Арзыбек Абдурахман уулу: «КЫРГЫЗСТАНДА ПАРА АЛБАЙ ИШТӨӨ МҮМКҮН ЭМЕС ЭКЕН»

Чет өлкөгө жумуш издегени кетип, барган жерине көнүп, отурукташып калгандар, ийгилик жараткан мекендештер да аз эмес. Арзыбек Абдурахман уулу үй-бүлөсү менен 10 жылдан бери АКШда жашайт. Мекендешибиз чакан бизнес түптөөгө жетишкен.

– Кандайсыз, Арзыбек мырза? Жер которуп кетүү үчүн олуттуу бир себеп болот эмеспи, сиздин океандын ары жагына көчүп кетүүңүзгө эмне түрткү болгон?

– Кандайсыздар, “Супер-Инфо” гезитинин жамааты, баарыңыздарга АКШдан сагынычтуу салам. Менин Кыргызстандан кеткениме 15 жыл, ал эми АКШда жашап жатканыма 11 жыл болду. 2 жогорку билимим бар, котормочу жана айыл чарба адисимин. Ош технологиялык университетинен котормочулук кесипке ээ болуп чыгып, андан кийин Грециянын Салоники шаарындагы университетте 4 жыл билим алдым. Европадан ЖОЖду бүтүргөндөн кийин өз мамлекетиме кызмат кылайын деп Кыргызстанга барып мамлекеттик жумушта иштедим. Тилекке каршы, бир аз убакыт өткөн соң максаттарым орундалбай турганына көзүм жетти. Үй-бүлө баккан адамдарга Кыргызстандын маянасы менен пара албай иштөө мүмкүн эмес экенин түшүндүм. Пара алып, арам тамак менен үй-бүлөмдү баккым келген жок. Ушул себептүү чет өлкөгө кетүүгө мажбур болдум.

– Дароо эле үй-бүлөңүз менен кеттиңизби?

– Жок, алгач өзүм иштегени келгем. Кийин үй-бүлөмдү чакырдым. Өзүм Ош шаарында төрөлүп, чоңойгом, ата-тегим Ноокаттан болот. 3 кызым, 1 уулум бар. Улуу кызым гана Кыргызстанда төрөлгөн, калган балдарым АКШда жарык дүйнөгө келишти. Келинчегим биз жашаган Питтсбург шаарындагы Ислам мектебинде башталгыч класстарга сабак берет, балдарымдын баары ошол мектепте окушат.

– АКШга барганда көнүп кетүү оңой эле болдубу? Жергиликтүү элдин мигранттарга мамилеси кандай?

– АКШ өзү мигранттар тарабынан түптөлгөн мамлекет да. Андыктан дагы бир мигрантты кабыл алуу оңой эле болду. Жаңы келгенде бир аз кыйналдым. Ата-энеңди, бир туугандарыңды, үй-бүлөңдү сагынат экенсиң. “Биздин мамлекет деле ушинтип өнүксө болбойбу, минтип жакындарыбызды таштап алыста жүрбөйт элек” деп күн сайын өзүмө суроо берчүмүн. Кийин үй-бүлөм келгенден кийин көнүп калдым. Азыр жыл сайын каникулда Кыргызстанга барабыз, кээде ата-энем АКШга келип 2-3 ай эс алып кетишет.

– Учурда эмне менен алектенесиз?

– Алгач катардагы эле мигрант болуп иштеп жүрдүм. Кийинчерээк иштин көзүн билгенден кийин унаалардын дөңгөлөктөрүн (диск) саткан, реставрация кылган ишкана ачтым. Дөңгөлөк саткан ишканабыз Ош шаарында да бар, ал жакта 10, АКШдагы ишканада 8 кызматкер иштейт. Биз АКШнын Пенсильвания штатында жашайбыз, азыр дөңгөлөктөрүбүз АКШ менен Канаданын рыногунда сатылууда. АКШнын рыногунда дөңгөлөк сатуу боюнча 2-орунда турабыз. Чынын айтсам, ишкананы бул даражага жеткирүү оңой болгон жок. Кудайга шүгүр, бардык кыйынчылыктардан өтүп кеттик. 2013-жылдан бери дөңгөлөк сатып иштеп келдим, 2016-жылы жеке ишканамды ачтым. Алгач бизнести 4 дөңгөлөк менен эле баштагам. Ал убакта Нью-Йорктун Бруклин шаарында үй-бүлөм менен турчумун, 3 бөлмөлүү батирибиздин кампасында дөңгөлөк сатчумун. Азыр Питтсбург шаарында 1 гектарга жакын аянтты ээлеген кампабыз бар. Компанияң деле өз балаңдай болуп калат экен, такай кароого, камкордукка муктаж. Бир күн карабай койсоң иш жолдон чыгат, кайра калыбына түшүрүү көп убактыңды алат. Келе жаткан жылдан баштап башка штаттарга да филиалдарды ачабыз, буюрса.

– Бизде Европага, АКШга барып иштегиси келген адамдар көп, аларга кандай кеңеш берет элеңиз?

– Жок дегенде бир кесиптин ээси болсун жана бара турган мамлекеттин тилин үйрөнүп алсын дейт элем. Анан албетте, чет өлкө баары бир өз мекениңдей болбойт. АКШда мыйзам иштейт, паракорлукту көчөдөн көрбөйсүң, ар бир адамдын укугу эске алынган. Өлкөнүн өнүгүүсүнө мамлекеттик бийликтин кызыкчылыгы зор. Чет өлкөдө деле түз жүрсөң чөйрөңдү да түз жүргөн адамдар менен курчайсың.

– Алыста жүргөн адам гана мекендин кадырын билет дешет, көбүнчө Кыргызстандын эмнесин сагынасыз?

– Ооба, “туулган жердин топурагы алтын” деп бекер айтылбаса керек, алыста жүргөндө мекендин кадыры аябай билинет. Мен көбүнчө мекенимдин таза абасын, микробу жок тоолорун, Ноокаттын самсасын сагынам. Ар бир жаран мамлекеттин өнүгүп-өсүүсүнө салымын кошуш керек деп эсептейм. Бул дүйнөдө миссиябызды татыктуу аткарып кетишибиз керек. Дүйнөнүн кайсы бурчунда болбойлу, мекенибизге болгон таза сүйүү жашай берет. Келечекте мен да Кыргызстанга барып анын өнүгүүсүнө салым кошом. Кыялым – ата-энемдин ак эмгегин актоо, мекениме жана мекендештериме жардам берүү.

– АКШда Кыргызстан тууралуу билгендер аз болсо керек?

– Кыргызстан тууралуу көбүнчө саясатты жакшы билгендер айтышат. Мекендештер таарынбасын, бирок бизди көбү митингдер, андагы талап-тоноолор, качып кеткен президенттерибиз аркылуу таанышат. Кыргызстанды жакшы жагынан таанытууну колго алсак жакшы болот эле. Жаман улут болбойт, жаман адамдар болот, жакында чек ара чырында болгон кагылышууда абдан жаман болдук. Алыста жүргөндө элиңе 2 нерсе менен гана жардам бере алат экенсиң, акчалай жардам көрсөтүп жана тилек кылып. Биздин тилектер дарегине жетип чек ара маселелери чечилип, мекенибизде тынчтык орнойт деген үмүттөбүз.

– Маегиңизге чоң рахмат!

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Баймурза Саланов
2022-10-22 12:00:00
Азаматсын Арзыбек, сендей кыргыздын жигиттери менен сыймыктанабыз. Алыста журсон да журогун Кыргызстан деп согуп, кыргыз элим учун кызмат кыламын ,- деген алдыга койгон максаттарын орундалсын. Ишканаларынды чонойтуп , филиалдарын ар бир штатка биринин артынан экинчисин ачып, оркундото бер. Ийгиликтер дайыма сени коштоп журо берсин.
0
№ 1036, 14-20-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан