ТАМАК-АШ КОШУЛМАЛАРЫ ЗЫЯНБЫ?

Жеп-ичип жаткан азыктарда, айрыкча таттуулар, сагыз, суусундуктар, полуфабрикаттар, колбаса, фабрикадан консерваланган азыктарды, түс, жыт, форма берилген азыктарды тамак-аш кошулмалары көп. Бирок алардын кээ бири пайда болсо, зыяндуулары да жок эмес. Алар кайсылар? Билип алыңыз.

Тамак-аш кошулмалары көпчүлүк азыктарда кездешет, жадакалса аллергиясы бар балдарга арналган продуктуларда да бар. Алар азыктын даамын жакшыртып, туура консистенция берип, түс, жыт кошуп, сактоо мөөнөтүн узартат. Тамак-аш кошулмалары табигый жана синтетикалык заттардан болушу мүмкүн. Алардын ар бирине сериялык номер берилип, ал коду болуп саналат. Коддун алдындагы Е тамгасы Евробиримдиктин аймагында колдонууга уруксат берилип, JECFA (көз карандысыз илимий-изилдөөчү комитет) комитети тарабынан текшерилгенин билдирет. Ал эми калган сандар кошулманын максатына жараша коюлган:

1ден башталгандар – боёктор (Е100-Е199), азыктарга ар кандай түс кошот;

2ден башталгандар – консерванттар (Е200-Е299), азыктын сактоо мөөнөтүн узартат;

3төн башталгандар – кычкылданууну азайткычтар (Е300-Е399);

4төн башталгандар – консистенциясын бир калыпта кармагандар, коюуланткычтар (Е400-Е499);

5тен башталгандар – кычкылдарды H) көзөмөлдөгүчтөр (Е500-Е599);

6дан башталгандар – даам жана жыт бергичтер (Е600-Е699);

7ден башталгандар – антибиотиктер (Е700-Е799) жана башка.

Тамак-аш кошулмаларынын баары эле коркунучтуу эмес, ал тургай кээ бирлери пайдалуу, көпчүлүгү нейтралдуу келет. Бирок тыюу салынган, көп колдонууда адамдын организмине зыянын тийгизген же өнөкөт оорусу барлардын оорусун козгогон кошулмалар да жок эмес. Мисалы:

Бөйрөк, боорго зыянын тийгизет: E171-173, E220, E302, E320-322, E510, E518.

Холестериндин көбөйүшүн шарттайт: E320, Е466, Е471

Астманы козгойт: E102, E107, E122-124, E155, E211-214, E217-227

Аллергиялык реакцияларды пайда кылат: E131, E132, E160, E210, E214, E217, E230-232, E239, E311-313

Териге терс таасирин тийгизет, исиркектерди пайда кылат: E151, E160, E230-233, E239, E310-312, E907, E951

Кан басымды жогорулатат: E154, E250, E251

Түйүлдүктүн өсүшүнө терс таасирин тийгизет: 233

Залалдуу шишиктин өсүшүн шарттайт: E103, E105, E121, E123, E125, E126, E130, E131, E143, E152, E210, E211, E213-207, E292, E252, E280-283, E330, E447, E 954

Сатып алынган азыктардын курамына көңүл бөлүүнү, көбүнчө табигый азыктарга басым жасоону унутпаңыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1037, 21-27-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан