ЭМНЕ ҮЧҮН КҮЗҮНДӨ УЙКУГА ТАРТА БЕРЕТ?

Күзүндө күн кыскарып, түн узара баштайт. Жайдын ачык күндөрүн булуттуу аба ырайы алмаштырат. Адам ультра кызгылт-көк нурларды аз алып калат. Организмде мелатонин гормону аз иштелип чыгат. Мындан улам кечинде уктоо, эртең менен туруш кыйындап, күндүзү уйкуга тартат. Кышка даярдануу учурунда организмде майдын запасы топтолот. Ушундан улам тамакка табит күчөп, калориялуу тамактарды жегиң келет. Майдын запастарын сактоо үчүн организм физикалык активдүүлүктү азайтат, алсыздык, уйкуга тартуу күчөйт. Жай бою биз ысыкка көнүп калабыз, ал эми күзүндө суук боло баштаганда организм кадимки температуранын өзгөрүшүнө реакция кылып, жылуулукту жана энергияны үнөмдөө үчүн активдүүлүктү төмөндөтөт. Күзүндө жана жазында көптөгөн өнөкөт оорулар күчөйт, бул адамдын өзүн начар сезүүгө алып келет. Мунун баары табигый сезондук көрүнүш.

Уйкуну кантип жеңсе болот?

Күндүзү алсыз болуп, концентрация кылуу кыйындап, дайыма уктагың келип жатса, организмге бул жагымсыз абалды тез жеңүүгө жардам бериш керек:

Күнүмдүк рационуңузду карап чыгыңыз. Күндү комплекстүү углеводдорду камтыган толук эртең мененки тамак менен баштаңыз: сулу, гречка, күрүч боткосу, макарондор, картошка, нан. Канчалык бош эмес болсоңуз да түшкү тамакты калтырбаңыз. Кечки тамактан баш тартпаңыз, ачка уктоо кыйын. Кечинде оңой сиңимдүү белокторду жеңиз: майсыз эт, жашылчадан гарнир менен балык, сүт азыктары. Иммунитетти чыңдоо үчүн жаңы мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды көп жеңиз. Күз диетаны күчөтүү мезгили эмес.

Таза абада көбүрөөк сейилдеңиз. Организмдин кышкы уйкуга түшүү каалоосун күчөтпөңүз, ага орточо физикалык активдүүлүк бериңиз. Күн сайын жок дегенде бир саат таза абада басууга аракет кылыңыз. Эгерде сиз дайым спорт менен машыксаңыз, машыгууну токтотпоңуз, бирок жүктү бир аз азайтсаңыз болот.

Күн сайын бир убакта уктаңыз. Күчтү, ишке каалоону сактоо үчүн суткасына жок дегенде 7-8 саат уктоо керек. Жаткан жериңизди жайлуу кылыңыз (ортопедиялык матрац, анча бийик эмес жаздык, ылайыктуу жууркан). Жатар алдында уктоочу бөлмөңүздү желдетиңиз.

Туура кийиниңиз. Дагы деле сулуулук үчүн ачык жайкы көйнөк, жука күрмө менен жүргүңүз келип жатабы? Бирок жумушка баратканда тоңуп, анан кайра жумушта жылыганда уйкуга тартат. Ошондой эле бир үшүп, бир ысыган организмдин сасык тумоого кабылуу коркунучу жогору болот.

Позитивдүү эмоцияларды жараткан булактарды табыңыз. Бул уйкусуроону жеңүүгө жана энергиялуу болууга жардам берет. Кызыктуу китептерди окуңуз, жакшы тасмаларды, күлкүлүү комедиялык шоулорду көрүңүз, сүйүктүү музыкаңызды угуңуз, гардеробуңузду жаңыртыңыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1036, 14-20-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан