктөрдүн нааразы болгонунун да жөнү бар. Алар суу сактагыч курууга жер берип, бирок ордуна жер албай калышкан, коңшулар компенсация катары берген жерлер Ала-Бука, Аксы, Сузак менен чектешкен айылдарда болгон. Эгер мамлекет үчүн, элиң үчүн анча-мынча жерлериң кетип жатса, ал жерлер башка жер менен толукталып жатса ынаныш керек. Бул өлкөнүн тынчтыгы, бүтүндүгү үчүн, кошуна эл менен ынтымакта болууга аракет кылып жатканы деп түшүнүшүбүз керек. Чек ара маселесинде Кыргызстан уттурду деген туура эмес. Кээ бири билбей эле “эл башы болгондон көрө, суу башы болгон жакшы” деп жатышат. Суунун башы бизде, аны бизден талашкан эч ким жок. Президенттин деле башы экөө эмес да Кыргызга чыккынчылык кылып жерди кармата бергидей.

– “Ата Журт-Кыргызстан” партиясынан 14 депутат өзүнчө бөлүнүп чыкты. Муну айрымдар “көбүрөөк портфель алуу аракети” деп болжолдошууда. Эмне себеп болду бөлүнүүгө?

– Эми ар кимдин өз пикири бар да. Башында фракцияга бөлүнөт экенбиз дегенде бир мандаттуу округдан шайланып келген 18 депутат “Ата Журт-Кыргызстан” партиясына кошулганбыз. Бир мандаттуудан келген калган 12-13 депутат өздөрүнчө фракция түзүп алышты, анткени Конституция жол берет экен. Биз да ишибиз жакшы болуш үчүн “Ата Журттан” бөлүнүп иштеп көрөлү деп эле ынтымак менен кол үзүштүк. Бул жерде эч кандай портфель бөлүштүрүү, квота алуу деген максат жок. Портфелдердин баары бөлүнгөн, спикер шайланган, 8 комитет мурда эле бар болчу. Биз фракцияда жалпы 33 депутат болуп кетип анча-мынча жыйындарда министр келсе суроо бергенге жетишпей калат элек. Азыр кенен-кесир отуруп каалаган сурооңду узатып, жооп ала аласың. “Мекенчил” деп атыңарды партиянын атынан коюп алыпсыңар” дегендер да болуп жатат. Алгач фракциянын аталышын “Патриот” деп койгонбуз, кыргызча кылалы десек эле мекенчил болуп которулуп калат экен. Ошон үчүн бизди эч бир партияга байлабаганыңар туура.

– Жакында комитет жыйынында Бишкектин вице-мэрине “мени сыйла, сыйлабасаң сыйлатып алам” деген сөзүңүз талкууга жем таштады. Ошентип эскертүү депутатка канчалык ылайыктуу?

– Бизде жаман нерсе бат жайылат да. Ошол “мен сени сыйлатып алам” деген сөздү гана угушат, калганычы? Аягына чейин бир нерсени көрбөйбүз, окубайбыз, анан тепкилеп жатып калабыз. Мен үйдүн эң улуусу болгондуктан бир туугандарымдын үйлөрүн дагы меники деп айтам. Шүкүров көчөсүндөгү 166-үй менин бир тууганымдыкы эле. Мен антип вице-мэрди зекигенге чейин мэриядан келген эки жаш вице-мэр бирөө доклад окуп жатса мылжыңдап күлүп отурушту укпай, ошого ачуум келип айткан элем. Ал эми сүрдүрүлгөн үйдүн короосу менин бир тууганым сатып алганга чейин эле тургузулган. Ал өзү барып “дубалды сүздүрүп бергиле” деп арыз таштап келген. Анан вице-мэр 20-30 журналистти ээрчитип барып алып дал менин үйүмдү сүрдүрдү шоу кылып. Эми ал бала деле жаш да, пиар кылгысы келдиби же бирөөлөрдүн тилине кирдиби, ким билсин? Мен ал сөздү дагы деле кайталай алам. Сыйлатып алам. Сөздү туура түшүнүш керек. Коркутуу эмес. Сыйлаганы ошо, кечирим сураганы да. Бул маселеде мэриянын талабы мыйзамдуу, муниципалдык жерди бошотуш керек болчу, бир тууганым бошотту.

– Жалган маалыматтар, кара пиардын курмандыгы болгонсузбу, бул адам үчүн оорбу?

– Мен өмүр бою эле ошондой нерселердин курмандыгы болуп келе жатам. 2010-жылга чейин болгону 3 жыл чоң мамлекеттик кызматта иштедим. 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин жумуштан кеткем, ошондон бери мени жамандагандар токтобойт. Мен ага көнүп деле калдым. Мен жөнүндө жазса кубанам, азыр тескерисинче, бул нерсе адамды ого бетер курчутуп, бышытат тура. Өлкөдөн качып кетпей, “кой, бир адам жоопкерчилик алыш керек да” деп өзүм каалап, өзүм бардым, моюнума жоопкерчилик алдым. Мен ал кадамым үчүн сыймыктанам. Абакка отуруп чыкканымды деле жакшылыкка жоруйм, мамлекет мени жөнөттү ошол жакка деп коём. Ошол кара пиарды жаза берип, тескерисинче, менин теримди катырышты. Ошентип жүрүп кайтып эле мамлекетке, элге кызмат кыла турган жерге келдим. Мен кара пиар, жамандоо дегенге кубанам, эртең сен деле гезитиңе жамандап жазып сал, капа болбойм деле.

– Биздин гезит андайдан алыс. Кыргыз волейбол федерациясынын президентисиз, көпчүлүк сиздин бул спорт түрүнө кошкон салымыңыз зор экенин айтышат...

– Мени расмий түрдө 2009-жылы Волейбол федерациясына президент кылып шайлашкан. Андан бери 4 жолу шайландым. Отуруп калган кыргыз волейболунун дэңгээлин көтөрүп, азыр Кыргызстан волейболчулары Азиядагы мыкты командалардын бири. Дүйнө бизди тааныды. Мен мончо, ресторан курбадым, азыр башымды бийик көтөрүп жүргөнүмдүн себеби – кыргыз волейболун бутуна тургузуп койдум. Анткени мен президент катары волейболду көтөрүүгө милдеттүү элем. Бул менин ишиме болгон жоопкерчилик деп билем.

– Кызыңыз Элдана Сатыбалдиева белгилүү вайнер, блогер. Маектеринин биринде “атам менин чыгармачылыгыма олуттуу карабайт” деген эле, азыр көз карашыңыз өзгөрдүбү?

– Менин эки кызым бар Элдана, Элима деген. Кыздарым – менин бактым, байлыгым, аларды өтө жакшы көрөм. Кыз киши бакыт тартуулоо үчүн эле жаралат экен да. Балдарымдын бирине да “тигини кыл, муну кылба” деп тыюу салып тарбиялаган жокмун. Баары кесиптерин, билимдерин өздөрү тандашты. Элдана кызым да алгачкы кыргыз вайнери катары таанылды. Азыр каржы жагынан толугу менен өзүн-өзү каржылайт. Мен анын ишине кийлигишпейм. Өзү туура айтыптыр, видеолорун деле көрбөйм, анча-мынча “сөзүм” болсо апасынан айттырам. Кызымды сындагандар менин кызымдай кыздуу болуп алгыла. Бешөө сындаса, ону мактайт. Ал өзүн толук чыгармачылыктан тапты, тандоосун сыйлайм.

– Маегиңизге чоң рахмат!

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1036, 14-20-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан