Чакан айылда тигилген боз үйдү өкүрүк, шуу үшкүрүктөр коштоп жатты. Сүйүктүү апакесин акыркы сапарга узатып отурган адам көз жашын улам сүртүп, өзүнүн турмушу тууралуу ойлоду. “Жаңылган экенмин. Же татыктуу уул боло албай, же ардактуу ата боло албай ара жолдо калыптырмын. Баарына өзүм күнөөлүүмүн”. Апасынын мээримдүү жүзү көз алдына тартылып, тирүүсүндө жакшы мамиле кылбаганына, кайгыга салганына өкүнүп жатты. Аттиң, апасын кайра тирилтип алса эмне... Ушул түн Зарлык үчүн өз өмүрүн эскерүү түнүнө айланды.
МЕКТЕПТЕГИ СҮЙҮҮ
Зарлык ата-эненин зарлап жүрүп көргөн уулу болчу. Маңдайы жарыла сүйүнгөн атасы атын Зарлык деп койгону да ошондон эле. Жашынан өтө шок чыкты. Ошого карабай жакшы да окучу. Зарлык мектепте окуп жүргөндө бир гана душманы Букен аттуу айылдаш кызы болчу. Экөө тең мектепте аттаандашып окушкандыктан, бирине-бири кыр көрсөтүп турушаар эле. Чачтарын сереңдете эки тарапка өргөн татынакай кызга башында кыжырланып жүрсө, бойго жеткен сайын кызыгуусу артып бара жатты. Негедир класста окуган кыздардын эң акылдуусу да, эң сулуусу да ушул кыз сыяктанып көрүнө берчү болду.
– Букен, Зарлыктын сенде көңүлү бар окшойт. Кийинки кездерде ар дайым сен кетчү жол менен кетчү болду. Анан да...
– Койчу, мен андай эч нерсени байкаган жокмун.
Кыз саамай чачын серпе кылыктана калды. Ооба, Зарлыктын көзүндөгү пайда болгон от Букенди да кайдыгер калтырган эмес. Бирок, кыз кылыгы менен байкамаксан болуп жүргөн эле. Ошентип, жаш жүрөктөргө биринчи жолу бүлүк түштү. Алгачкы кат... алгачкы жолугушуу... Кантип бири-бирине тартылып бара жатышканын билбей калышты. Ана-мына дегиче экөө тең орто мектепти бүтүп, турмушка алгачкы кадамдарын шилтөөнүн алдында турушту. Бири аскердик кызматка аттана турган болсо, экинчиси жогорку окуу жайына тапшырмай болгон эле. Кыналышкан эки жаш ошол күнү таң атканча сырдашты.
– Зарлык, сен да ата-энеден жалгызсың. Мен дагы жалгызмын. Экөөбүз үйлөнүп, бала-бакыралуу болуп, ата-энелерибизди бактылуу кылсак кандай сонун.
– Кел, анда азыр эле үйлөнүп алалы,- Зарлык тамашага чала сүйлөдү.
– Жинди десе, үйлөнгөнгө үлгүрөбүз. Алгач экөөбүз тең алдыга койгон максаттарыбызга жетишибиз керек. Бирок, бири-бирибизди көпкө көрбөй калсак эле ажырашып кетчүдөй корко берем.
– Букен, экөөбүздү ажыратчу эч кандай күч жок.
Зарлык кызды аяр кучактап бетинен өптү. Коштошуп жатып болочокто бирге болууга ант беришти. Бирок, тагдыр бороонун кайдан деп болбойт эмеспи. Арадан бир жыл өтүп-өтпөй Букенди ошол эле айылдык бир жигит алакачты.
– Мени коё бергиле! Менин жигитим бар. Баары бир жашабайм!
Ач айкырыкты салып алпурушкан кыз жалынып да, суранып да жатты. Мындайда кыздын сөзүн ким угуп коюптур? Айланып кагылган улуу аялдар, кемпирлер ой-боюна койбой жоолук салып отургузуп коюшту.
– Балам, бир аттаган босогодон кайра чыкпайт.
– Биз деле ушинтип келгенбиз.
Көз жашы көлдөгөн кыз тагдырына баш ийүүгө аргасыз болду. Бирок, жүрөктөгү жалынды кайда алып бармак. Басса-турса да Зарлыктын элеси көз алдынан кетпей жатты.
ҮЙЛӨНҮҮ
“Зарлык, мени кечир. Сага берген анттын аягына чыга албадым. Мени алакачып кетти. Аргасыз отуруп калдым. Бирок, сени унута албай кыйналып жүрөм”. Ушул сыяктуу мазмундагы катты алган Зарлык башын мыкчып отура калды.
– Жок! Мен эч качан Букенден айрылбайм...
Ичинен ушуларды күбүрөгөн Зарлык ошол замат чечим кабыл алды. Көчөнүн башында келе жаткан караанды тааныган Букендин буттары шилтенбей калды. Бул Зарлык болчу. Жакындай бергенде колундагы чака жерге түшүп кетти. Зарлык да алдында жоолук салынып турган татынакай келинчек Букен экенин таанып, жүрөгү мыкчыла түштү.
– Сен...
– Кечир мени...
Келинчектин титиреген денесин бооруна кыскан Зарлык энтиге сүйлөдү.
– Бол, азыр алып кетем. Апамдар күтүп жатышат.
– Кантип? Чын элеби?
– Ооба, “алып келе бер” дешти. Экөөбүздү мурун эле билишчү эмес беле. Апам кайра сүйүнүп жүрөт.
Делбиреген Букен бактысына чыдабай ыйлап жиберди. Ушул учурда эч нерсени ойлогусу келген жок. Тек гана Зарлыгынын колун кармап, баарына кайыл болуп кетип бара жатты. Эң биринчи көзүнө көрүнгөн эле ак жоолук кармап чыгып келе жаткан Зарлыктын апасы болду. Ошентип, Букен артынан айтылчу каргыштан да, бирөөнүн көз жашынан да коркпой Зарлыкты ээрчип кете берди. Жаш үйбүлө бактыга карк болуп жашап калышты. Букен айылга аты чыккан, кайната-кайнененин оорун колдон, жеңилин жерден алган күйүмдүү келин болду. Кызы жок болсо да кыздуу болгонсуп сүйүнгөн кайнене менен кайната ансайын эт-жүрөктөрү эзилип, келининдей эмес, кызындай көрүп мамиле кылышчу. Зарлык менен Букен эки кыздуу, бир уулдуу болушту. Бактылуу үйбүлөнүн бактысына көлөкө күтүүсүз түштү.
КЫРСЫК
– Зарлык үйдө жокпу?
– Жок, жумуштан келген жок. Эмне, ишиң бар беле?
Гуля бир нерседен корунгандай эки жагын карап алды. Эч нерседен шек албаган Букен көптөн бери келбей калган классташын үйүнө киргизип, дасторконун жайнатып жатты. Гуля Зарлык экөөнүн классташы болчу. Турмушка чыга элек болгондуктан, зериккен кезде келип, Букен менен кобурашып отуруп калчу. Кийинки кездерде көп жолобой калган эле.
– Эмне көптөн бери келбей калдың?
– Жөн эле...
Жөн салды ал-жайды сурашкандан башка сөзгө өтө алышпай отуруп калышты. Ушул учурда Зарлык кирип келди. Негедир Гуляны көрүп серпиле түштү.
Аны деле байкабаган Букен экөөнө чай берип жатты. Кетээр маалы болгон Гуля адатынча Букенге кайрылып калды.
– Букен, түн кирип кетти. Мени үйгө Зарлык жеткирип койсунчу?! Өзүм корком го...
– Мейли.
Ээрчишип чыгып кеткен экөөнөн эч шек санабаган Букен кала берди. Ушул түнү Зарлык үйгө келген жок. Ушундан көп өтпөй айыл ичине “Зарлык менен Гуля шаарда жашап алышыптыр” деген кабар тарады. Кантсе да табиятынан көтөрүмдүү Букен бул сөзгө эч ишенген жок. Анткени, күйөөсүнө ишеничи чоң эле. Бирок, кийинки кездерде Зарлыктын үйгө түнөбөй кеткенин ойлоп ичинен сызып алды.
– Балам, Зарлык командировкалап көп кетчү болду. Жанагы сөздөр да тынчымды ала баштады. Кабарын билбесек болчудай эмес го...
Кайненесинин бул сөзү Букендин талуу жерине тийди. Көзүнөн жаш айлана түшүп, жерди карап калды.
– Апа, кантип эле ошентсин уулуңуз?! Мени кыйса да, бул үчөөнү кантип кыйсын?!
– Ким билет... “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дечү эле...
Эненин жүрөгү түпөйүл болуп турду. Башынан эле келинин кызындай жакшы көрүп, эч сыр жашырчу эмес. Канчалык күтсө да, Зарлыктан дайын болгон жок. Букен айласы кетип, Зарлыктын жакын досунан алган дарек менен шаарга издеп бармай болду.
Колунда бир жашка жете элек наристесин көтөргөн Букен айтылуу үйгө жакындай берди. Жакындаган сайын буттары калтылдап, эчен жолу кирбей кетип калгысы келип жатты. Бирок, жанына баткан ушактын чын-төгүнүн билбей кете да албайт болчу. Аргасыз эшиктин туткасын кармап акырын тартты. Кирип алып куду моюнуна ысык шорпо төгүлгөндөй болуп туруп калды. Жапыз столдо жанаша отуруп алып Зарлык менен Гуля чай ичип отурушкан экен. Бири-бирине эркелешип дегеле болушпайт.
– Акмактар!
Титиреген Букендин оозуна ушул сөздөр кирди. Селт этип чочуган экөө тең тура калды.
– Кантип ушул жорукка бардыңар? Эмне үчүн? Балдардын кусуру урсун сени, Зарлык. Ак сүйүүмдүн кусуру урсун!
Күнөөсүнүн оордугунан башы шылк эткен күйөө сөрөйдү, бозоргон курбусун карап турду. Акыры Гуля башын көтөрдү.
– Кечир мени, Букен. Мен Зарлыкты мурун эле сүйчүмүн. Ушундай иш болуп кетти, эки айлык боюмда бар. Элден уялганыбыздан шаарга көчө качтык. Кечир...
– Сүйлөбө!..
Титиреген Букен наристесин бооруна кысып чыгып кетти. Жолду катар көзүнөн жашы төгүлүп кетип бара жатты. Кирип келип кайненесин кучактай жыгылды.
– Апаке...
Сөз айта албай буркураган келинин кучактап апа да боздоп жиберди.
– Аттиң, ай, ушакты оюма жуутпай кубалап жатпадым беле... Калп болуп калсачы деп Кудайдан тилеп жатпадым беле... Карыганда ушуну көрөт белек?!.
Үрпөйүшкөн кыздарын, эч нерсени түшүнбөй жалдырай караган уулун көрүп ого бетер боздоду Букен. Ошол түндү кайнене менен келин уктабай өткөрүштү.
– Мен кетем,- деди Букен чечкиндүү.
– Бизди таштап кантип кетесиң? Атаң экөөбүз ушул балдардын деми менен жашап жатпайбызбы. Кетпе, берекем. Мен Зарлыктан кечсем кечем. Бирок, балдардан, сенден кече албайм.
– Апа, түшүнсөңүз...
– Мени апам десең...
Буркурап какшаган карылардын өтүнүчүн жерге таштай албады Букен. Канчалык ызаланса да жөжүрөгөн балдарын чоң ата, чоң энесинен ажырата албай, аргасыз кайненеси менен кайнатасын багып кала берди. Кайгыдан улам кайната каза болду. Ошентип, арадан жылдар өттү. Зарлык ошол боюнча ата-энесине, балдарына да кайрылган жок. Гуля менен эки жылдай жашап, кайра оту күйүшпөй ажырашып кеткен экен. Коңшу эле айылдагы үч балалуу, өзүнөн жашы улуу аялдын үстүнө кирип алганын угушту.
ЭНЕНИН ЫЙЫ
Жалгыз аяк жолдо таягын таянып алып кетип бара жаткан эненин жүзү убайымдуу эле. Улам жүзүнөн аккан терди аарчып коёт. Алдыга ашыкпай, артына кайрылбай, бир калыптагы жай басыгы менен келе берди. “Жалгыз уулдан жакшылык көрөм деген тилегим кайда калды? Ага-туугандан чыгып, бир катынды ээрчип минтип жолбун болду. Эми кантээр экен?” Апанын жандүйнөсүн эзген ушул сыяктуу түмөн ойлор...
Үйгө кирип келе жатып босогодо отурган бейтааныш адамды көрүп чочуп кетти.
– Кимсиң, айланайын? Кимди издеп жүрөсүң?
– Апаке, бул мен...
Апанын карт жүрөгү селт дей түштү. Алдында турган Зарлык экенин көрүп селдейе калды. Баары бир баласы да. Өөп-жыттап, эмшиңдеп ыйлап да алды. Көпкө сүйлөшүп отурушту.
– Апаке, элдин сөзүнө калдым. “Карыган апаңды өз колуңа ал” деп жатышат. Небереңизди да көрө элексиз.
– Менин неберелерим Букендин балдары. Башка неберенин мага кереги жок.
– Апа, Букенден жакшы келиниңиз бар. Баары бир мен сизди алып кетем. Машина менен келдим. Болуңуз, көр-жериңизди жыйыштырыңыз.
Зарлык апасын күчтөп тургузуп, ой-боюна койбой алып жөнөдү.
– Зарлык, мен балдарымды таштай албайм. Иштен келсе Букеним менен коштошуп... Зарлык, деги кандай немесиң? Зарлык дейм! Олдо, балам, ай...
Эшиктен кирип келген Букен кайненеси жок экенин көрүп, жүрөгү шуу дей түштү. Ар дайым чайын даярдап күтүп отурчу апасы жок коломто томсоруп калган экен. Окуудан келген балдары да томсоро түшүштү.
– Чоң энем кайда, ыя?
– Алып кетиптир...
Көмөкөйүнөн шыбыраган Букен дароо түшүндү. Анткени, Зарлык жолуккан сайын “апамды алып кетем” деп коркутуп калчу. Апасы кеткенден кийин үйдүн бир ыптасы ооп калгандай болуп жаман болду. Эчен жылдан бери кайнене эмес, өз энесиндей караан тутуп калган экен. Кайненесинин артынан эчен жолу барса да, Зарлык өкүрүп-бакырып энесин бербей койду. Атүгүл жолуктурган жок.
Арадан аз өтпөй эле “энеңер каза болуп калды” деген кабар келди.
ххх
– Ий, бетим, ушундай кантип болсун?!
– Өмүр бою бакпаганы аз келгенсип өлгөндө кумурскага талатат деген не шумдук?
– Боз үйдү таза жерге тикпейби?
Аялдар өздөрүнчө күбүр-шыбыр болуп жатышты. Көрсө, өлүк турган боз үй кумурсканын уюгунун үстүнө тигилип калган экен. Капысынан кире калган бир келин байкаса, жаткан апанын жүзүндө, кулак мурдунда кумурскалар жайнап кетиптир. Дароо Зарлыкты ээрчитип кирип, апасынын жүзүн көрсөтө берди.
Алгач селдейе түшкөн Зарлык күңкүлдөй берди.
– Эмне кылайын?
– Катыгүн, дары себели. Эл эмне дейт?!.
Чыйпылдаган келиндин сөзүн чымын чаккандай көрбөгөн уул акырын ордунан туруп басып кетти. Ушул учурда алыстан үн чыгарып кошуп келе жаткан аялдын тааныш үнү угулду. Бул өзүнүн мурдагы аялы Букен эле.
– Бул эмне келди? Мен киргизбейм. Ансыз да апамды өзүмө жат кылып...
Ушинтип күңкүлдөгөн Зарлык окторула Букендин алдынан чыкты.
– Ошону айтсаң... Сенин апаңа ээ чыгып... Ал боз үйдө отурса, анда мен кетем!- деп алкынган кийинки аялы ого бетер шыкактап калды.
Кара жоолук салынып, үн кошуп ыйлап келе жаткан Букенди, ызырынган Зарлыкты эл жарданып карап калды.
– Сен кайда? Эй, сен кайда?- деп титиреп келе жаткан Зарлыкты жек көрө карап алган Букен боз үйгө жетип токтоду.
– Жолумду тоспо! Адам болсоң апамдын керээзин унутпа. “Букен менин башымда ыйлап отурсун” деп айттырган экен апам. Ошон үчүн келдим.
Букендин бул сөзүнөн эл да жандана түштү.
– Туура, өмүр бою ушул келини баккан.
– Уул болуп кайсы жыргалды көрсөттү Зарлык?
– Кир, кирегой...
Эки-үч аял колтуктай калып Букенди киргизип кетишти. Жарданган элдин сөзүнөн өтө албай Зарлык эшикте калды. Ушул учурда гана ал апасына эч качан жакшы уул боло албаганын түшүндү. Башын мыкчый өксүп жиберди.
Нуржамал Жийдебаева
Сүрөтчү: Уларбек Атайбеков