Эмил Молдодосов, оор атлетчи: «АР БИР МЕЛДЕШ ОЛИМПИАДАГА ТЕПКИЧ»

Бахрейнде өткөн Азия чемпиондугунда 2-орунду ээлеген спортчу Эмил Молдодосов менен маектештик. “Улан байкемдин Олимпиада оюндарына катышып жатканын телевизордон көргөндөн кийин оор атлетиканы тандагам” деген Эмил мырза Азия чемпиондугу, спорттук карьерасы тууралуу айтып берди.

Туулган жылы – 2000-жыл, 1-август

Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Токтогул шаары

Салмагы – 89 килограмм

Бою – 180 сантиметр

Билими – Дене тарбия жана спорт академиясын бүтүргөн, Юридикалык академиянын 1-курсунун студенти

Үй-бүлөлүк абалы – бойдок

Жетишкендиктери – Азия чемпиондугунун 2 жолку күмүш, 1 жолку коло, Ислам оюндарынын күмүш медалчысы, өлкөнүн 6 жолку чемпиону

– Салам, Эмил! Азия чемпиондугунда жараткан ийгилигиң менен куттуктайм. Алгач ушул чемпиондук тууралуу сөз кылалы...

– Чоң рахмат. Биз бул чемпиондукка көп убакыт даярдандык. Бахрейнге эртерээк барып, Сауд Арабиясы, Бахрейн менен бирге сбор өттүк. Ал жактын тамак-ашына көнүп, адаптация болдук. Азия чемпиондугу абдан жакшы өттү. Менин салмагымдагы катышуучулар абдан көп болду. Кудай буюруп 166 килограмм салмакты жулкуп көтөрүүдөн алтын медаль уттум. Түртүп көтөрүүдөн 1-айлампада 191 килограммды ийгиликтүү түрткөм, экинчиде 195 килограммды көтөрүп жатканда моюнумдагы кан тамыр кысылып кетип, бир аз өзүмдү жогото түштүм. Ошондон улам жакшы жыйынтык көрсөтө албай калдым. Бул айлампа мен үчүн өтө маанилүү болчу, алтын медалга менде мүмкүнчүлүк жогору эле. Бул да Кудайдын буйругу экен, күмүш медаль тагынып калдым.

– Бул спорт түрүн тандооңо спортчу жакындарың себепкер болсо керек, ээ?

– Ооба, бул чоң атам, СССРдин спорт чебери Өмүржан Молдодосовичтен башталган жол. Ал спорттон кеткенден кийин инилери Эсен, Үсөн Майназаровдорду машыктыра баштаган. Кийин алардын балдары Улан, Кутман, Султан Молдодосовдор оор атлетчи болушту. Биз неберелери үчүнчү муунубуз. Бир тууган иним Эламан дагы оор атлетика боюнча жаштар арасында Азия чемпиону. Бизди Молдодосовдор династиясы деп коюшат. Спортко агаларымды көрүп келгем. 2008-жылы Улан байкемдин Олимпиада оюндарына катышып жатканын телевизордон көргөндө оор атлетчи болом дегем. Ага чейин самбо, эркин күрөшкө катышып, футбол ойноп жүрчүмүн.

– Өзүң тууралуу айтып берсең. Оор атлетика боюнча машыгуу залына кантип барып калдың?

– Үй-бүлөдө 5 бир тууганмын, 9-класска чейин Токтогулда өстүм. 10-классты Бишкекте спорттук мектепте уланттым. Мени залга атам алып барган. Алгачкы машыктыруучум – атам Эсен Майназаров. Бир жолу 6-классымда өспүрүмдөр арасындагы өлкө чемпиондугуна катышып утулуп калып, маанайым түшкөн. Ошондо атам “атаандаштарың 3 ай бою жайкы каникулда эс алып жүргөндө сен машыгышың керек. Ошондо чемпион болосуң, эгер чемпион болбой калсаң мен квадроцикл алып берем” деген. 3 ай бою атамдын айтканын кылып, сентябрда өлкө чемпиондугун утуп алгам. Ошол жеңиш мага абдан түрткү берген. Ошондон бери дайыма эле машыгуунун үстүндөмүн. Бизге эмгегин жумшап келе жаткан машыктыруучуларыбызга ыраазычылык билдирем. Ар бир ийгилигибизде алардын мээнети чоң. Учурда жеке машыктыруучум Өмүржан Молдодосович, улуттук курамдагы башкы машыктыруучубуз Камбар Токтоналиев.

– Атаңдын, чоң атаңдын колунда машыгып келет экенсиң. Эркелеп машыгууну калтырган учурлар болобу?

– Үйдө гана чоң атам, залда агайым. Эч кандай жеңилдик бербейт. Чоң атамдын “оор атлетика сага жеңил атлетика эмес” деген сөзү дайыма эсимде. Мен барып бир көйгөйүмдү айтып, бүгүн машыкпай эле коёюн десем ал мага ушул сөздү айтарын билем. Ошон үчүн машыгууну калтырбайм.

– Токиодо өткөн Олимпиада оюндарына жолдомо алууга сенде мүмкүнчүлүк болгонбу?

– 2018-жылы Токио олимпиадасына даярдана баштаганбыз. Ал учурда формада да эмес болчумун. Машыктыруучулар “бул баланын жыйынтык көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгү бар, жиберели” дегенде жогору жактагылар ишенбей коюшкан. Мен ошол жылы Азия чемпиондугуна барбай калгам. Кийинки бардык жолдомолук мелдештерде жакшы жыйынтык көрсөтө алдым. Азия чөлкөмүндө Олимпиада оюндарына жолдомо алууга упайларымдын саны жетти. Бирок Олимпиадага жолдомо берүүчү старттык Азия чемпиондугуна катышпай калганым үчүн жолдомо албай калдым. Жолдомо упайы боюнча менден кийин турган спортчуга берилген. Олимпиада оюндарына барууга толук мүмкүнчүлүгүм бар эле. Ошол учур абдан оор тийди.

– Эч нерсе эмес, алдыда Парижде өтүүчү Олимпиада оюндары турат. Жакында Ислам оюндарынан дагы күмүш медаль тагындың, ошол тууралуу да айтып өтсөң?

– Ислам оюндарына биз Өзбекстанда сбор өттүк. Жалпы 4 спортчу бардык. Максатым алтын медаль утуу эле, бирок күмүш буюрду. Менин салмак категориямда кыргыз, казак, өзбек спортчулары бири-бирибизге күчтүү атаандашпыз. Ислам оюндарында өзбек спортчусу чемпион болду, Азия чемпиондугунда жулкуп көтөрүүдөн мен алтын медаль уттум, түртүп көтөрүүдөн казак спортчусу алтын медаль тагынды.

– Көп өлкөлөрдө болосуңар. Кайсы өлкө сага өзгөчө таасир калтырган?

– Түндүк Кореяны айтат элем. Ал жакта 2019-жылы Азия чемпиондугу өткөн. Барганда ар бирибизге күзөтчү, котормочу дайындалган. Ар бир кадамыбыз ошолордун көзөмөлүндө болду. Эли классикалык үлгүдө кийинишет экен. Көчөлөрү бош, бака-шака түшүп шаар аралаган көпчүлүктү дээрлик көрбөйт экенсиң.

– Бахрейнден келип эле машыгууну баштаптырсың, жакынкы аралыкта дагы мелдеш барбы?

– Ооба, 1 жарым айдан кийин Колумбияда Дүйнө чемпиондугу өтөт. Ошого даярдыкты баштадык. Ар бир мелдештин аягы Олимпиада оюндарына барып такалат. Тагыраагы, ар бир турнир Олимпиадага даярдык. Эң башкысы Олимпиада оюндарына жолдомо утуп, Кыргыз элимди сүйүнтүп, желегибизди желбиретсем деген ниеттемин.

– Тилегиң орундалсын, маегиңе рахмат.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1037, 21-27-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан