СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Неймарды 5 жыл эркинен ажыратууну талап кылышууда

Дүйнө чемпиондугуна бир ай калганда ПСЖ клубунун бразилиялык чабуулчусу Неймар алдамчылыкка шектелип, сот иштерине катышууда. Сот Испаниянын Барселона шаарында болуп жатат. DIS футболдук инвестициялык фонду жана Бразилиянын профессионал спортчуларынын ассоциациясы (FAAP) футболчуну 2013-жылы “Сантос” клубунан “Барселона” клубуна өткөндө өз баасынан төмөн сатылган деп айыптоодо. Ал 57 миллион евро эмес, 107 миллион евро турган дешет. Буга байланыштуу алар Неймарды 5 жылга эркинен ажыратып, 149 миллион евро айып пул төлөөсүн талап кылышууда. Айыпталуучулардын катарында футболчунун ата-энеси жана “Барселона” клубунун мурдагы экс-президенттери Жозеп Бартомеу жана Сандро Розелл да бар.

Айыпталуучу тараптын жактоочулары DIS инвестициялык фондунун башкы максаты футболчуну абакка отургузуу эмес, көп суммадагы акча өндүү экенин белгилешүүдө. Сот иштери дагы эки аптага уланат.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча курамга бүт шарты менен зал ачылды

19-октябрда Бишкек шаарындагы спорттук иш-чараларды өткөрүү боюнча “Жаштык” дирекциясынын базасында Кыргызстан кыз-келиндер күрөшүнүн улуттук курамасы үчүн спорт зал ачылды. Бардык шарты менен курулган спорт залдын ачылуу аземине президент Садыр Жапаров катышканын президенттин маалымат кызматы билдирди. Жаңы ачылган спорттук жайда күрөш залы, машыктыруучу бөлмө, эс алуу бөлмөсү, конференц зал, медициналык-реабилитациялык бөлмө, сауна, кир жуучу бөлмө, мейманкана бар.

Ачылыш аземинде спортчу кыздарга өлкө башчы “сиздер өлкөнү бүт дүйнөгө даңазалап жатасыздар, бул себептен залдын курулушун жеке көзөмөлгө алдым. Өсүп келе жаткан муунга үлгү болуп, алардын спортко кызыктырасыздар деп ишенем” деп билдирди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1037, 21-27-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан