МЕДИЦИНАДА АЛБАРСТЫ БАСУУ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Бул жолу сомнология илимине кайрылып, уктап жатканда адамдын кыймылдай албай калуусу, башкача айтканда, кыргыз эли албарсты басуу деп билген абал боюнча сөз кылабыз. Бишкектеги №1 клиникалык ооруканасынын ангионеврология бөлүмүнүн жетекчиси Туратбек Кадыров маалымат берет.

Тез жана бат уйку фазасы

Адам уктап жатканда кээде эмне үчүн муунуп, кыймылдай албаган абалда калат? Тагыраагы, эмне үчүн албарсты басат? Буга жооп табуу үчүн алгач уйку жана анын фазалары боюнча билүү керек.

Адам өмүрүнүн үчтөн бирин уйку менен өткөрөт. Демек, 75 жыл жашаган адамдын 25 жылы уйкуда өтөт. Уйку-организмди ашыкча чарчоодон сактоочу жана ишке жөндөмдүүлүктү калыпка келтирүүчү процесс. Уйку нерв системинен көз каранды. Адам кубанса, корксо, тынчсызданса, анда нерв дүүлүгүп, көпкө чейин уйку келбейт.

Уйкуда адамдын сезгичтиги төмөндөйт, рефлекстер тормоздолот. Уйку кезинде адамда убак-убагы менен 2 фаза кезектешет. 1-фаза жай уйку, 2-фаза тез уйку деп аталат. Адам уктаар замат жай уйку фазасы башталып, ал 60-90 мүнөткө созулат. Бул аралыкта адам ары-бери оодарылып барып тынчыйт, булчуңдардын кыймылы (тонусу) сакталат, адам түш көрбөйт. Адам организми эс алып баштайт. Анан жай уйкунун ордуна тез уйку фазасы келет. Мында көз жана мурун булчуңдарынан тышкаркы денедеги булчуңдардын баары бошойт, жарым-жартылай же толук шал абалда болот. Түш көрүү ушул фазада күтүлөт. Ошентип түн ичинде уйкунун фазалары бири-бири менен алмашып турат.

Чоң адамдардын уйкусунун төрттөн бир бөлүгүн тез уйку, калганын жай уйку түзөт. Эгер адам жай уйку кезинде түш көрсө аны эстеп кала албайт. Башкача айтканда, эсте сактала турган түштөр тез уйку кезинде кирет. Тез уйку фазасы түнү менен 5-6 ирет кайталанат.

Уйку үчүн канча убакыт жетиштүү? Буга так жооп бериш кыйын. Анткени бул организмдин өзгөчөлүгүнөн көз каранды. Кээ бирөөлөргө уктап эс алуу үчүн 8 саат керектелсе, айрымдарга 6 саат жетет. Адам бир нече күн уктабай калганда көзүнө ар нерселер көрүнүп, сөздөрү түшүнүксүз чулдурап калат, көрүү, угуу, эс-тутум начарлайт. Болжол менен жол кырсыктарынын ар бир алтынчысы айдоочунун жакшы уктабай калганынан болот.

Албарсты кандай учурда басат?

Уктоо маалындагы кыймылсыздыкты, шалдыкты (сонный паралич) кыргыздар албарсты басты деп коёт. Албарсты уктап жаткан кезде, ойгонор алдында, ошондой эле уйку-соо арасында басат. Мындай абал тез уйку фазасында күтүлөт. Адамдын булчуңдары жарым-жартылай же толук кыймылсыз, шал абалында болот. Адам кыймылдай, сүйлөй жана көзүн ача албайт. Кандайдыр бир нерсе, караан көкүрөгүнөн басып, муунтуп жаткандай сезилет. Бирок адамдын көз чарасы кыймылда, акыл-эси сакталган абалда болот. Сүйлөй албайт жана көзүн ача албайт, бирок баарын сезип жаткан болот. Уктоо абалындагы шалдык көпчүлүк учурда бир нече секунддан 2 мүнөткө чейин созулат. Айрым учурда гана андан бир аз көбүрөөк убакытка созулушу ыктымал. Мындай абалдагы адам кандайдыр бир үн угулуп же бир нерсе калдырап кетсе, же бирөө ал адамды түртүп жиберсе ойгонуп, ал абалдан чыгып кетет.

Медицинада уйку абалындагы шалдык тууралуу 17-кылымда голландиялык врач Ибрэн Ван Диембрук жазып чыккан. Ал 50 жаштардагы дени сак аялдын түн ичинде уктап жатканда бир нерсе, мисалы, жин-шайтан же ууру аны кыймылдатпай төшүнөн басып тургандай болгон абалын жазып чыккан.

Албарсты басуу же уйку абалындагы шалдык адамдын акыл-эси ойгоо, активдүү абалда, ал эми денеси ойгоно элек, уйку абалында болгон учурда кездешет. Акыл-эс ойгоо болгондуктан адам денесин кыймылдатып турайын дейт, бирок денеси уйку абалында болгондуктан кыймылдай албайт. Мындай абал адам чалкасынан жатканда кездешет.

Уйку абалындагы шалдыктын белгилери:

Кыймылдай, сүйлөй албоо, көкүрөгүнөн же үстүнөн бир нерсенин басып тургандагыдай, муунткандай сезимдин болушу, акыл-эстин сакталышы, коркуу, паникага түшүү, жүрөктүн бат-баттан кагышы, тердөө, ал тургай айрымдарда өлүп бараткандай абал сезилет. Айрымдар булардан тышкары эшикти бирөө ачып, басып келгендей таасир болгонун да айтышат.

Уйку абалындагы шалдык ар бир элде кездешкендиктен эл арасында ар кандай түшүнүктөр жашайт. Мисалы, өлгөн адамдын арбагы же жин-шайтан келип муунтат деген түшүнүктөр да бар.

Албарсты басууга эмнелер түрткү болот?

Өнөкөт уйкусуздук, стресстер, үй-бүлөлүк чатак, депрессия, уктаар алдында тамакты көп жеп алуу же кофе ичип алуу, уктай турган жайдын жайлуу болбошу, узак убакытка уктабай жүрүү, шакый, апноэ (уйкуда кезде дем алуунун токтоп, кайра уланып кетиши), оор жумуш жасап чарчоо, ашыкча салмак, тукум куучулук, невроз, жогорку кан басым жана психикалык оорулар, түнкү мөөнөттө иштөө. Ошондой эле ичимдик ичүү, уктатуучу дары-дармектер, ур-соккуга кабылуу, баштан жаракат алуу, айрым дарылардын терс таасири, тамеки тартуу, бронхит жана бронхиалдык астма оорусунун күчөгөн кези жана башкалар түрткү болот. Жүрөк-кан тамыр оорусу барлар чалкасынан же туура эмес жатып калганда абанын жетишсиздигинен да аталган абалга тушугушат.

Дени сак 10 адамдын жок дегенде төртөөсү уйку абалындагы шалдыкка учурай тургандыгын окумуштуулар айтышат. Айрымдар өмүрүндө 1-3 жолу кезиксе, айрымдар бат-баттан тушугуп турушат. Бат-баттан тушуккандар паникага алдырып, уктагандан, үйдө өзү жалгыз калгандан, жалгыз уктагандан коркуп калышат. Албарсты басса тез жардам чакыра бергендер да бар.

Студенттер кышкы жана жайкы сессия кезинде, айрымдар башка жакка көчкөндө стресстен улам мындайга туш болушат.

Уйку абалындагы шалдык ден соолукка коркунуч туудурбайт, оору катары да саналбайт, бул болгону синдром (оору жок, бирок белгилери бар). Бирок бат-бат кезиге берүүдөн жашоонун сапаты, ишке, ойлоого болгон жөндөмдүүлүк төмөндөйт.

Дарылоо

Эгер уйку абалындагы шалдык көп кездешсе психолог, психотерапевт, неврологго көрүнүп, себептерин тактатуу, кеңеш алуу кажет. Алар адатта адамдын кыйналган себептерин угуп, алардан чыгуу жолун көрсөтүп, мээни эс алдыруучу чөп дарыларды жазып беришет.

Албарсты баспоо үчүн күндө бир убакта уктап, бир убакта ойгонуу, стресстен чыгуу жолун билүү, уктаар алдында таза абада сейилдөө, уктаарда тамак ичпөө, уктоочу жайдын таза, жайлуу болушу, спорт менен достошуу керек. Чөнтөк телефонду, телевизорду мээ чарчап кеткиче карабоо, көрбөө сунушталат. Уктаганда чалкадан эмес, капталдан (кырынан) жатуу жакшы. Көмкөрөдөн, ошондой эле төшөктү чүмкөнүп уктоо да уйку абалындагы шалдыкка жеткириши ыктымал.

Ковидден кийин уйку абалындагы шалдыкка учурагандардын саны көбөйгөн. Буга ковид менен ооругандардын өнөкөт ооруларынын козголушу, элдеги дүрбөлөң да кошумча болгон.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Shokoladka94
2022-10-18 19:41:00
Албарсты кадимкидей эле ар кайсы адамдын кебетесинде же өзүнүн кебетеси менен келгенин көрөт го адамдар, медицина бул боюнча түшүндүрмө бере алаар бекен?
0
№ 1036, 14-20-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан