Согончок жарылып оорутканда үй шартында жасалуучу алгачкы жардамдарды окуп алыңыз.
1. Жатарда бутуңузду жылуу сууга 10-15 мүнөт салып туруңуз. Андан кийин согончокко чычырканак майын сүйкөп, ашканада колдонулчу плёнкага бутту ороп, сыртынан байпак кийип жатып алыңыз.
2. 1 литр жылуу сууга 30 грамм картошка крахмалын салып аралаштырабыз. Бул сууга бутту 20 мүнөт салуу керек. Андан соң пемза ташы менен согончокту суртүп тазалайбыз. Жылуу сууга бутту чайкап, согончокко майлуу бут крем же кадимки койдун майын эритип сүйкөп, плёнкага ороп сыртынан жылуу байпак кийип алыңыз.
3. 3 литр ысык сууга 3 тамчы нашатырь спиртин тамчылатыңыз, 15 грамм сода кошуңуз.Анан календула, чалкан же ромашканын 1 литр кайнатмасын кошобуз. Даяр болгон аралашмага бутту 20 мүнөт салыңыз, андан соң бутту кургатып, согончокко зайтун майын сүйкөңүз. Аягында бутту плёнкага ороп сыртынан жылуу байпак кийип алыңыз да тынч уктап калыңыз.
Эскертүү! Согончок түрдүү себептер менен жарылып, басканда оорутушу мүмкүн. Андыктан өз убагында врачка кайрылганды унутпаңыз.