Бектур Усенов, актёр: «РУЛДА АЯБАЙ СӨГҮНГҮМ КЕЛЕТ, БИРОК СӨГҮНӨ АЛБАЙМ»

“Кошунаны тандабайт” сериалы менен таанылган актёр, сценарист Бектур Усенов унаасы менен тааныштырып, жол жүрүүдөгү кызыктуу окуяларын айтып берди. Айдоочуларга, жөө жүргүнчүлөргө кайрылуусун да кыстара кетти. “Мени досторум сөгүнө албайсың деп шылдыңдашат” дейт ал. Сабырдуу айдоочудан кызыктуу маек.

Үлгүсү: Honda Inspire

Чыккан жылы: 2003-жыл

Кыймылдаткычынын көлөмү: 3000 сантиметр куб

Жогорку ылдамдыгы: Саатына 180 чакырым

Баасы: 7 миң доллар

– Бектур, салам! Автоунаа сүйүүчүлөрдүн катарын толуктайсызбы?

– Салам. Толуктасам керек. WhatsApp’та Honda Inspire айдагандардын тайпасы бар, ошол жактамын. Ал жерден унаабыз тууралуу бири-бирибизге маалыматтарды берип, кеңештер менен бөлүшүп турабыз.

– Унааңыздын ичинде ашыкча илинген эч нерсе жок экен, темир кишинин брелогунан башка...

– Ооба, мен темир кишинин фанатымын. Шерлок Холмсту көргөндөн кийин жакшы көргөн актёрум кенже Роберт Дауни болуп калган. Кичинекей кезимде “Темир киши” деген мультфильм көрүп калгам да. Анан “Өч алуучулар” (“Мстители”) чыкканда жакшы көргөн актёрум жакшы көргөн каарманымды ойноп баштады. Ошондон кийин темир киши кумирим деп калгам.

– Брелок белекке келгенби?

– Ооба, сүйлөшкөн кызым деп айтайын деп жатам, жубайым дегенге көнө элекмин дагы эле. Жубайым Дубайга барганда ала келген.

– Үй-бүлөлүк жашоо кандай болуп жатат? Жаңы баш кошконуңуздарда маек алгандан бери кезиге элекпиз...

– Ошол интервьюдан кийин менин деле эсимде жок эмне болуп жашообуздун өтүп жатканы (күлүп). Май айында үйлөндүм. Дароо кинонун тартуу иштери башталды, андан кийин анын монтажы менен жүрдүк. Ошентип “БайКуш” деген кинобузду элге тартуулап алдык, жакшы комедия болду. Атайын “Кошунаны тандабайт”, “Акыркы сабак”, “Кайрат таксист” деген 3 сериалдын баш каармандарын ойногон актёрлорду бириктирип, Толгонай, Нуркул, Кутманды тарттык. Эл жакшы кабыл алып жатат. Сатыкта билеттер калбай калууда. Кино бүтөрү менен “Акча” деген сериал тарттык. Ал бүгүн-эртең Youtube’га чыгат, буюрса. Адамдарды каржылык сабаттуулукка чакыралы деген ниет менен тарттык бул сериалды.

– Унааңыз ушул тасмаларга тартылыптыр...

– Ооба, бул унаам мага караганда көп кино, сериалдарга тартылды. “Кошунаны тандабайт”, “Кошуналар кинодо”, “БайКуш” тасмаларына тартылды. “Акча” деген сериалда башкы каармандын дайыма айдап жүргөн унаасы болду. Мен эмес, эми машинам актёр болуп жылдыз болуп кетти (күлүп).

– Кызык экен. Кандай айдоочусуз?

– Сабырдуу айдоочумун. Жол талашпай, башка унааларды өткөрүп жиберем. Мен сөгүнгөндү билбейм. Досторум “сөгүнгөндү билбейсиң” деп шылдыңдай беришет. Аябай жиним келсе, “эшек, шүмшүк, чмо” деп коюшум мүмкүн. Бир чети сөгүнгүң келет.

– Өзүңүз унаалуу боло электе атаңыздын унаасын айдап кетип тентектик кылдыңыз беле?

– Андай такыр болгон эмес. Атам механикалык унаа айдачу да. Аны айдай алчу эмесмин. Анын үстүнө атам бизди аябай катуу кармаган. Айдап качып кетсем аябай урушмак болуш керек.

– Сөгүнбөгөнүңүз да ушундан го?

– Балким. Тарбия катуу болгон. Ошондуктан үйдө баарыбыз мектепти да, университетти да жалаң “5ке” окудук.

– Жубайыңыз экөөңүздөрдүн кимиңиздердин унааңыздар “крутой”?

– Жубайымдыкы. Аныкы Honda CR-V, жылы да жаңы, 2010-жылкы. Баасы да кымбат, 13-14 миң доллар турат болуш керек. Жубайым өзү тапкан акчага сатып алган. Анын бий тобу бар, топтогу кыздарды, алардын кийимдерин алып жүрөт. Ошондуктан чоңураак унаа керек ага.

Менимче, кимдин машинасы кандай болсо, ошого татыктуу акча табат. Бирок унаага кызыкпагандар жана “мага ушул унаа болот” дегендер да бар. 50-60 миң долларлык унаа айдаган байкелер менен сүйлөшүп калсам, “мындан 2 эсе арзан унаа айдаганда кандай бактылуу болсом, азыр деле ошондой эле бактылуумун. Бирок кымбат унаа адамды бактылуу кылып жибербей турганын сатып алгандан кийин түшүнөт экенсиң” дешет.

– Кээде коомдук унааларга да түшүп турасызбы?

– Унаамды бирөө айдап кетсе же бузулуп калса, такси чакырбай эле акча үнөмдөп коомдук унаага түшө берем. Артында “ВИП” орундар бар го, ошол жакка өтүп отуруп алам.

– Жолдон айдоочулар ар кандай окуяларга кабылса керек...

– Унаам жок кезде жолдо кызыктуу окуяларга көп туш болчумун. Бир жолу түнкү саат 2лерде такси менен келаткам. Банкоматтан акча алып алайын деп токтоттум. Банкоматка картамды саларым менен артымдан 2 киши келип, мага жакын туруп алышты. Азыр артымдан бир нерсе менен чабат, ошону менен болду, ушинтип эле “кетет” турбаймынбы деп ойлонуп жатам. Анан эле таксист жаныма чейин айдап келип “эмне болду анан?” деп койду. Мен болсо “ии, мына, чыгарып жатам” дегенде тиги экөө таксистти карап туруп 2 кадам артка жылышты. Акчамды чыгарып унаага отура калдым. Таксист байке “тиги экөө күмөндүү кишилер экен, ээ?” дейт. “Ии, мага да ошондой сезилди, рахмат келип койгонуңузга” десем, “сен менин жүргүнчүмсүң да” деди. Мага аябай жагымдуу болгон анын мындай жылуу мамилеси. Жарым жылдан кийин кайра ошол байкенин унаасына отуруп калдым. Экөөбүз бири-бирибизди таанып сүйлөшө кеттик. Андан кийин да байке бир окуяга туш болуптур. Кечинде вокзал жакта балдар бир кыздын телефонун алып, сабайын деп жатышыптыр. Байке ошону көрүп калып токтоп, унаасында дубинка бар экен, ошону менен балдарды коркутуп, кызды куткарып калыптыр. Ошол окуяны айтып берди. Кыйын байке экен.

– Жолдон көбүнчө эмнеге жиниңиз келет?

– Запорожец же Москвич сыяктуу арзан унаа айдап кээ бир айдоочуларды сүзүп салгым келет. Сүзүп туруп анан “унаамдын акчасын төлө” дегим келет. Өз жолуңда түптүз кетип баратсаң эле “кайда бармак эле, жол бошотот да” деп, же “жолун тосуп кетип калам, эмне кыла алмак эле?” деп уятсыздык кылган айдоочулар көбөйүп кетти. Жиним келет, бирок сөгүнө албайм (күлүп). Жөө жүргүнчүлөргө да кайрылгым келет. Айрымдар “зебра турат, унаа баары бир токтойт” деп эки жагын карабай эле өтө беришет. Бирок эми өз өмүрүңөр үчүн бир аз эки жакты карап, жолдун коопсуз экенине көзүңөр жеткенден кийин бассаңар жакшы эмеспи.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1036, 14-20-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан