Гүлсина Чотонова, актриса: «ӨЗҮМДҮ АБДАН СЫН КӨЗ МЕНЕН КАРАЙМ»

Кичинемде “Карагыз” тасмасындагы чачы кырылган кызды көрүп бир чети таң калып, бир чети кызыкчумун. Ошондой мыкты роль менен тасма талаасында дебют жасаган актриса Гүлсина Чотонова акыркы жылдары ырчылык өнөрүн да элге тартуулап, өз угармандарын табууга жетишти. Редакциябызга келген Гүлсина айым менен ушулар тууралуу кенен маек курдук.

– Саламатсызбы, Гүлсина айым? Учурда эмне иш менен алексиз?

– Саламатсыздарбы? УТРКда режиссёрмун, негизинен ошол жумушум менен алекмин. “Ырдап жатасың, өзүң теле жаатында иштейсиң, бир клип тартып койсоң боло” деп айтып жатышат. Клип тарттыруу үчүн дагы көп каражат талап кылынат экен. Клип тарттырайын, дагы да ырларды жаздырайын деп ойлонуп жүрөм.

– Айтсаңыз, ырчылык сапарга эмне үчүн кеч аттандыңыз?

– Мурун “Ала-Тоо таңшыйт” берүүсүндө ретро ырларды ырдап калчумун. Атайын ырчы катары ырдап чыгам деген нерсе үч уктасам түшүмө кирчү эмес. Расул Маматкулов агайым бир жолу “жаздырып ал, тууган, достордун тоюна барып ырдап жүрсөң болот” деп “Кызгалдак” деген ырды сунуштап калды. Расул байкенин сунушун угуп апкаарыдым. “Ырчы болбосом бул ырды кантип ырдайм? Ырдын тагдыры эмне болот?” десем, “ырдай бер, эч нерсе болбойт” деди. Бир күнү “ушуну сиз менен дуэт ырдасак болобу” десем, “мейли” деп көп деле көңүл бурган жок. Анан бир күнү “мен студияга барып жаздырып койдум, сен кошулуп ырдап кой” деди. Ошентип ал ыр жазылды. Анан Расул байке менен сахнада ырдап калдым.

– “Менде да жүрөк бар” деген ырыңыздын угармандары көп экен. Атайын ушундай шаңдуу ырларды тандайсызбы?

– “Кызгалдакты” эл жакшы кабыл алды. Артынан элге дагы бир эмгек тартуулаш керек болду. Мекен, жер жөнүндө патриоттук ырларды ырдагым келип, ырдап көрдүм. Үнүм аларга жарашпай койду. Анан “Аман жар”, “5 мүнөт”, “Менде да жүрөк бар”, “Гүлдөр” деген ырларды жаздырдым. Балким, дагы такшалсам патриоттук ырларга күчүм жетип калар. Азырынча ушундай шаңдуу ырларды ырдап турайын.

– Жаш кезиңизде “Эңсей берем” деген ырды ыдаптырсыз го. Ырчылыкка кызыгуу ошондо эле болгон турбайбы?

– Бул ыр Тарас Асанакуновго таандык. Үлгүлүү үй-бүлөнүн махабатын чагылдырган абдан сонун ыр. Расул Маматкуловдун аткаруусунда угуп абдан жактыргам. Ал кезде теле жаатында иштесем камера колдо да, кызыгып жөн эле ырдап видеого тарттырып койгом.

– Бир учурда клиптерди тартууда режиссёрлук кылып жүрдүңүз, эмнеге ал ишти уланткан жоксуз?

– Ооба, бир топ ырларга клип тарттым. Бирок аял кишиники ушул экен да, жумушуң сөзсүз үзгүлтүккө учурайт. Турмушка чыктым, төрөп 3 баланы өстүрдүм, ал ортодо айылда жашап калдык. Мунун баары чыгармачылыгыма таасирин тийгизди. Бул арада техникалык мүмкүнчүлүктөр, ой жүгүртүүлөр өсүп кетти. Мен өткөөл мезгилде чоңоюп калдым. Союз учурунун тарбиясын алдык, ары эмес же бери эмес болуп жаңы муундун табитин өзүмө сиңире албай калдым. Өзүмдү абдан сын көз менен карайм. Бир жылы “Бактылуу болгум келет” деген тасма тартып алып, “эми муну Геннадий Базаров көрсө эмне дейт” деп абдан уялгам. Мен Базаровду устатым катары абдан сыйлайм. Жашоодо айрым адамдар алдына максаттарды коюп, ошого багыт алып өзүн-өзү жасайт го, менин жашоомдо андай нерсе азыраак болду. Мени кинодо Геннадий Базаров жасады. Теле жаатында Бактыбек Мамытов, Гүлшан Молдоева менен чогуу иштедим. Бактыбек агай экөөбүз бир кабинетте отуруп, канча жыл чогуу иштедик, адамдык баалуулугунда чек жок болчу. Ушундай бийик инсандардын өтө жупунулугун, ички сезимдин, чыныгы таланттын барк-баасын билип, алардан таасирлендим. Ырчылык жаатта устатым деп Расул Маматкуловду эсептейм. Ал кишинин да адамдык парасаты бийик. Ушундай адамдардын жанында жүргөндө жулунгуң келбей калат экен. “Булар ким да, мен киммин” деп өзүңдү-өзүң тыя бересиң.

– Геннадий Базаров дегениңизде жүзүңүздөн башкача сыймыктанууну байкадым...

– Албетте, ушундай залкар инсандын тасма талаасына жол салып бергенине абдан сыймыктанам. Азыр көрүшүп калганда жанында көбүрөөк болууга аракет кылам. Себеби жашоодо жоготууларды көп көрдүм. Атамды, катарынан бир туугандарымды, анан Бактыбек Мамытов агайымды жоготтум. Ушундан кийин жакын адамдарымды жоготуп албасам экен деген коркунуч жашап калат экен. Ырчылыкка ыктап баратканым да ушундан улам болду окшойт. Ыр адамдын жан дүйнөсүн кадимкидей дарылайт экен. Кайгы – чексиз нерсе да, өз тизгиниңди өзүң тартпасаң кайгынын чексиздигине сүңгүп кетүү тез эле.

– Сизди эмнегедир жаңы тасмалардан көп көрө албай калдык...

– Кинону режиссёр тартат, ролду ал сунуштайт. Мен өзүмдү драмалык, психологиялык ролдордо эркин сезем. Коммерциялык тасмаларда бардык нерсени жеңил кабылдашың керек экен. Ошон үчүн мен жок болуп калдым көрүнөт. Негизи коммерциялык кинолордун агымы башталганда мага көп сунуштар келген. Ошондо “фестивалдык тасмаларды ойноп жүрүп, коммерциялык тасмада роль жаратуунун зарылдыгы барбы” деп батына албай койгом. “Ак шоола” деген сериалда көзү ачыктын ролун ойнодум. Ошондо көрүүчүлөр социалдык тармактардан мага карата терс пикирлерин жазышты. “Карагыз” тасмасынан кийин Москвадагы журналдарга чыгып, жакшы пикирлерди угуп жүргөн жаным терс пикирлер жүрөгүмө катуу тийсе боло.

– Жолдошуңуз чыгармачылыгыңызга кандай көз карашта?

– Жолдошум түрколог. Мага “уулду да, кызды да төрөп бердиң, эми эмне кылсаң да макулмун” деген (күлүп). Азыр улуу балабыз студент. Андан кийинки кызым менен уулум мектепте окуйт.

– Үй-бүлөңүз менен бактылуу болуңуз. Чыгармачылык ийгилик каалайбыз. Маегиңизге рахмат.

– Сиздерге дагы ыраазычылык.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1037, 21-27-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан