Көк бөрүнүн жылдызы АХИЛЛЕС

“Атагы Алайга, даңкы далайга кеткен” деген сөз айтылуу Ахиллеске куп жарашат. Ал өзүнүн күчтүүлүгү, сымбаты, өжөрлүгү менен көк бөрү сүйүүчүлөрү арасында эң көп күйөрман топтой алды. Бир кезде үй иштерине колдонулуп, араба сүйрөп жүргөн ат кантип атактуу болду? Анын жылдызын жандырган ким? Көк бөрүдө жекеме-жеке чыгуунун чебери, ортону атаандашына оңою менен алдырбаган легендарлуу Ахиллестин таржымалын айтып беребиз.

Аты – Ахиллес

Жашы – 17

Оюндагы позициясы – жекеме-жеке

Ийгиликтери – Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын
2 жолу, президенттик кубокту 5 жолу, Нооруз турнирин
5 жолу, 9-май турнирин
2 жолу, Манас оюндарын
1 жолу жеңген. Казакстанда өткөн ЭКСПО-2017де 2-орунду ээлеген

Марат Сырдыбаев, көк бөрү боюнча башкы калыс: “ӨЗҮБҮЗДӨ КАЛСЫН ДЕП КАЗАКТАРГА САТКАН ЭМЕСМИН”

– Мен Кара-Балтадан болом. Уулум 1 жашка чыкканда Руслан деген досум Ахиллести балама белек кылган. Ал өзү жылкы кармайт, өзүнүн бээсинен алынган кулун. Мунун атасы Гастон деген таза кандуу, энеси жогорку таза кандуу жылкы болчу. Мунун гени күчтүү. Мага 1 жарым жашында келген, менде жүргөндө аты Гастон болчу, атасынын атынан коюлган. Мунун туугандары да бар, бирок бири дагы күчтүүлүгү, сымбаты жагынан буга жеткен жок. Досум өзү деле атактуу болуп кетет деп күткөн эмес да. 5-6 жашына чейин менин колумда жүрдү. Улакка минип жүрчүмүн, ошондо эле ортодо ойноого жөндөмдүү экенин көрсөткөн. Бирок “Кабылан” командасында легендарлуу БТР сыяктуу мыкты аттар болгондуктан, оюнчулар буга көңүл бурушчу эмес. Гастон алмашууга чыгуучу ат болуп эле турчу.

Ортодо бул ат кайын журтумдун колунда да жүрүп калды. Кайнимдин Торка деген атын “Кабыландын” оюнчулары жактырып калып, кайниме “Торканы Гастонго алмашып туралы” десем болбой жатып араң көнгөн. Алар деле Гастонду баалашкан эмес, араба сүйрөтүп, чарба иштерине колдонуп жүрүштү да. Кийин өкүнүштү. Негизи, араба тарткан аттар күчтүү болот. БТР дагы башында араба сүйрөп жүргөн ат болчу.

Бир жолу Казакстандан балдар келип, оюнга сурап кетишкен, ошол оюнда мунун ортодо ойногонун жактырышып, дароо 25 миң долларга сурашты. Минтип көзгө илине баштаганда сатпайм деп чыккам, бирок шартка байланыштуу сатууга туура келген. Өзүбүздө калсын деген ой менен казактарга сатпай, 10 миң долларга таластыктарга бергем. 2013-жылы Таластын жигиттери алып кетишкен. Ахиллес деген атты ошолор коюшту. Сатканым үчүн кийин өкүнгөн деле жокмун. Себеби өзүбүздүн элде-жерде, улуттук командада оюн көрсөтүп жүрөт да.

Талас Бегалиев, Көк бөрү федерациясынын президенти: “БУЛ АТТЫ САТСАМ, АНДА КЫРГЫЗСТАНДА ЖАШАБАШЫМ КЕРЕК ДЕГЕМ”

– Ахиллестин “Кабыланда” жүргөндөгү оюндарын көргөм. Оюнга жөндөмдүү экенин байкап, дароо Таластын командасына сатып алалы дедим. Бул аттын көк беттигине, өжөрлүгүнө кызыккам. “Ынтымактын” багына келген ат деп баарыбыз жакшы көрөбүз. “Кабыланда” жүргөндө көзгө илинбей калышы толук мүмкүн болчу, себеби ал кезде аларда жакшы аттар көп эле. Бул келгенде эле сарайдагы аттарга кыр көрсөтүп, тез эле атаман болуп алган. Ошондон улам тарыхтагы Ахиллестей баатыр, кыйын ат болсун деп атын Ахиллес койгом. Мүнөзү мындай жүргөндө жоош. Бирок башка аттарды көргөндө, оюнга чыкканда кыял-жоругу таптакыр өзгөрөт. Аттарды көрөр замат чатак салып, кубалап, тиштеп, жетер жерине жеткирмей адаты бар.

Ахиллестин күлүктүгү дагы бар, ортодон улакты алганда түз эле тай казанды көздөй жөнөйт. Муну ыгын тапкан киши жакшы ойното алат. Акылдуулугу – бул ат оюнга өзүн-өзү даярдайт, өзүнө абдан таза, чыла жерге жатпайт. Көп жыл оюн талаасында жүрдү, бир да жолу жаракат алган жок. Аттарга катуу урунбай, өзүн да, үстүндөгү кишини да жаракаттан сактайт.

Таласка келгенде муну алгач Алтынбек Кожогулов, андан кийин Урмат Раушан уулу минип оюн көрсөттү. 2015-жылы Ахиллестин жылдызы жанып, белгилүү БТР, Лазер деген аргымактар менен тирешип, ортодон аларды сүрүп чыгарды. 2016-жылы Көчмөндөр оюндарында казак туугандар “сатыңыз, 70 миң доллар азыр санап беребиз” дешкен. Ошол учурда 100 миң доллар десем да алып кетишмек. Аларга “бул атты сата албайм, сата турган болсом мен Кыргызстанда жашабашым керек” деп кутулгам.

Быйыл бир аз сезгенүүгө дуушар болуп оюнга чыккан жок. Азыр айыгып, табына келип турган чагы. Улакчысы жарашса, мыкты оюн көрсөтө алат. Саткыла деп сураган командалар көп, бирок бул атты көк бөрүгө чыгаруу үчүн эмес, жакшы көрүп багам деген гана кишиге сатышыбыз мүмкүн. Ушунча кадыр-баркка жетип, көптөгөн жеңиштерди алып келген атты ар кайсы командада ойнотуп кордогум келбейт. Жакшы колдо багып, мындан тукум алыш керек.

Алтынбек Кожогулов, көк бөрүчү: “АХИЛЛЕСТЕЙ АТ КЫЛЫМДА БИР ЖАРАЛАТ”

– Ахиллес башында ортодо жакшы тиреше алчу эмес. Кийинки жылы такшалып, ортодогу күчтүү аттарга туруштук бере баштады. 2015-жылы Урмат Раушан уулу минди. Ошондо эң кыйын деген БТРди ортодон сүрдү. Көк бөрүгө канчалаган аттар келип-кетти, бул жаны бышык ат экен. Негизи Ахиллестей ат кылымда бир жаралат го. Азыр буга кыргыз эли гана эмес, коңшу мамлекеттерден да суктангандар көп. "Көк бөрү" деген тасмага да тартылбадыбы. Ушундай атты минип оюн көрсөткөнүмө, албетте, сыймыктанам.

Калыбек Алтыбаев, саяпкер: “ӨТӨ АКЫЛДУУ АТ”

– Ахиллес башка аттардан келбети, сулуулугу, тайманбастыгы менен өзгөчөлөнүп турат. Муну чыныгы спортчу ат десем болот. Оюнда өзүнүн болгон күчүн жумшайт, эч нерседен коркпойт. Арамзаланып, өзүн ала качуу деген жок. Тили эле жок болбосо, өтө акылдуу, жекеме-жекеге чыкканда бир эле тирешип атаандашынын алсыз тарабын таап алат да, ошону менен иштеп үстүндөгү оюнчуга шарт түзүп берет. Оюн алдында сбордун башталганын кадимкидей сезип, жем-чөбүнөн тарта жеп өзүн-өзү даярдай баштайт.

Урмат Раушан уулу, көк бөрүчү: “БИР ТОП ЖЫЛ АЛДЫНА АТААНДАШ САЛГАН ЖОК”

– Башында Ахиллести Алтынбек байке менен алмашып минип жүрдүм. Бара-бара экөөбүз тил табышып кеттик. Ат табына келип калдыбы же экөөбүздүн оюнубуз жүрүштүбү, айтор, ортодо абдан жакшы ойной баштады. Жаңы ойноп жүргөндө коркогураак болчу, кийин тайманбай калды. Бул негизи капталдап жакшы түртүшөт. Капталдап түртүшүп аттарды сүрүп чыгарып жатты. БТРге көп ат туруштук бере алчу эмес да. Эмнегедир Ахиллеске алдырып койду. Ошондон тартып Ахиллес бир топ жыл алдына атаандаш салган жок. Ахиллеске күйөрмандык кылгандар көбөйдү. Бишкектин ипподрому чакан болгондуктан элдин сөзү кадимкидей угулуп турчу. Анан ар кандай маалымат булактарында бул ат тууралуу айтылып, жазыла баштады. 2015-жылдан 2020-жылга чейин экөөбүз оюн көрсөттүк. Кадимкидей бири-бирибизге көнүшкөнбүз, оюмдагыдай ойноп берчү. Өзү чапчаң. Баары эле ойното албайт. Бир жолу Бишкекке сарайга барсам, тордон башын чыгарып Ахиллес кишенеп жиберди. Ошондо мени тааныганына таң калгам. Ушунча жыл аман-эсен, жакшы оюн көрсөттүргөн атты жакшы көрбөй коё албайсың. Мен жер улактан жаракат алып, оюнду токтотком. Ошондон кийин Кушчубай Илис уулу минди.

Кушчубай Илис уулу, көк бөрүчү: “АХИЛЛЕС МЕНЕН ОЙНОМОК КАЙДА, ЖӨН ЭЛЕ МИНИП КӨРСӨМ ДЕЧҮМҮН”

– Негизи Таласта атаандаштык жогору, “Ынтымактын” курамына кирүү да оңой эмес. 2020-жылы “Ынтымактын” курамына кирип, болгондо дагы Ахиллес менен оюн көрсөтүү буюруп калды. Башында минүү кыйын болду, муну менен тил табыша аламбы деп ойлонуп жүрдүм. Кудайга шүгүр, тил табышып оюн көрсөттүк. Ахиллес Таласка ойноп баштаганда биз күйөрмандык кылган балдардан болчубуз да, анда Ахиллес менен ойномок кайда, жөн эле минип көрсөм деп суктанчумун. Ахиллестин күйөрмандары, ага кызыккандар көп экени ар бир оюн сайын байкалат. Жетип келип сүрөткө түшүп алалы деп суранышып, жадакалса айрымдар "бир аз кетпей турчу, карап турайын" деп суранышчу. Жөн эле карап отургусу келгендер бар экен. Ахиллес амалкөй десем болот. Башка аттарды бат эле өзүбүзгө көндүрүп алчубуз, бул тескерисинче, адамды өзүнө көндүрөт. Улакты ортодон алгандан кийин күлүктүгүнө салып, улакты алдырбоого жакшы шарт түзүп берип, өз ишин так аткарат. Ахиллес тарыхта жазылып кала турган аттардын бири десем жаңылышпасам керек.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1036, 14-20-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан