МАСТИТ– ЭМЧЕК БЕЗИНИН СЕЗГЕНИШИ

Эмчек оорунун түрлөрү көп. Аларга мастопатия, липома, саркома, фиброаденома, мастит, эмчектин тубаса патологиялары жана башкалар кирет. Маститтен жаңы төрөгөндөр, айрыкча жаш энелер жабыркашат. Андыктан ушул оору жана анын алдын алуу боюнча маалымат берели дедик. Макаланы даярдоого Улуттук онкология жана гематология борборунун маммолог-онкологу Яна Карабаева көмөктөштү.

Ооруну үрп аркылуу кирген бактериялар козгойт

Мастит – эмчектин сүт бездеринин бактериялык инфекциянын айынан сезгениши. Инфекция үрптүн жарылган, кесилген, тытылган жерлеринен кирип, ооруну жаратат. Аялдын ден соолугу чың кезде иммундук системи бактерияларды өлтүрүп турат. Эгер жаңы төрөгөн аялдын иммунитети алсыз болсо, бактерияларды өлтүрүүгө организмдин күчү жетпей калат.

Аялдын тонзиллит, пиелонефрит сыяктуу оорулары болсо бактериялар канга кошулуп, эмчектеги сүт чыгуучу каналчалар аркылуу сүт бездерине өтүп кеткен учурлар да болот. Сүт бездери сезгенгенде сүттүн агымы токтоп, топтоло баштайт. Топтолгон сүт бактериялар үчүн мыкты азык болуп берет, алар көбөйүп, аягында оору жаралат. Оору өтүшүп кетсе, сезгенген жер ириңдейт.

Мастит менен ооруган аялдардын 70 пайызы тун баласын, 27 пайызы экинчи, 3 пайызы үчүнчү баласын төрөгөндөр. Биринчи баласын төрөгөндөрдүн үрпүнүн териси өтө назик келет. Анын үстүнө жаш эне баланы туура эмес эмизүүдөн эмчек кесилип кетет да, эмгенде оорутуп, баланы толук эмизе албай кыйналышат.

Бала эмизген эненин мастит менен ооруп калышы ымыркайга да терс таасирин тийгизет. Андыктан оору белгилери билинер замат врачка кайрылуу кажет.

Дагы эмнелер оорунун жаралышына түрткү?

Алтын сымал стафилококк, стрептококк, энтерекокк бактериялары. Алтын сымал стафилококк гигиенаны сактабаганда үрптүн кесилген, тытылган жеринен кирип оору жаратат. Маститтин 90 пайызын ушул бактерия козгойт;

Ичеги таякчасы, энтеробактериялар;

Эмчекте сүттүн көбүрөөк туруп калышы. Мисалы, убагында эмизбөө же саап салбоо;

Үрптүн кесилиши, эмчектин бир нерсеге катуу урунуп жаракат алышы;

Баланы эмизүүдөн эрте баш тартуу;

Тар көкүрөк тарткычтан сүт бездеринин кысылып калышы;

Көмкөрөдөн жатып уктоо;

Стресс, өнөкөт чарчоо, толук кандуу уктабоо;

Кара жумушту көп жасоо. Бул эмчектин сүт чыгуучу каналчаларынын жыйрылып-тартылышын (спазм) жаратат.

Дарттын түрлөрү

Курч кармаган түрү. Оорунун белгилери билинер замат тезинен врачка текшерилип, толук кандуу дарыланбаса дарт өтүшүп кетет. Кеч дарыланып калуунун дагы бир жаман жери – оору өнөкөт түргө айланат.

Өнөкөт түрү. Бул түрүндө аялдын иммунитети түшүп кеткенде, катуу стресске кабылганда, кийинки төрөттө бала эмизүү учурунда суукка урунганда жана башка учурларда оору кармай берет. Өнөкөт түрү аялга азап тартуулайт. Өзүн да, баласын да караганда кыйналат.

Диагноз

УЗИ, эмчек сүттүн цитологиясы;

Эмчек сүттүн бактериологиялык анализи;

Кан, заара анализи;

Пункция жасап, ириңди сордуруп, аны бактериологиялык изилдөө.

Маститтин бөлүнүшү

Лактациялык мастит – бул эмчек эмизүү кезинде жаралган мастит.

Лактациялык эмес мастит – бул фиброз-кистоздуу мастопатиядан, эмчектин жаракатка кабылышынан жаралат.

Жаңы төрөлгөн ымыркайларда, көбүнчө кыздарда кездешчү мастит. Алардын бир же 2 эмчеги тең шишип кетет. Эмчегинин тегереги кызарып, ачык же киргилт өңдөгү суюктук чыгышы мүмкүн. Бул организмде гормоналдык кайра түзүлүү жүрүп жатканы. Жыныстык криз же ымыркайлардагы мастит деп айтылат. Бала курсакта кезинде балага керектүү гормондор энесинен өтүп турса, төрөлгөндөн кийин гормондордун канча бир пайызы сүт менен берилет. Бирок ал жетишсиз болот. Ушундан улам гормоналдык өзгөрүүлөр жүрө баштайт.

Оорунун белгилери

Дене табынын көтөрүлүшү, чыйрыгуу;

Эмчектин ооруган бөлүгүнүн кызарып ысышы, калыңдап катууланышы, чыңалып оорутуусу;

Кармаганда, бир нерсе тийсе оорутуусу;

Баштын оорушу, шалдыроо;

Эмчектин чоңоюп шишиши, айрым учурда колтукка чейин оорутуу.

Оорунун алдын алуу

Тонзиллит, ооздо чириген тиш, пиелонефрит оорулары болсо аял кош бойлуу кезинде аларды дарылатып, тазалатуусу керек. Анткени, жогоруда айткандай, кийин төрөп, бала эмизип жүргөн учурда инфекция кан менен барып эмчек безин сезгентиши ыктымал.

Бала төрөлгөндөн кийин күн сайын көкүрөк тарткычты алмаштырып, эмчекти жакшылап жууп (самындап, жылуу суу менен), таза сүлгү менен сүртүү сунуш кылынат.

Бала эмчектин үрпүн толук соруп эмишине өзгөчө көңүл буруу зарыл. Үрптү толук соруп эмбесе аба кирип үрп жарылат. Бала эмип бүткөндө эмчекте калган сүттү саап таштаган оң.

Кийин мастит жаралбашы үчүн кош бойлуу аял эмчегине укалоо жасап турганы жакшы. Укалоону ар бир аял өзү жасай алат. Колду самындап жылуу суу менен жууп, анан бир нече мүнөт саат жебесинин багытында ар бир эмчекти сылап, укалайт.

Дарылоо

Дарылоо өз убагында башталса, оору бир нече күндө жоголот. Дарылоо маститтин түрүнө жараша жүргүзүлөт. Оору күчөй электе, ириң жок кезде антибиотиктер, сезгенүүгө каршы дары-дармектер, эмчекти таңуу, баланы эмизүү (анткени ириң жок), ашыкча сүттү саап туруу, физиотерапия жана башкалар сунуш кылынат. Эгер оорутуу катуу болсо, анда эмизбей, сүтү атайын шайман менен сордуруп туруу кажет. Өз алдынча ар кимдин кеңеши менен дарыланууга болбойт. Ириң тээп күчөп кетсе баланы эмизүүгө болбойт жана дарылоо үчүн операция жасалат.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1037, 21-27-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан