УКУК КОРГООЧУ КУУГУНТУККА КАБЫЛДЫБЫ?

Укук коргоочу Камиль Рузиев бир нече жылдан бери зордук-зомбулукка, милиция тарабынан кыйноого алынган жарандарга укуктук жардам көрсөтүп келет. Эми өзү укук коргоо органдарынын кыйноосуна кабылып, куугунтук көрүп жатканын айтып чыкты. Окуянын чоо-жайын төмөндөн окуңуз.

Камиль Рузиев: “Мен да кыйноого кабылгам”

– Көп жылдан бери адилеттүүлүк издеген, зордук-зомбулукка кабылган, сурак учурунда милиция кызматкерлери тарабынан кыйноого алынган түрдүү тагдыры бар адамдарга жардам колун сунуп келем. 2019-жылы өзүм да милиция кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылгам. Ошондо милиция кызматкерлери “Караколдогу СИЗОнун ишин текшербейм, абактагылардын укугун коргобойм” деп тил кат жазуумду талап кылышкан. Тергөөчү менин өмүрүмө бир нече жолу коркунуч келтирген. Башыма кызматтык тапанчасын такап коркуткандан кийин жумуштан алынган. Ал тергөөчү чет өлкөлүк жаранды кыйнап күнөөсүн моюнуна алдырган деп да айыпталып, жабырлануучунун кызыкчылыгын мен коргоп жүргөн элем. Өзүм ал тарабынан кыйноого кабылганда УКМК менен прокуратурага арыз жазып кайрылгам. Иштен жыйынтык чыкпаганда УКМК иштебей жатат, прокуратура иштеген жок деп аларды аракетсиздиги үчүн да сотко бергем. 2020-жылы 29-майда УКМК жана прокуратура кызматкерлеринин үстүнөн жазган даттануум боюнча сот жыйынынан чыгып келе жатканда кармашты. 2 күн жөн эле ИВСте отурдум, түрдүү сөздөрдү айтып кемсинтишти, андан кийин гана сот үй камагына чыгарды. Жактоочум келгенде гана “алдамчылык” жана “жасалма медициналык маалымдама жасаткан” деген берене боюнча кармаганын билдиришти. Укук коргоо органдары менен 2 жылдан бери соттошуп жүрөм. Үстүбүздөгү жылдын август айында жасалма маалымкат боюнча Каракол шаардык соту иште кылмыштын курамы жок деп таап, мени толук актаган чечим чыгарган эле. 11-октябрда Ысык-Көл облустук соту мени актаган Каракол шаардык сотунун өкүмүн жокко чыгарып, мени күнөөлүү деп таап 80 миң сом айып салды. Мунун баары мыйзамсыз, мен эч кандай жасалма медициналык маалымкат жасаткан эмесмин.

“Ишмердүүлүгүм үчүн өч алып жатышат”

– Ысык-Көлдүн укук коргоо органдарында иштеген кызматкерлер мага өчөшүп калышты. Анткени алардын көп былык иштерин ачыктадым. 2014-жылдан бери кыйноо аркылуу кылмышты моюнуна алдырган милиция кызматкерлерин жоопко тартуу иштери менен алектенип келем. Бирок ушул күнгө чейин бир да милиция кызматкери кыйноо үчүн жоопко тартылган жок, ал эми мага көп жабырлануучу кайрылган. Эми менден кутулуш үчүн оозумду тыюуга, эркиндигимди чектөөгө күчүн жумшоодо. Алар ушул күнгө чейин мага 6 кылмыш ишин козгоп, мени эркиндигимден ажыратууга аракет кылышты, бирок негиздүү далил жок болгондуктан, ал ачылган кылмыш иштер токтотулган. Мен бул куугунтуктоону өзүмдүн укук коргоочулук ишмердүүлүгүмө байланыштырам. Өз ишин билбеген профессионал эмес кызматкерлердин чекесине чыккан чыйкан болдум. Мен бул ишимди токтотпойм, уланта берем. Болгон инстанцияларга даттанып адилеттүүлүк орноторубузга ишенем.

Акыйкатчы институту: “Документти жасалгалап колдонуу айыбы негизсиз”

– Акыйкатчы институту Камиль Рузиевдин кармалып жана эркиндиги чектелген жайга киргизилгенден баштап, иштин материалдары сот өткөнгө чейин укуктарынын сакталышына көзөмөл жүргүздү. Ага кылмыш иши уланып жатканына биз тынчсыздануубузду билдиребиз. Тергөөнүн версиясына ылайык, Рузиевдин мыйзамга каршы аракети мындай болгон: “2020-жылдын январь айында ал Каракол шаардык сотунун токтомдоруна даттануу үчүн процесстик мөөнөтүн негиздөөгө Ысык-Көл облусундагы “Балалык” медициналык борборунан жасалма маалымкат алууну чечиптир. Анын К.Т. аттуу медайым таанышы ага маалымдама жазып берет. Бирок Рузиевдин амбулатордук картасында дарылангандыгы тууралуу эч кандай жазуу жок болуп чыккан”. Медайым тарабынан талаптарга жооп бербеген маалымкат расмий документ катары саналышы мүмкүн эмес. Бул нерсени УКМК кызматкерлери да билген. Рузиевге карата расмий документти жасалгалап колдонуу жөнүндө айыптоо негизсиз деп эсептейбиз.

Ысык-Көл облустук соту: “Каракол шаардык сотунун чечими жокко чыгарылды”

– Ысык-Көл облустук сотунун 2022-жылдын 11-октябрындагы аныктамасы менен Каракол шаардык сотунун 2022-жылдын 12-августундагы өкүмү жокко чыгарылып, айыптоо өкүмү чыгарылган. Ал өкүмгө ылайык, айыпталуучу медайым болуп иштеген Т.К.Т. аттуу жаран күнөөлүү деп табылып,
70 000 сом айып пул төлөөгө милдеттендирилди. Ал эми айыпталган укук коргоочу Рузиев күнөөлүү деп табылып,
ага 70 миң сом айып салынды. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 77-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде дайындалган жазаларды жарым-жартылай кошуу менен биротоло 80 000 сом айып пул салынсын деген өкүм чыкты.

P.S.: Эсиңиздерге салсак, укук коргоочу Камиль Рузиевдин иши боюнча 2020-жылдын декабрь айында БУУнун атайын баяндамачысы Мэри Лоулор Кыргыз бийлигине кайрылуу жасаган. Ал кайрылууда баяндамачы Рузиевди куугунтуктоону токтотуп, ал айткан мыйзам бузууларды иликтөөгө чакырган. Окуянын чоо-жайын, укук коргоочуга кылмыш ачуунун негизи эмнеде экенин билүү үчүн Ысык-Көлдүн облустук прокуратурасына, облустук ички иштер башкармалыгына, УКМКга кайрылып тийиштүү жоопту ала алган жокпуз. Редакция айыптоочу тараптын да пикирин чагылдырууга даяр.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1036, 14-20-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан