«МЕНИ БАГЫП АЛГАН ҮЙ-БҮЛӨ ТАГДЫРЫМДЫ ТАЛКАЛАДЫ»

Бала асырап алуу. Бул көп учурда аргасыздан кабыл алынган чечим болушу керек. Кандай болгон күндө да ошол баланын тагдыры, келечеги багып алган тарапта болорун айрым ата-энелер сезбейт окшойт. Бул жолку каарманыбыз багып алган ата-энеси менен өткөн тагдырын айтып берди.

«Мени 3 жашымда багып алышкан экен»

– Менин атым Кундуз (ред.: аты өзгөртүлдү). Сиздерге башымдан өткөн оор тагдырымды баяндап берейин. Адамдын тагдыры ал төрөлө электе эле жазылып калат тура, мен төрөлгөндө эле тагдырдын татаал жолуна ташталган экенмин. 1992-жылы Казакстандын Жамбыл облусунда туулуп, 3 жашка чейин балдар үйүндө чоңоюптурмун, бирок ал жакта өткөн күндөрүм эсимде жок. Өз ата-энем мени эмне себептен балдар үйүнө таштаганын билбейм.

3 жашка чыкканымда мени Таластын Көк-Ой айылындагы бир бай үй-бүлө багып алыптыр. Бул үй-бүлө мени эмне максатта багып алганын билбейм, мени аябай кордошту. Эне деген баланы алына жараша ишке жумшап, аяп, мээрим төгөт эмеспи, менде андай болбоду. Эсимде, 5-6 жашымдан тарта эле моюнума тиричилик иштери илинди. Чоңойгон сайын ого бетер оор иштерди жасатып жүрүштү. Алым жетпесе, оюндагыдай болбой калса апам сабайт эле. 1-классымда идиш жууп жатып бир пиаланы сындырып алдым, ошол пияла үчүн апам аз жерден башымды жарып сала жаздаган. 2-классымда уй саачумун. Үйдө эркектин да, кыздын да жумушун кылдым. Үч байкем бар, аларды менчелик иштетишкен жок, урбайт дагы эле.

«Биринчи жолу 8 жашымда зордукталдым»

– Үйдө көбүнчө кичүү байкем экөөбүз эле калчубуз. Апам дүкөн иштетчү, эртеден кечке ошол жакта болот. Атам мамлекеттик кызматкер эле, адашпасам, ошол кезде “мамлекеттин акчасын максатсыз пайдалануу” деген берене менен соттолуп, 5 жыл камалып чыккан. Атам түрмөдө отурган кезде, 2-классымда байкем мени үйдө зордуктап койду. “Бирөөгө айтсаң сени өлтүрүп, токойго көмүп салам! Сенин атаң да, апаң да жок. Биз сени багып алганбыз” деп коркутуп, эки-үч жолу чаап да жиберди. Эмне кыларымды билбей, ыйлап отуруп калдым. Бакма кыз экенимди ошондо билдим. Кийин да ыплас ишин жасап жүрдү, коркуп эч кимге айтпадым... Анын көлөкөсүн көрсөм жүрөгүм оозума кептеле турган болду. Ошондой тозокто 5 жыл жашадым. Ошол күндөр күнү бүгүнкүдөй эсимде. Унуткум келет, бирок унута албайм (ыйлап)... Бул окуяны апама, берки байкелерим айткым келет, бирок айта албайм, корком. Анткени баары бир алар мага болушпайт эле.

«7-класста кокустан күбөлүгүмдү көрүп калдым»

– 7-классымда атам түрмөдөн чыкты. Абдан өзгөрүп, мурдагыдан да кызуу кандуу болуп калыптыр. Үйдө жаңжал көбөйдү, тынчтык жок. Мурда апам менен эки байкем мага күн көргөзбөсө, эми атам кошулду. Ортончу байкем кичинемден эле “биз сени таштандыдан алып адам кылдык” деп уруша турган. Улуу байкем жоош, боорукер адам.

9-классты бүткөндө “техникумга окуйсуң” дешти, макул деп тапшырдым. 1-курс элем, бир күнү үйдөгүлөр Ысык-Көлгө кетишти, үйдө жалгыз калдым. Бир жакка кетерде моюнума толтура ишти илип, “кылбасаң көзүңдү чукуйм” деп кетишчү. Жалгыз калганда өзүмө кол салдым, ошол күнү ортончу байкемдин аялы үйгө келип калып мени куткарып калды. Ага баарын айтып бердим, ал мага кошулуп ыйлады, бирок эч кимге айткан жокпуз.

Атам түрмөдөн чыгып келгенден кийин “Жамбылдагы балдар үйүнө алпарып таштап салам” деп урушчу болгон. Анан 7-класста кокустан күбөлүгүмдү көрүп калдым. Кийин бала багып алуу тууралуу документтерди көрүп, ошондо мени багып алышканына толук ишендим. Кийин баары белгилүү болгондон кийин туугандар айтып беришти, мени балдар үйүнөн жаңы алып келген кезде казакча, орусча сүйлөй алчу экенмин.

«Бир балалуу болгондо ажыраштык»

– Колумду сурап көп эле жуучулар келди, үйдөгүлөр баш тартышты. Кийин 2013-жылы бир ажырашкан киши менен таанышып, ошого турмушка чыктым. Алгач ага да уруксат беришпеди, алардын ою боюнча, малай болуп эле жүрө беришим керек эле. Ошондо башымдан өткөн окуялардын баарын апама айтып бердим. Байкем да кылган кылмышын моюнуна алды, “жаштык кылыпмын” деп актанды. Апам аны чыбык менен 2 чапты да, кайра “сенде да күнөө бар” деп мени урушту. Элестетсеңиз, 8 жашар кызда кайдагы күнөө?

Ошентип 21 жашымда жанагы кишиге турмушка чыктым. Ага чындыкты айтканмын, макул болгон. Ошол учурда мени түшүнгөн жалгыз адам ошол болуп көрүнгөн. Бирок андай болбоду, күйөөм деле, кайненем деле теңине албай койду, басынтып, күйөөм кол көтөрө баштады. 2 жарым жыл жашап, бир балалуу болгондо ажыраштым. Ажырашарымды апама айтсам, “келбе, тийген өзүңсүң, балаңды алып келбе, келсең өзүң кел” деди. “Мен баламды таштай албайм” десем, көнбөдү. Бакканын милдет кылып уруша баштады. Барган жокмун, Талас шаарына кеттим. Андан бери 6 жарым жыл өттү, кабарлаша элекпиз. Балам экөөбүздүн башыбыздан ар кандай кыйынчылыктар өттү. Ар бир адамдын өз ырыскысы болот экен, күнүбүз өтүп жатат. Учурда балам экөөбүз батирде турабыз, балам 8 жашта.

Тагдырымды талкалаган байкем учурда бажыда иштейт, үйлөнгөн, үч баласы бар. Улуу байкем айылда турат. Ортончу байкем бир банкта жетекчи. Өткөндү козгоп, ызы-чуу кылгым келбейт, балам да чоңоюп калды, анын психикалык травма алышын каалабайм.

Төрөгөн энемди издебейм, ага керегим жок үчүн таштап кеткен да. Болгону бала багып алам дегендерге айткым келет, баланын жоопкерчилигин сезип, келечегине кам көргүлө. Ата-энелерге айтарым, төрөгөн балаңарды таштабагыла. Меникиндей тагдырга эч ким туш болбосун. Ар бир бала эненин мээримине, атанын коргоосуна бөлөнүп бактылуу балалыкта чоңойсо экен. Өгөй деген өгөй экен баары бир.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Актан
2022-10-25 23:46:00
Акмак адамдар экен
+3
В.Б.Э.
2022-10-26 15:19:00
Аллах мындан аркы жашоонду женил кылсын. Сага кордук корсоткондорду Аллах жазаласын.
+2
raikakyz
2022-10-29 22:04:00
Эх, тагдыр! Бактылуу бол ылайым, мындан аркы тагдырың талкаланбасынчы.
0
№ 1037, 21-27-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан