ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 24-октябрдан 30-октябрга чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Каржылык маселелер, өзгөчө карыздар сиздин көңүлүңүздү өйкөшү мүмкүн. Кошумча каржы булагын таап, кирешеңизди көбөйтүүнү каалап жатсаңыз, аракетти бүгүн баштаңыз, ийгилик көпкө күттүрбөйт. Буга чейин сизге сыр болуп жүргөн окуянын жагдайын түшүнөсүз. Чөйрөңүздөгү айрым адамдарды тазалаңыз, арасында сизге көзү түз эмес тааныштарыңыз да болушу мүмкүн. Дем алыш күндөрү эч жакка барбай, үйдө эс алуу сунушталат.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Үй-бүлөлүк жашоодо түгөйүңүз менен болуп өткөн окуялар тууралуу анализ жүргүзүп, жашоону жаңы барактан баштоону чечесиздер. Аптада конуш которуу, ата-эне менен чогуу жашоо, ири сумма сарптала турган бизнес ачуу сыяктуу олуттуу чечимдерди кабыл алышыңыз мүмкүн. Көптөн бери сүйлөшүп жүргөн түгөйлөр мыйзамдуу нике менен мамилени бекемдөөнү каалашат. Дем алыш күндөрү ири өлчөмдөгү сатып алууларды пландаштырбаңыз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Аптада эгиздерге үйдө, жумушта бардык нерсени кемчиликсиз иретке келтирүү сунушталат. Айланаңыздагы мейкиндик канчалык таза болсо, өзүңүздү ошончолук жакшы сезесиз. Карьераңызда жылыш болуусу күтүлөт. Мисалы, эмгек келишимин узартып, ага ылайык өзүңүздүн талаптарды да аткарта аласыз. Ишкердикте өнөктөштөр менен талашып-тартышпоого аракет кылып, дипломатиялык жол менен гана маселени чечиңиз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Жылдыздар сизге көптөгөн кызыктуу сапарларды, таанышууларды убада кылышат. Бойдок болсоңуз, сүйүүңүздү жолуктурчу күн келди. Ошондой эле кошуналар, алыскы туугандар же тааныштар менен элдешүү үчүн ыңгайлуу мезгил. Жалпысынан бул жагымдуу байланыштар башкалар менен мамилени жайгаруу, шайкеш келтирүү мезгили. Жогорку окуу жайда билим алып жаткандар окуу жетекчилигинен пайдалуу сунуш алышат.


АРСТАН (23.07-23.08)

Кыймылсыз мүлк же мал-жандык сатып алууну пландап жаткан арстандардын соодасы ийгиликтүү болот. Жакын туугандар, үй-бүлө мүчөлөрү менен мамиле бекемделет. Сүйүү мамилесинде келишпестик жаралбашы үчүн сүйүктүүңүздүн ою менен болууга туура келет. Бирок анын ою менен макул эмес экениңизди убагында айтып коюу шарт. Үй-бүлөлүү арстандар балдарын көп мактап, алкап турса мектепте окуусу жакшырып, жүрүм-туруму жакшы жагына өзгөрөт.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Карама-каршы жыныстагы адамдардан келбетиңизге байланыштуу көп комплимент угасыз. Эски тааныштар менен достук мамилелерди жаңылоого ылайыктуу учур. Ишенчээктигиңизди пайдаланып айрым тааныштарыңыз алдап кетиши мүмкүн. Бул окуядан сиз мыкты сабак аласыз. Алыска сапарга чыгуу сунушталбайт, эгер чыксаңыз сиз бара турган унаанын техникалык абалын бир сыйра текшертип алганыңыз туура. Сүйүү мамилесинде бири-бириңиздерге болгон ишеним күчөйт.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Таразалар аптада бейпилдик, ыңгайлуу жана жайлуу шарт, жалгыздыкты талап кылышат. Чөйрөдөгүлөр менен баарлашууга муктаждык жоктой сезилет. Бирөөлөрдүн жумушун эмес, эми өзүңүздүкүн бүтүргөнгө да убакыт келди. Айрым учурларда өзүмчүл болуп коюңуз. Иш-чара өткөрүп же ири долбоорду ишке ашырууда абройлуу адамдардын колдоосун табасыз. Апта аягында жоопкерчиликтин баарын үйүп алып, аткарганга жетише албай кыйналышыңыз мүмкүн.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Аптада чаяндар өзүн-өзү өркүндөтүүгө басым жасашат. Белгилүү бир демилгелерди көтөрүүдө активдүүлүгүңүз артат. Чыгармачылык шыктануу жана сүйүүдө татаал мамилелерге жөндөмдүүлүк ойгонот. Шык келсе күтүлбөгөн жерден ыр жазып же сүрөт тартып салышыңыз да мүмкүн. Ошондой эле үй-бүлө жана достор менен көңүл ачуу үчүн жакшы убакыт. Соода кылууда алдамчылардын торуна түшүп калуудан сак болуңуз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Муктаж адамдарга жардам берүү жан дүйнөңүзгө тынчтык орнотуп, өзүңүздү ишенимдүү сезүүгө жардам берет. Жумушта абдан жоопкерчиликтүү жумушту аткарам деп убагында бүтүрө албай капаланасыз. Жумуштагы салкын маанайыңызды үйгө ээрчитип келбеңиз, ал абал балдарыңызга да терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Карызга берип же жакын адамыңыздын карыз алуусуна ортомчу болбоңуз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Келечекти ойлонуп, алдын ала кандай кесипти өздөштүрсө болорун изилдеп баштайсыз. Көрөгөчтүк, алдын ала бир нерсени туюу сезимиңиз өөрчүйт. Бойдок болсоңуз сүйүктүүңүздү табасыз, жашоонун сюрприздерине даяр туруңуз. Иш кагаздарына байланыштуу маселелериңиз оңой чечилет. Каржылык абалыңызды жөнгө салып туруктуу маяналуу жумушка орношосуз. Ден соолугуңузга этият болуңуз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Адамдардын көңүл борборунда болуп мындай нерсе сизге ашыкчадай сезилет. Максаттарды коюп, аларды ишке ашыруу үчүн тайманбас болуңуз. Балким, сиз өзүңүздүн эмнеге жөндөмдүү экениңизди биле электирсиз. Максаттарыңызга жетүүгө аракет кылсаңыз, мүмкүнчүлүктөрүңүздү биле аласыз. “Адамдарга сөз менен эмес, иш менен баа берилет” деген сөз өзгөчө мааниге ээ болот.


БАЛЫК (20.02-20.03

Башкалар сиздин сүйүктүүңүздүн дарегине жакшы сөздөрдү жаадырып жатса, демек, сиз туура тандоо жасагансыз, кызганычка орун бербеңиз. Лотереядан олжолуу утушка ээ болушуңуз мүмкүн. Апта ортосунда түзүлгөн нике узак жана бактылуу болот. Үй-бүлөлүү жубайлар өз ара боорукердик жана сүйүүнүн негизинде мамилеси жумшарып, ортолорун кандайдыр бир жылуулук торуганын сезишет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1037, 21-27-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан