ТАКСИСТТЕР КАБЫЛГАН ОКУЯЛАР

“Жол азабы – көр азабы” деп бекер айтылбаса керек. Жолдо жүргөндө айдоочулар ар кандай окуяларга туш болушат. Бул жолу биз айдоочулардын сапарда жүргөндөгү кызыктуу окуяларына кулак салдык.

Таалайбек Сапаралиев: “2 бала бычак такап...”

– Мен айдоочулукта 2012-жылдан бери жүрөм. Исхак Раззаков айылында 9-класска чейин окуп, №13 кесиптик лицейди 2013-жылы бүткөнмүн. Узак жолго КамАЗ айдайм. Жаңы үйрөнгөн кезде кетпеген жерден тер кетип, буттар, колдор калтырап абдан жүдөчүмүн. 5 жыл бирөөнүн колунда айдоочу болуп иштедим, акыркы 3 жылдан бери өз алдымча иштеп жүрөм. Айдоочулук деле оор, кыштын күнү жолдо калып кеткен учурлар болот. Айдоочулар бири-бирибизди атыбыздан атабай, каймана атынан айтып чакырабыз, мисалы, Эңкейиш, Туман, 24 Гольф дегендей.

Бир жолу кыштын түнү жолдо баратсам 2 бала кол көтөрдү. Жолдо калган бирөөлөр окшойт деп салып алдым. Көрсө, алар баңгизат чегип алган балдар экен, колдорунда бычак, аябай корктум. Урган жок, бирок бычак такашкан. Эптеп алдап аларды унаадан түшүрүш керек болду, “жүргүлө, дүкөнгө барып бир нерсе алып берем, арак алып берем” деп алдап түшүрүп, анан кетип калгам. Ошондон кийин жолдон киши албас болдум. Дайыма жаныма узун темир салып жүрөм. Айдоочулук менен жан багып келе жатабыз, узак жолдо 20-25 күндөп жүрүп калабыз. Экинчи үйүбүз машинебиз да. Өкүнүчтүү жери – майрамдарда, туулган күндөрдө жакындарыңдын жанында боло албай каласың.

Жылдыз Салыбаева: “Жүргүнчүмдү унутуп калыптырмын”

– Талас шаарында алгачкы аял таксист мен болдум окшойт. Бир жолу тааныш эле жигит “Бакай-Атага алып барып келчи” деп калды. Кызуураак экен. Каяктан алган билбейм, колунда унаанын тетиктерин жууп-тазалоочу кислота бар экен, ошону көзүмө чачып жиберди. Оюмда унаамды уурдап качканы жатат деп көзүм ачышса да ачкычты сууруп ички чөнтөгүмө салып жиберип суу менен көзүмдү жуудум. А тиги “кечирип коюңуз, байкабай калдым” деп кечирим сурамыш этти. Түн болчу, коркконумдан аны менен урушкан жокмун. Жеткенде жол киресин “азыр алып келип берем” деп унаадан түшүп кеткен боюнча келбей койгон. Ошондон кийин электрошокер сатып алгам, бирөө тийише баштаганда көрсөтүп койсом тыпыйып отуруп калат.

Бир жолу Сосновка постунан токтоп дүкөнгө кирдим. Кайра келип отурсам арткы эшиктер тарс деп жабылган, “ии, баары отурду” деп эле айдап кеттим. Бир топ жүргөндөн кийин жүргүнчүлөрдүн бири “тиги байке Сосновкага чейин эле келмек бекен?” деп жатпайбы. Шарт бурулуп артты карасам эле ортодо отурган байке жок. Жашы 50дөн өтүп калган киши эле, кайра кайтып келсем мени издеп жүрүптүр. Таласка жеткиче күлүп барганбыз.

Бир жолу дагы бир жүргүнчүнү унутуп кетип калгам. Анда да Таласка бараткам, 10-15 чакырым жүргөндөн кийин карасам эле бир жүргүнчүм жок. Көрсө, аны да Кожомкул деген жерге таштап кетип калыптырмын. Кайра барсам ал киши эмне кыларын билбей талаада бозоруп туруптур.

Азамат Тынаров: “Саясаттан сүйлөгөндө булар эмне айдоочу болуп жүрүшөт деп ойлойсуң”

– Такси кылып жүрүп ар кандай адамдарды көрөсүң, ар кандай окуяларга тушугасың. Азыр Бишкек-Москвага жүк ташыйм. Сахалинде такси кылып жүргөндөгү бир окуяны айтып берейин. Таң эрте орус улутундагы эки киши отурду, отурганда эле бирөөсү экинчисине акыл үйрөтө баштады: “Гена, Валяга таарынба, ал жакшы аял, тамакты жакшы жасайт, фигурасын көрүп турасың, абдан сонун, сулуу, үнү да керемет. Кээде гана ичип алып үйгө түнөбөй, эртеси чыр салганы болбосо, жакшы аял”,- деп жатты. Алардын сүйлөшкөнү кызык болуп, кулак түрүп калдым. “Гена, сен Валя ичкен күнү унчукпай мактап койсоң чыр чыгарбайт, ичкенде мактап кой” деп, дагы толтура акыл-насаат айтып, Генадан карызга акча алып, түшүп калды. Мен Генаны андан ары алып жөнөдүм. Анан “Гена, бул киши сенин байкеңби же досуңбу?” деп сурасам, ал баарын айтып берди. Көрсө, Гена жакында үйлөнүптүр, аялынын ичип үйгө келбей койчу адаты бар экен. Бирок аны сүйөрүн, ал укмуштуудай сулуу экенин айтты. Ошол күнү Валя сулуусу адатынча үйгө таңга маал келип, чыр сала баштаганда Гена үйдөн чыгып кетип, Валянын биринчи күйөөсү Андрейди чакырып, андан таң аткыча кеңеш алып, анан Андрейди үйүнө жеткирип бара жаткан кербези экен. Өлө күлдүм.

Бир жолу унаа оңдогон жерде кезекте тургам. Жанымда башка айдоочулар саясатты кеп кылып жатышты. Украина менен Орусияда, Баткенде маселени кантип чечиш керек экенин божурашканда “Ташиев, бошот орунду” деп жибергим келди. Анан унаа оңдоочу Боря келип “кезекке турдуңарбы?” деп планшетин көтөрүп жөнөгөндө энесин ээрчиген козулардай эле болуп калышты. Айдоочулар образга кирип саясаттан сүйлөгөндө “булар эмне айдоочу болуп жүрүшөт?” деп ойлоп кетесиң.

Ар кандай алдамчыларга да тушугасың, атайын даярданып алып чыгышат. Бир жолу Москвада бир уйгур улутундагы киши түштү, колунда баштыгы бар. Жетчү жерине жетип, баштыгын таштап коюп, “акчасын азыр үйдөн алып чыгып берем” деп кирип кеткен бойдон жок. 1 сааттай күтүп отурдум, акыры баштыгын ачсам ичине таштанды салып коюптур. Көрсө, атайын даярданып алып эле чыккан экен.

Залкар Айдарбеков: “2-3 саатта 4000 сом тапкам”

– Бишкек шаарында таксиде иштеп жүргөнүмө 5-6 жыл болуп калды. Бир жолу кыштын түнү үйгө кеч барып, азыраак уктап эле кайра жумушка чыктым. Таң эрте “Гоин” жакка буюртма алсам жүргүнчүм кытай улутундагы киши экен. Шаарды билбейт, Кытайдан жаңы келгени билинип турат, кытайча эле сүйлөп жатты, орусча анча-мынча сөз билет экен. “Ала-Арча, Ала-Арча” эле дейт. “Кайсынысы? Соода борборубу, эс алуучу паркпы же Төмөнкү Ала-Арча айылыбы?” десем тоону көрсөтөт. Кыштын күнү тоого эмне барат деп таң калып Ала-Арча капчыгайын көздөй жөнөдүм. Баратып уйкум канбай калганга жолдон башка жакка кетип калыптырмын. Тигиге билгизбей кайра артка келип, Ала-Арчага алпарып таштадым, акчасы 1850 сомдой чыгып кетиптир. Кайра 10-15 мүнөт өтпөй эле кеттик деди. “Жанагы сумма эле болот” десем макул деп отурду. Баратканда 2 сааттай убакыт кеткен да, келатканда жарым саатта эле келип калдык. Ошентип 2-3 сааттын ичинде 4000 сомдой иштеп алгам.

Бир жолу ЦУМдун алдында кардар күтүп турсам, унаамдын артына бирөө унаасын токтотуп кетип калыптыр. Чыга албай калдым. Кардарым отуруп эле аябай шашып жатам деп калды. Унаасына телефон номерин жазып кетиптир, чалып “байке, унааңызды сүзүп алдым, батыраак келе калыңыз” десем 1 мүнөткө жетпей эле чуркап келди. Келип “эмне алдайсың?” деп кыйкырды. Анан “кечирип коюңуз, минтпесем шашпай келмексиз да” десем күлүп жиберген.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1036, 14-20-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан