(Башы өткөн сандарда)
Айсара көзү чыбырчыктап, башы чымырап жатып бир топто ойгонду. Клубда кыздар менен отурганы, бийлеп жүргөн учуру көз алдына тартылды, бирок үйгө кантип келгенин эстей албай койду. “Үйгө кантип келдим?” деген суроого жооп таппай жатты. Телефонун караса өчүк, жандырып эле Инстаграмга кирди. Мас болуп калганда дагы видео тартып киргизип салыптыр. Жан талашып өчүрдү баарын. Тимурдан СМСтер катары менен келип жатты. Аларды окуп бүтө электе Тимурдан чалуу келди. Телефондун экранынан жашыл белгини сөөмөйү менен жылдырды.
– Эй, сен эмне, жиндисиңби? Түнү менен телефон чалып чыктым. Менин көзүм мындай болору менен клубга жөнөгөнүң кандай?- учурашкан дагы жок. Тимурдун үнүнөн ызалануу билинип турду. Айсарага ал минтип орой кайрылчу эмес. Айсара үндөбөй Тимурду угуп тура берди.
– Ушунун баары сен үчүн болду десем ишенесиңби? Өзүң чалууга такыр жооп бербей койдуң го,- деп жооп берди Айсара бир маалда.
– Чалууга жооп бербей койду деп күйөөгө тийип кетсең деле болмок экен. Мен бул жакта ойноп жүрөмбү, бейтапканада жүрөм, ойлонсоң боло. Бирде интернет болот, бирде болбойт.
– Жадырап-жайнап түшкөн сүрөтүңөр интернетте...
Сөзүн бүтүрбөй Тимур ачуулуу сүйлөдү.
– Айсара, эмне дегиң бар, ал менин балам! Балам чогуу сүрөткө түшөлү деп суранды. Жок демек белем? Бүгүн түнү барам. Жумурткадан кыр издебечи, клубда кутуруп жүргөн күндөрүмдү сагындым дебейсиңби ар нерсени шылтоо кылбай. Сени менен барганда сүйлөшөм...- телефонду өчүрүп салды.
– Уф-ф, клубга кайдан да бардым эле? Демек, кайтаруучу коюп кеткенсиң. Мага ишенбейт экенсиң да. Клубда жүргөндө Жайдар деген Тимурдун таанышы “сени үйгө алып кеткени келдим” деп жатканын үзүл-кесил эстеди. Андан ары эмне болгонун билбейт.
Айсара сыртка чыгып эшик алдынан тааныш унааны көрдү да, ал тарапка басты. Ал жете бергенде уйкусураган Жайдар машинадан сыртка чыкты. Кыязы, түндө ушул жерде түнөгөн өңдөнөт. Айсара уялып сөздү эмнеден баштаарын билбей үн-сөзсүз бир топко тура берди.
– Жайдар, мен кечээ ашыкча кеткен окшойм. Кечирип койчу, чынын айтсам, эч нерсени эстей албай жатам. Тимур айтканда билдим мени сен үйгө алып келгениңди,- деди Айсара башын жерге сала.
– Түшүнөбүз, түшүнөбүз,- Жайдар күлүп сүйлөдү.
– Эч нерсе эсимде жок. Сен соо болчусуң да. Суранам, Тимурга ашыкча эч нерсе айтпай эле койчу. Ал ансыз да ачуулуу экен. Мен сенден бир жолу суранайынчы.
– Жарайт, сен айткандай болсун.
– Жаңы кеңсе жакка жеткирип койчу, такси чакырбай эле коёюн,- деди Айсара жигитке.
– Макул,- жигит унаанын арткы эшигин ачты.
Арткы орундукта бирде ойлонуп, бирде телефонго алаксып келе жаткан Айсарага улам күзгүдөн көз салып коюп бара жатты Жайдар.
xxx
Байыштын сөздөрү түнү менен Карлыгачка тынчтык берген жок. Көңүлү суз, жумушка барууга каалоосу жок, бирок ишке чыкпай коё албайт. Байыш ушунча убакыттан бери карыздарына шылтоолоп бир сом берген жок. Үйгө отуруп алса ачка калары шексиз. Уктоочу бөлмөгө кирип Байыштын жок экенин көрдү. Байыш таң эрте туруп үйдөн чыгып кеткен эле, досу менен да сүйлөшкөн жок. Карлыгач жумушунда улам телефонун карап жатты, кечирим сураса керек деп Байыштын чалуусун күттү, бирок Байыш жазган да, чалган да жок. Ал бул учурда Карлыгачтан кечирим суроону эмес, карыздардан тез арада кутулууну, Шерзаттын тобунан эптеп чыгып кетүү тууралуу ойлонуп жаткан. Эртең менен эле атасы чалып “кредитти төгүп бүт, бизди үй-жайсыз калтырба темселетип” деп урушту. Байыш кечке чейин Руслан айткан жерлердин баарын караштырып, өзүнө ыңгайлуу жерлерди белгилеп чыкты. “Эркектер мага каршы аракет көрүшү мүмкүн, тоноого кыздар жакшы вариант” деп ойлонду. Өзүн дагы психикалык жактан даярдап жатты. Күткөн учур келип, шаар ичи коюу түнгө чулганды. Бул учурда Руслан менен Байыш “чалгынга” жөнөштү. Байыш бүгүн өзүн тоолордогу ач карышкырдай эле сезди. Эмнегедир эч кимге аёо сезими болгон жок. Руслан бүгүн аны өтө кирешелүү жерлерге алып барыптыр. Төрт кызды тоноду. Русланга жеткирбей төртөөнөн тең өзүнө акча өнөп калды. Руслан ага аз эле акча карматарын башта эле түшүнгөн.
– М-м, Бася, бул башка иш. Мына, иштейт деген ушул. Айтпадым беле эч кимди аябай каласың деп,- Руслан акчаларды санап жатып сүйлөдү.
– Мага тиешелүү акчаны алып кете берсем болобу?- Байыш шашыла сүйлөдү.
– Болот, албетте, ме, бул жагы сага, калганы бизге...
– Эртең көйгөй жаралбайбы анан?
– Ал жагынан кам санаба. Биз сөзүбүзгө турабыз,- деген Руслан Байышты айткан дарегине таштап, андан ары зуулдаган бойдон кетти.
Байыш үйгө келди. Карлыгач уктабай күтүп отурган экен. Экөө бири-бирине ооз ачышкан жок. Стол үстүнө акчаларын чачып санады да, капчыгына салып коюп, телефонуна келген аудио каттарды ачып четинен уга баштады. “Акчаны которуп койсоң жакшы болот эле... Апам ооруп жатат, болбосо сурабайт элем. Москвада иш жакшы эле болуп жатса керек, баягыны качан берейин деп жатасың?..” Баары эле карыз доолагандар экенин Карлыгач да кошо укту. Ичинен “ошон үчүн ичип, ачууланып жаткан турбайбы” деп Байышты аяп кетти. “Кредиттен кредит алып, карызга батып, бардар кишидей жашоонун эмне кереги бар эле?” деп бир чети ага жини келди.
– Чай алып келбейсиңби, эмне сөзсүз эле сураныш керекпи?- деген Байыш көзүнүн төбөсү менен Карлыгачты карады.
Карлыгач унчукпай туруп дасторконду даярдап, Байышка чай берди. Экөө сүйлөшүшкөн жок, чай ичип болгон Байыш уйкуга кетти. “Мен бир нерсе кылгансып дулдуюп коркутат” деп ойлонгон Карлыгач ачуусун ичке катып унчуккан жок. Караңгы бөлмөдө узун ойго чөмүлүп жата берди. Бир туура эмес иш кылса эртеси кечирим суроого шашылган Марат эсине түштү. “Марат менден акча сурачу беле, иште дечү беле, “кандай учур болбосун өзүм багам” дечү эле го. Ушул жашоонун мага эмне кереги бар эле, эжем айткандай, эки баламды боорума кысып жөн жашай бербейт белем. Кайсы күнү азгырылып жолумдан жаза бастым?..” деп ойлонуп Карлыгач эрдин кесе тиштеди. Марат менен жашаган бактылуу күндөрү көз алдына тартылды. Учурунда бакыт деп эсептебеген көз ирмемдер азыр бактылуу күндөрдөй биринин артынан бири чубап келе берди.
xxx
Марат акыркы учурда абдан арыктап кетти. Көп ооручу да болду. Бүгүн да табы жок, эптеп уйларын короодон чыгарып келди. Денеси жанчылгандай ооруп, шайы жок. Кайра төшөгүнө сулк кулады. Уулунан улам суу алдырып ичкени болбосо, башка эч нерсеге табити тартпай, эртеден кечке төшөктөн баш көтөргөн жок...
(Уландысы кийинки санда)