КАТ ТУРМУШ (Орусиядагы Кыргыз мигранттарынын жашоосун баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Бөлөк эл, бөлөк жерде ушул кантип болсун?! «Алып барып эрге берип келдиң» деп атасы мени жейт го. Эмне деп жооп берем?! – деп ыйлады. «Артынан барбасам болбойт, сен мага караан болуп барып келчи» деп суранды. Кайсы убакта ойлонуп, түшүнүп жетишмек элем? Кечээ эле Айзат ооруп, анын ишин биз жасап, ооруканага көрсөтөлү деп апасынын сөйкөсүн сатып жүрсөк, бүгүн ал жигити менен качып кетсе...

«Жигит кайдан чыкты?» деп эле башым жетпейт. Апасы экөөбүз ээрчишип алып Москванын бир башына жөнөдүк. Катта жазылган даректи таап бардык. Кадимки эле Москвадагы биздин турмуш. Жигит жумушка кетиптир, апасы үйүндө экен. Айзат жүрөт чайнек-чынысын көтөрүп.

«Апа, мени кечирип коюңуз. Сизге айткандан корктум. Ооруканага бара албайт болчумун, боюмда бар»,– деди. Апасы экөөбүз селейип калдык. Коркпой-этпей эле тирмийип туруп айтты. Ошол үйдүн босогосун аттагандан кийин эле коркунучу тарап кеткен немедей тирмийип туруп айтты. Ушуну өзү кусуп, биз эмне болду деп чебелектеп жатканда эле, сөйкө сатып жатканда эле айтса эмне болмок? Ызаландым. «Бузулган кыз болчу, жигиттер менен эле жалжактап отурчу, ошол үчүн айлык төлөйүнбү?» – деген чоочун аялдын үнү кулагыма жаңырды. Чын эле ошол аялдын сөзү туура чыгып калды да. Биз Айзатка чаң жугузбай аябай чычалабадык беле. “18 жаштагы кызды ушинтип айтат” деп тигил аялды каргабадык беле. Тилекке каршы, ал аял айткандан да жаман чыгып калбадыбы. Боюнда болуп алып, жигиттин апасы каршы чыкканына карабай эле экөө түндө жетелешип кирип барыптыр.

Болочок кайненеси бизди маңдайына отургузуп алып: «Бул экөө түндө келди, мен экөөнө тең айттым. Бирок силерге да, силердин көзүңөрчө кызыңарга да дагы бир кайталап айтып коёюн, мен кызыңызды балама алып бере албайм. Кызыңыз менен кеңешип, боюнан алдырып коюңуз. Кийин эне боло албай калат деп корксоңуз, көз жарып алганча биздин үйдө жашап турсун. Баламдын күнөөсүн тартышканым, катасын түзөлткөнүм ушул болсун», – деди. Айзаттын апасы «Менин кызымды балаңызга алып бересиз, болбосо сотко берем» дегенге өттү. Мен болсо сөз кошо алган жокмун. Караан болгонум курусун... Жалдырап эле отурдум. Кайнене да бош келген жок. «Мен баламдын келечеги мындай болушун каалаган эмесмин. Кыргызстанга кайтканыбызда элдей болуп келиниме сөйкө салып, дүңгүрөтүп той берип үйлөнтөм деген кыялдарым бар болчу», – деп алкынды.

Айзаттын апасына боорум ооруду. Адатта бизде кыз берген тарап үстөмдүк кылат, шарт коёт, талап кылат. Биз анте албадык. Айзаттын апасы анте алган жок. Кызы тигинтип отурса, кантип каршы тарапка шарт койсун? Айласыз көзүн жашылдантып: «Мен деле кызымдын колун сурап келсе, макулдугубузду берип, батабызды берип, өз колум менен узатам деп кыялданчумун. Мен эле бөлөк жер, бөлөк элде кызымды бирөөгө түртө салайын деп кыялданыптырмынбы? Балдар балалык кылыптыр. Ырас, балаңыз моюнуна алып кызымды жетелеп келип жаткан соң ал сиздин бүлөңүз»,– деди.

Ага тиги аял көнгөн жок. Көнчүдөй түрү жок. Баарына даяр экен. Айзаттын, баласынын, али төрөлө элек небересинин тагдырын бир түндө чечип коюптур. Айзаттын апасынын көз жашын көргөндөн кийин ого бетер ишенимдүү сүйлөп кирди.

– Кызыңыз көз жарганча биз менен жашап турсун. Убактылуу жашап турат. Бирок балама алып бербейм. Канча жылдан бери балалуу боло албай жүргөн тууганыбыз бар. Төрөсө, ошого баласын берип коёбуз, калганын да көрө жатарбыз, – деди. Ортодо аябай талаш-тартыш болду, бирок кайнене оюнан кайткан жок. Ошончонун баарын Айзат укту, уяттан өлбөй бизге чай даярдады. Урушуп жатсак, чай өтөбү? Көргөндөн көрө элегибиз көп окшойт...

Баланын апасына таң калдым. «Балам колу менен кылганды моюну менен тартат» деген жок. Жигит тарбиялаган адам сөздү ушундан башташ керек болчу да. Анткен жок. Бир кыздын, бир наристенин, болгондо да өзүнүн небересинин тагдыры жөнүндө сөз болуп жатса деле: «Мен баламды элдей кылып үйлөнтөт болчумун, той берем деген кыялдарым бар болчу», – деп долулана берди. «Кыялдарым эле, кыялдарым» дейт... «Баламды адам кылып, жигит кылып, мырза кылып тарбиялайм» деп неге кыялданбады экен дейм да... Кемсинип, басынып, жеңилип калдык. Мен караан болуп эле карап турдум. Балким, менин ордумда Айзаттын апасынын таламын талашкан, оозунда сөзү, билегинде күчү бар бирөө болгондо Айзаттын апасы мынчалык кемсинбейт беле? Жигиттин апасына шарт коёт беле?

Айзат ошол үйдө калды. Жапжаш кыз тагдыр деген эмне экенин биле элек кезинде тагдырын талкалап алдыбы деп ойлойм. Же ушул тагдырыбы, тагдыр ушинтип жаралабы деп ойлойм. Ойлонуп эле жатам, бирок баары бүдөмүк. Бир да суроомо жооп жок. Эми эмне болот? Ал аялдан кандай кайнене чыгат, Айзаттан кандай эне чыгат? Айзатты келин катары көрүп кабыл алса деле, анын ал үйгө батып кетиши кыйын го. Кайтып келатканыбызда Айзаттын апасы: «Өзүнүн небереси, баланы көргөндө жумшарат, кабыл албай кайда барат? Аман-эсен көз жарып алса, оту менен кирип күлү менен чыгып жашап кетет», – деди.

Эже, бала төрөп койсо эле бирөөнүн үйүнө батып кетет, батып кетем деген түшүнүк кайдан чыккан? Чуурутуп төрөсө деле өмүр бою бата албай, сөзү кыска болуп, кор болуп жашап жүргөндөрдү көп көрдүк го. Аларды, аларга кошуп Айзатты ойлоп отурам. Турмуш курууга, эне болууга али эрте болчу. Бул күндө ага окшогондор канча? «Айзаттар» бир үй-бүлөгө батып кетиш үчүн эле төрөлгөн наристелер канча? Эми эмне болот? Айзат эмне болот? Анын ичиндеги баласы эмне болот?

– Экөөбүз тең кызык эле экенбиз... Чоң эле аял болуп калдык, болбогон эмнебиз калды? Бирок Айзаттын кусуп жатканын көрүп, угуп «Ушунун боюнда жокпу?» деп ойлонуп койбогонубузду кара...

– Эже, 18 жаштагы кыз ушундай иштерге барат деген ой үч уктасам түшүмө кирмек эмес. Жүдөп, ачка болуп, ооруп, киерге кийими жок турган кызды «ушунун боюнда болуп жүрбөсүн» деген шек менен ким карай алат? Жигит менен сүйлөшүш үчүн, жолугушууга барыш үчүн деле курсагың ток, кийимиң бүтүн болуш керек го. Мен акыркы күндөрү: «Анын оорусу опурталдуу болуп калса кантебиз?» – деген коркуу менен эле жашадым. Анан Айзаттын кылыгын укканда аябай чычаладым. Ошол корккон сезимиме, ага чындап күйгөнүмө, аны «бузулган кыз» деген аялды каргаганыма чычаладым. Эми ошонун баарын ал эмес, мен жасагансып, улам Айзатты, ал жөнүндөгү ойлорумду мээмден өчүргөнгө аракет кылып жатам. Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт. Бирок ушул кызды деле, апасын деле экинчи көрбөй эле койсом экен. Ылайым, бактылуу болсун, болгону мен бактылуу болгонун, балалуу болгонун, ошол үйгө батып кеткенин деле, башкасын деле көрбөй эле коёюн. Ушул окуяны эстегим келбей калды. Бирок көп эстейт окшойм...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1036, 14-20-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан