(Башы өткөн сандарда)
– Өткөндө Зайнаптын таякеси жазды. Жанагы таякеси. Биз акча чогултуп жатканда жүрбөдү беле? Ошол. «Зайнап өтүп кетти» деп жазды. «Уктум» деген жокмун. Көңүл айттым. Күйүтү жеңилдесин деп сөзүнүн баарын уктум. Анан кечээ дагы жазат. Күйүп жаткан кишини какпайын деп дагы уктум. Сөздөн сөз чыгып отуруп, неге башым бош экенин, «кыз», «кыз эмес» экенимди сурады. «Аны эмне кыласыз?» – дедим. Болбой эле дагы көп кызыктай сөздөрдү жазды, анан ага улай көкүрөгүмдү кармалап, жамбашымды сыйпалап кирбедиби. Карап турмак белем, мен да аны оозго бир чаптым. Бул кишинин соо эмес экенин өткөндө акча чогултуп жүргөнүбүздө эле байкагансыгам. Бир белимди, бир колумду кармалай коюп жаткан. Ичимден: «Карындашына күйүп жүргөн кишинин башына ушул келмек беле, менин оюм бузук да» деп койгом. Эми ыза болуп отурам. Бирок неге ыза болгонумду түшүнө элекмин. Адам өлгөндө, карындашы өлгөндө ушундай нерсе башына келгенинеби? Күйүмүш этип, Зайнапты шылтоо кылып келип, анан менин көкүрөк-жамбашымды кармалап кеткенинеби? Же ал менин көкүрөк-жамбашымды мессенжер аркылуу кармалап кетип, мен аны жаакка чындап шапалак менен чаба албай калганымабы? Айтор, түшүнүксүз...
Анын артынан эле Сактан Фейсбук барагына «Мындан ары жазбайм, чыгармачылыктан кеттим» деп пост жазды. «Тез келген адам ушинтип тез кетет окшойт» деп ойлодум ичимден. «Туура кыласың, жазбай эле кой» дегим келди аябай. Бирок эл ага жеткирген жок. Анын да өзүнө ылайык күйөрмандары, окурмандары бар экен...
Көпчүлүк: «Жаз эле жаз, сен жакшы жазасың, сен жазбасаң, кыргыз адабияты оор жоготууга учурайт!» – деп жаалап кетти. Биздин адабият ушунчалык кичирейип кетти беле же Сактан ошончолук чоң фигурабы, түшүнбөй калдым... Бирок биз ыйык көргөн нерселерге адамдар ашканага кирип чыккансып эле мамиле жасап калыптыр. Шоу болуп жатканы кейитти. Ага эмне? Ошол сөздү угуш үчүн, мактоо угуш үчүн жазган экен. Постун канча убакыт ойлонуп, канча күн түйшөлүп жазды, билбейм, бирок постун илгенден, эл жаалагандан кийин ал бир аз эле маалкатты. Анан макул болду. Эримден кеттим деп, кетпей калган аялдай болуп үч сааттан кийин чыгармачылыкка кайра кайтып келди. Жазгандарынын жаман экенин түшүнгөн го деп үмүттөнүп сүйүнүп алган мен эле ит болдум. Калгандары баары бактылуу... Сактанды сактап калгандар да, Сактан да...
– Көрдүм, эже. Баары «Саке эле Саке, сен укмушсуң» деп жатыптыр.
– Ушулар күйдүрдү. Каныбекти Каке, Алымбайды Алыке, Токтомуратты Токо деп... Өзүнөн, атагынан каадалары чоң... Жапжаш эле балдар. Карап туруп күлкүм келет.
– Биз Чыкем, Түкөм, Байдыкем, Сокем, Төкөм* дегендерди угуп чоңойдук да. Аларга ушинтип кайрылса бир сонун жарашат. Булар ошентсе күлкүлүү да, аянычтуу да көрүнөт экен.
– Андан да кызыгы, булардын ырлары окшош да. Кудум бир кызды сүйүп, бир жамгырдын алдында калып, бир ташка чалынып жыгылгансып, баары опокшош ырларды жазат.
– Ооба, ырлары тим эле туптуура, таптаза ырлар. Жаман дейин десең кемчилик таппайсың, бирок жакшы дейин десең бир да жаңылык жок.
– Анан баары ошондой ырларына мактоо күтөт экен. Сын уккусу жок. Бири да сын көтөрбөйт, тиртеңдеп... Буларга бир сөз жеңил, эки сөз оор, бир жарым сөз түшүнүксүз. Мисалы, өткөндө тиги иниң мага капа болуп кетти: «Ырымды үч ай жаздым эле, мактаган жоксуз», – деп.
– О-о-у-у, ошол ырын макташыңыз керек бекен?
– Мен аялдарга таарынат деп, «скидка» менен мамиле кылам. Бирок эркектер да ушундай майда-чүйдөгө таарынат деп эч оюма келбептир.
– Анда аларды да «сиңдим, сиңдилерим» деп алыңыз.
– Ошентет окшойм... «Менин ырымды окуп, элдин жүрөгү титиреп жатат», – дейт. Ошончо адамдын жүрөгү титиреп жатса, менин жүрөгүмдү жөн эле коё бербейби? Титиретип эмне кылат?
– Аны кайсы кара теке сүздү, билбейм. Бир болсо Фейсбук, Фейсбуктагы лайктар, куру мактаган достору аны өтө эрке кылып жиберди. Катуу эле айтыңыз нары.
– Ооба, бирин-бири Токе, Жоке, Соке деп, анан бирин-бири мактап эле отура берет экен да. Ошого ал да көндү.
– «Эмненин үлпөтү пес» эле, эже?
– «Макоонун үлпөтү – пес».
ххх
– Москвада «дем алышта» деген жакшы сөз бар. «Дем алышта уктайын», «дем алышта чачтарачка барайын», «дем алышта тигил тууганыма учурашып келейин», «дем алышта классташтарыма жолугайын»... Ушуга окшогон жумуштардын баары дем алышта аткарылат. Кээде бир дем алыштын ичине бир нече күндү батырып, көп иштерди жасайсың. Кээде бир дем алышка бир күн да батпаган жашоо. Ошентип оор жумушта иштегендер дем алыш күнү гана жашай алышат. Аны да уктап калбаса. Биз бүгүн уктап калдык. Түшкө жакын ойгондук. Тамактаналы деп, дүкөнгө «сен бар, мен бар» болуп тартышып, кезектешип жатып мен бара турган болдум. Үйдөн чыгып дүкөн тарапка бурулганымда эле бурчтан эки полиция кызматкери чыкты. Жүрөгүм кабынан атып кетти. Полиция кызматкерлерин көргөндө кылмышкер өңдөнүп эле корком. Миңдеген мекендештерим сыяктуу мен да бул формачандардан жалкып калдым. Документтеримди эстедим.
Ызы-чуу болуп жатып акчаны алып эле чуркап кетиптирмин. Демейде документсиз бир да кадам жылбаган жаным кантип унутуп калганымды билбейм. Жумушка бараткан, келаткан жолдо, метродо, айтор, кайсы жерден бет келе калсаң эле токтотуп: «Россиянын аймагында мыйзамдуу жүрөбү-жокпу?» деген шылтоо менен эзе беришет. Адаттарынча паспортумду, каттоомду сурашты. Үйгө унутуп калганымды айттым. «Жүрү, үйүңдү көрсөт, барып текшерели», – дешти. «Силер күтүп тургула, мен кирип алып чыга калайын» десем бирин-бири карап каткырды. Аларга менин сөзүм: «Силер күтүп тургула, мен качып кетейин», – дегендей эле угулду да. Мен аларды үйгө баштап баргандан корктум, бирок баштап да бараттым. Батирде чогуу жашагандардын баары башка даректе катталганбыз. Дээрлик мигранттардын баары эле ошентип жашайт. Бир сыйра: «Мен силерди үйгө ээрчитип бара албайм», – деп көрдүм. «Барасың!» – деди бирөөсү кесе. Полициянын орой үнүнөн, сөөмөйүнө салып ары-бери айлантып турган кишенинен коркуп, бүжүрөп алдына түшүп жөнөп бердим. Өлдүм, өзүм эле өлсөм мейли эле, үйдөгүлөрдүн баарын өлтүрдүм деп бараттым. Эшикти Акбермет ачты. Мени көрүп көздөрү күлүңдөп, аркамдан кирген эки полицияны көрүп көздөрү чакчайып кетти. Баарыбыз документтерибизди чыгардык. Бирден карап, текшерип чыгышты. Мен өзүмдү күнөөлүү сезип, алардын оозун карап жалдырап турдум. «Чачыңды неге сарыга боёп алгансың?» – деди мага бири.
*Чыңгыз Айтматов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Байдылда Сарногоев, Сооронбай Жусуев, Төлөгөн Касымбеков.
(Уландысы кийинки санда)