ВРАЧТАР “МАЙЫП БОЛОСУҢ” ДЕШКЕН, БИРОК АЛ ЧЕМПИОН БОЛДУ – ЧАРЛЬЗ ОЛИВЕЙРА

22-октябрь, 2022-жыл. Эрежесиз эр уруштун күйөрмандары бул датаны чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Анткени октагондо айтылуу Чарльз Оливейра – Ислам Махачевдин беттеши болот. Кимиси жеңишке жетет деп ойлойсуз? Беттештин алдында UFC’нин учурдагы №1 мушкери Чарльз Оливейранын октагон сыртындагы жашоосуна саресеп сала кетели.

Аты-жөнү: Чарльз Оливейра де Силва

Каймана аты: do Bronx

Туулган жери: Бразилия, Гуаружа

Туулган жылы: 1989-жыл, 17-октябрь

Бою: 178 сантиметр

Кесиби: жеңил салмактагы мушкер

Бразилия жиу-житсусунун кара курунун ээси

Эрежесиз эр уруш

Өткөргөн мушташынын саны: 42

Жеңишинин саны: 33

Жеңилүүсүнүн саны: 8

Тең чыгуу: 0

UFC’нин рекордчусу

40тан ашык беттеш өткөргөн Оливейра 3 раунд менен беттешти аяктап келет.

Мөөнөтүнөн мурда жеңиштеринин саны – 19

Сабмишн жеңиштеринин саны – 16

Мелдеш учурунда эң көп бонус алган – 18

“Кеченин мыкты беттеши” – 12


Жаш баланы жыккан артрит

Мушкердин do Bronx каймана аты эмнени түшүндүрөт билесизби – Фавелден чыккан мушкер. Бразилиянын жокчулуктун сазында жашаган аймагы Фавел деп аталат. Чарльз дал ошол аймактын тургуну. Атасы мал союлчу жайларда жалданма жумушчу, апасы болсо мектепте пол жууп иштечү. Кичинекей Чарльз апасын ээрчип базарга барып, жашылчаларды сатканга жардам берет эле. Ошол жерден өзү теңдүү балдар менен ойноп жүрүп көпчүлүк бразилиялыктар сыяктуу эле футболго болгон сүйүүсү ойгонгон. Бирок врачтар бала 7ге чыкканда эле спорт менен коштошо турган коркунучтуу диагнозду айтышкан – жүрөк оорусу жана ревматоиддик артрит. Футбол менен уктап, футбол менен ойгонгон балага топтун артынан кубалоо эмес, араң жылып басып калуусу чоң сокку болчу. “Врачтар балаңар баспай, майыптар арабасында отуруп калат дешти. Жашоону жаңыдан баштаган, эч күнөөсү жок баламдын көздөрүн карап туруп “биз ооруга моюн сунбайбыз, Кудай сенин баспай калышыңа жол бербейт” дегем” деп эскерет Чарльздын апасы. 2 жыл ооруканада жаткан баласынын жанынан чыкпаган апасы болду. Түнү Чарльздын колун кармап отургучта түнөп, күндүзү жумушуна кетер эле. Атасы да колунан келген жумушун кылып, аз да болсо тыйын-тыпыр чогултчу. Аларга мектеп директору да жардам берип, Чарльзды жаңы медициналык ыкмалар менен текшерткенге каражат берген. Ал оорукананы 11 жашында таштап, үйүнө келди. Ошондо да жылып басып, эки жумада бир ооруканага барып толгон-токой дарыларды сайдырып келчү.


Футболдон жиу-житсуга өткөн сүйүү

Бир күнү атасынын досу келип, Чарльзга жиу-житсу жөнүндө айтып берет. Футболго кайта албасын түшүнгөн жигит врачтардын караманча-каршы болгонуна карабай 2 айдан кийин залга барып машыга баштаган. Апасы баласынын спортто кайрадан жаракат алып калуусунан корккон, бирок атасы баласына ишенген эле. Арадан кыска эле убакыт, тагыраагы, 2 айлык машыгуудан кийин жиу-житсу боюнча жергиликтүү чемпиондукта Чарльз алтын медаль тагынган. “Баламды ээрчитип врачтын кабинетине бир эмес, эки алтын медаль көтөрүп киргенимде анын көзү алайып “керемет бар экен да” деп таң калган” деп уулунун ийгилигин сыймыктануу менен эскерет атасы. Жиу-житсу боюнча кара курдун ээси болгон Чарльз 2008-жылдан баштап эрежесиз эр урушта профессионалдык карьерасын баштап, жеңиш эсеби 12:0 көрсөткүчүнө жеткенде жаш мушкерге UFC кызыгуусун арткан.

Хабибден кийинки чемпион!

2010-жылы ММА уюму менен келишимге кол коюлду. Бирде жеңилүү ызасын, бирде жеңиш даамын таткан мушкер 2018-жылдан баштап карьерасында жалаң биринчилик көрсөткүчү менен чемпиондук курга багыт алган.

2021-жыл. Хабиб Нурмагомедов карьерасын аякташы менен чемпиондук курга ат салышуу мүмкүнчүлүгү Чарльз Оливейра менен Майкл Чендлерге тийген. Биринчи раунддун жүрүшүндө Чендлер үстөмдүк кылып, мына-мына Оливейра октагондун полу менен бетме-бет жабышып жатып калат деп сезилип жатты. Бирок “ийгилик – фортуна” эмеспи, 2-раунддун 19-секундунда өзүн чемпиондук кур менен элестеткен Чендлер нокаутка кетти. Кинодогудай алгач жеңилип, анан акыркы секунддарда тирилип каршылашын жеңген каарман Чарльз Оливейра – чемпион! “Фавел, кур биздики!” – бул чемпиондун сыймыктуу сөзү болду.

2021-жылдын декабрь айында Чарльз америкалык мушкер Дастин Порье менен кез келип, чемпиондук титулун коргоп кала алган. 2022-жылы 7-майда титулду коргоо үчүн Жастин Гейджи менен октагонго чыгардын алдында эле чемпиондугунан ажырап калды. Анткени анын салмагы керектүүдөн 200 граммга ашып кетип, автоматтык түрдө чемпиондук титулдан айрылды. Ошентсе да эки мушкер тең 8 бурчтукка чыкты. Оливейра чемпиондукка ат салышчу ваканттык орун үчүн күрөшсө, Гейджи кур үчүн ат салышмак. Жыйынтыгында Оливейра жеңишке жеткени менен, чемпиондук титулга атаандаш болуп гана калды. Алдыда Ислам Махачев менен беттеш. Хабибдин мекендешинин жеңишине ишенгендер көп, бирок Оливейра да оңой-олтоң жеңилип берчүлөрдөн эмес. Чарльз күйөрмандарына “Махачевди нокаут менен жеңем” деп сөз берүүдө. Фортуна кимге буруларын эми 22-октябрда билебиз.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1036, 14-20-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан