Гүлсүн Бостонкулова, ырчы: «ЫРДАБАЙ КАЛСАМ ДЕПРЕССИЯГА ТҮШҮП КЕТЕМ»

Элдик ырга айланган “Ыр кесе”, “Тагдырга”, “Ак чардагым”, “Кусалык” аттуу ырлардын автору, обончу Маматибраим Бостонкуловдун кызы, ырчы Гүлсүн Бостонкулова менен маектештик. “Чыгармачылыгым эки багытта, бири – атамдын ырларын жаңыртуу, экинчиси – замандын талабына ылайык ырдоо” дейт ал.

– Саламатсызбы, Гүлсүн айым? Чачыңызга көзүм түштү, айымдар өзгөрүүнү чачтан баштайт деп коюшат го.

– Саламатсыздарбы? Чачыма зизи тактырайын деп көптөн бери кызыгып жүргөм. Жакында эле тактырдым, абдан жагып жатат, жарашып дагы калды. Эл көзүндөгү адам болгондон кийин бир аз өзгөрүүлөрдү жасап да туруш керек.

– Чыгармачылыгыңызда кандай иштер жасалып жатат?

– Көз ачып-жумганча аптаптуу жай өтүп, күтүрөгөн күз кирип келди. Бул күзгө жеке концертимди пландап, датасын дагы белгилеп койдум эле. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп, быйыл концерт бере албай калдым. Атамдын ден соолугуна байланыштуу да жылдырдым десем болот. Буюрса, кийинки жылга деп ниет кылып жатам. Ал эми жаңы ырлар боюнча айтсам, жайында “Жашайт махабат” деген ырымды клиби менен чыгаргам. Андан бери тойго ылайыктуу ырларды жаздырдым. Ал ырларды чыгармачылыкка кошо албайм.

– Атамдын ден соолугу деп калдыңыз, Маматибраим агайдын учурда ден соолугу жакшыбы?

– Кудайга шүгүр дейин. Атам инсульт алып ооруп калганына 5 жылдай болуп калды. Бул да Кудайдын буйругу экен. Атамдын көңүлү назик, таарынчаак, абдан чынчыл. Дайыма адилеттикти күтөт. Ошол мүнөзүнөн улам да ооруп калдыбы деп ойлойм. Өмүр бою мамлекеттик жумушта иштеди. Бирөөгө жагалданып бир нерсеге жетүү дегенди билбейт. Ошон үчүн Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамын былтыр араң алды. Менимче, атам Эл артисти наамын алышы керек эле. Документтерин жылда тапшырчу. Бир жолу айтканы эсимде, мурун Ошто майда мантыны сатуучулар кагазга салып беришчү. Атам ошондой манты жеп жатып оролгон кагазды караса, өзүнүн наамга тапшырган документинин барагы экен.

– Атаңызга жакын көрүнөсүз, ээ?

– Ооба, үй-бүлөдө 1 уул, 5 кызбыз. Мен кыздардын кичүүсүмүн, менден кийин иним бар. Эркек мүнөзмүн. Атама жакын өстүм, атамдын кызымын десем болот. Балалыгым Ош шаарынын Төлөйкөн айылында өттү. Бала кезден эле музыкага сугарылып чоңойдум. Үйдө музыкалык аспаптардын баары бар болчу. Нурзат деген эжем экөөбүз фортепианодо ойноп ырдачубуз.

– Ырга бала кезиңизден жакын экенсиз, музыкалык билим алсам дечү белеңиз?

– Атам чыгармачылык жолду тандабасын деп мени башка окууларга тапшыртты. Ош технологиялык университетин жана Бишкектеги Президенттин алдындагы башкаруу академиясын бүтүргөм. Диплом алганым эле болбосо, алган билимим боюнча иштөөгө эч каалоом жок. Университеттин иш-чараларына катышып жүрүп эле окууну бүткөм. Ата-энем “сени музыкалык окуу жайга эле тапшыртсак болмок экен” деп калышат. Искусство жаатында окуганда мага деле жакшы болмок, музыкалык билими бар, нота тааныган ырчы болмокмун да. Бирок Кудайга шүгүр, жашоомдун эч бир учуруна өкүнбөйм.

– Чыгармачылыкка алгачкы кадамдар кандай башталды?

– 2004-жылы Бек Борбиев уюштурган “Шамшыкал” деген музыкалык сынакта Гран-прини жеңип, автоунаа утуп алгам. Ошондон кийин бир жылдай Бек Борбиев менен гастролго чыгып жүрдүм. Анан Москвага иштегени кеттим. Ал жакта иштеп үй-жай алып, бутка туруп келдим. Чыгармачылыкка кеч аттандым, бала карап үйдө отурган эле аял болчумун. Жолдошум экөөбүз эки ажырым жолго түшкөндөн кийин эмне иш кылсам деп ойлонуп, бир үйүмдү сатып автоунаа, анан музыкалык аппаратура сатып алдым. Ресторандарга, үй тойлорго буюртма менен чыгып музыка коюп иштеп жүрдүм. Бир күнү музыка коюп отурсам Жылдызбек Султанкулов деген тамада “сен бул жакта эмне отурасың, өң десе өң, үн десе үнүң бар. Жар-жар жаздырбайсыңбы” деп калды. Ошентип ыр жаздырып, форма тиктирдим. Тойлорго чыга баштадым. “Жар-жар” айтып, кайра музыка коюп көпкө чейин иштеп жүрдүм. Анан “Мага жолук”, “Менин махабатым” деген ырларды жаздырдым, элге жакты. Андан бери акырындык менен тепкичтен тепкичке жылып келе жатам.

– Ырларды кантип тандайсыз?

– Жан дүйнөмө жаккан ырларды ырдай берем. Чыгармачылыкта эки багытта жүрөм. Бири – атамдын ырларын аткаруу, экинчиси – заманбап, жеңил ырларды ырдоо. Атамдын ырлары улуу муунга багытталган, жаштарды дагы эске алыш керек да. Атамдын “Эңсөө”, “Тагдырга”, “Кусалык” деген ырларын ырдагам. Дагы да ырдап чыга турган ырлары көп. Менин кеңешчим апам, азыр апам экөөбүз кеңешип, жаздырууга жаңы ыр тандап жатабыз.

– Канча баланы тарбиялап келесиз?

– 1 уул, 2 кызым бар. Кызым турмушка чыккан, неберем бар. Кудайга шүгүр, күйөө балам экөө бактылуу жашап жатышат.

– Жапжаш туруп таене болгон турбайсызбы. Неберелүү болгон кандай экен? Кандай кайненесиз?

– Чынын айтсам, азырынча неберенин ырахатын сезе элекмин. Кайненелик деле кылбайм. “Аман болсоңор болду, мен силерге тийишпейм, жакшы жашай бергиле” дейм. Айрымдар “жапжашсың, балдарыңды Инстаграмга чыгарбай, өзүңдү чыгарбайсыңбы” дей беришет. Балдарымды жашырып эмне кылам, алар менин бактым да.

– Ырчылыкты каражат тапчу булак катары көрөсүзбү?

– Жок, ырчылык каражат таба турган негизги булагым эмес. Өзүм бизнес менен алектенем. Ырчылык – бул мен үчүн хобби, жан дүйнөмдүн эңсегени. Ырчылыкты эч качан таштабайм. Ырдабай калсам бук болуп ооруп калам. 2-3 күн тойго барбай калсам, ырдабай депрессияга түшүп кетем. Ырдаганда кадимкидей эс алам.

– Маегиңизге рахмат. Ишиңизге ийгилик!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1036, 14-20-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан