КАРТАЮУГА ШАШПА!

“Карыганда кыйнайсың да”, “мага болбойт да, картайбадымбы”. Мындай сөздөрдү 40тан ашкандан кийин көпчүлүк адамдар колдонуп калышат. Ал эми өнүккөн өлкөлөрдө 70, 80, керек болсо 90 жашта мамлекеттик кызматтарга шайланууда. Психология илими картаюу процесси тууралуу эмне дейт? Жаштык менен эрте коштошуу туурабы? Бул боюнча психолог Барчынай Таникулова айтып берет.

– Психологияда картаюу деген эмне?

– Тарыхка көз чаптырсак, илгери адамдар 200, 300, 500 жылга чейин жашашкан деген маалыматтар бар. Ал мезгилде картаюу деген түшүнүк болгон эмес. Азыр биздин түшүнүк менен алып караганда, алар кем акыл болушкан. Демек, картаюу – жашоо өзгөрүп, адамдын акыл-эси өнүккөн сайын келип чыккан иллюзия. Биз логика менен кандай ишеним берсек, көмүскө туюм ошону аткара берет. Азыр биз 40-50 жаштан өткөндөн кийин картая баштайбыз деп алдын ала ошого даярдана баштайбыз. Муну 20 жаштагы бала да ойлонот. 5 жаштагы бала дагы улууларды көрсө, “бул карыя да” деп ойлонот. Алар берген сигнал да бизге таасир берип, картаюуга алдын ала өзүбүз даярдана баштайбыз, жок иллюзияга даярданып алабыз.

– “Карыдым” дегенди тилден, мээден чыгарып салууга мүмкүнбү?

– Жанагы иллюзия болбогондо илгеркилерге окшоп 300-400 жыл жашамакпыз. Жашообузда азыркыдай “унаа алышым керек, үй курушум керек” дегендей түйшүктөр да болмок эмес. Биз өзүбүзгө бийик талаптарды койгон сайын чарчайбыз. Азыр маалымат көп да, керексиз маалыматтар энергиябызды алып коюп жатат. Энергия азайганда адам карыдым деп ойлоно баштайт. Карылык – бул энергиянын аздыгы менен гана байланышкан нерсе. Мисалы, мен азыр 42 жаштамын. 42 жашка келгенде өзүмө койгон талаптарым да көбөйдү. Эмгекке жарамдуу мезгилим аз калды дегендей изденип, шашып жашап калдым. Энергиям талаптарымды аткарууга жетпей калды. Анан 40тан өткөндөн кийин энергия азаят турбайбы деп өзүмдү кары сезе баштагам.

Анан биохакинг – көмүскө туюм менен жашаруу тууралуу окуп, изилдеп баштадым. Көрсө, терс ойлордон тазаланып, өзүңдү жаш экениңе ишендирип жашасаң болот экен. Учур менен жашап, жашоодон ырахат алууну билишибиз керек. Жашообузда маңыздуу, ырахат ала турган нерсе көп болсо, адам жеңилдеп, энергиясы көбөйүп, мээ өзү жаңы нейрондорду иштеп чыга берет. Мен туура тамактанып, спорт менен машыгып, оюмду башкарып өзүмдү жаш сезип жашап калдым. 5-6 айда 5 килограммга арыктадым. Чачым, терим жаңылана баштады. Демек, көмүскө туюмга кандай ойду сиңирсек, организм ошону аткара берет. Мен өзүмдү ичимден 25 жаштагыдай сезсем, көмүскө туюм мага ошондой иштеп бере баштайт экен. Ошол нерсеге аз-аздан күбө боло баштадым.

– “Карый элекмин” деп ойлоп жүрө берүүнүн зыяны да тийиши мүмкүнбү? Чек кайсы жерде болушу керек?

– Жок. Психологдордун байкоо жүргүзгөнүнө караганда, 60 жашында тил үйрөнүп, жаңы хобби таап алган адамдарда кошумча жаңы нейрондор пайда болот да, мээдеги карып калган нейрондор бүрүшүп жок болуп кетет. Жаңы нейрондор организмге жаңы энергия алып келе баштайт. Карылыкка моюн сунуп, карылыктын билинбеген депрессиясына түшүп калышат айрымдар. Эч кандай планы жок, телевизор көрүп, курсагын тойгузуп жата бергендер бар. Аларга жаңы чөйрө таап берип же бир ишке кызыктырса, аларда жаңы энергия пайда боло баштайт. Энергиянын булагы – максат. Эки сааттан кийинкиге, эртеңкиге, аркы күнкүгө максат коюш керек. Максат болбосо адам соолуй берет. 40 жашта 70 жашка чыкканда эмне кыларыбызды ойлоп, бийик максаттарды коюп алсак, карылыкка барчу жолду узартабыз. Ичибизден жакшы ойлорду бышырсак, физикалык түзүлүшүбүз да өзгөрөт, тери дагы жаш бойдон сакталат. Атайын кремдерди колдонуунун да кереги жок. Психологиялык жаш биологиялык жашка түздөн-түз таасир этет. Тескерисинче, биологиялык жаш психологиялык жашка таасир эте албайт. Карып, мүңкүрөп жатып калганда дагы психологиялык жашыбыз жашарып кетсе, организм ошого баш ийет. Организм идиш да, аны оңой башкарса болот. Карыганда бирөөгө керек болуу сезими да адамга мотивация берет.

– “Карыганда кыйнайсың да, биз эми карып калбадыкпы” деп көп сүйлөйбүз. Бул сөздөр кандай таасир берет?

– Ар бир сөзүбүздө, оюбузда жыш энергия жатат. Эмоциябызда да толкундуу вибрацияга бай энергия бар. Ал энергия айланадан өзүнө окшош нерселерди тартып турат. Демек, сөзүбүздүн да таасири тиет. Карылык менен күрөшүүнү сөздөн, ойдон башташ керек. Карылык – бул калп маалымат экенин аң-сезимибизге киргизишибиз керек.

– Карылыктын кандай стадиялары бар?

– Мындан 10 жыл мурда кыздар ЖОЖду аяктап 3-4 жыл турмушка чыкпай жүрүп калса өздөрүн кары сезе башташчу. Кадимкидей көз алдында бырыш пайда болуп калчу. Анткени аларда “кара далы болуп калдым” деген ой бар. Кийин турмушка чыгып, 1-2ни төрөгөндөн кийин кайра жашара башташат. 36 жаштан кийин жетилген курактагы 2-өткөөл мезгил башталат. Ошондо да айымдар 2-3 жылдай өзүн таштап жиберишет. Анан 40 деген сан коркута баштайт. Анан дүйнөнү карап, 50 жаштагылар жапжаш болуп жүрсө эмнеге мен карышым керек деп кайра күчтөнүп баштайт. 53-55те айымдар климакс болуп, дагы өткөөл курак болот экен. Ошондо да бир шалдырап барып, кайра жанданышат да, 58-59 жашка чыкканда кайра жашаргысы келип баштайт. Көрдүңүздөрбү, мында деле өз тандообузга жараша организм иштеп берет. Бирок бул өткөөл курактар сөзсүз болот, андан качып кутула албайбыз. Анткени организмдин эс-тутумунда миллион жылдардан бери сакталып келе жаткан нерсе. Бирок алдын ала даяр болуп, жеңил өткөрсөк болот.

Дагы бир кошумчалай кетчү нерсе, ашыкча салмак адам энергиясын алып, картаюуга моюн сундурат.

– Көбүнчө айымдар жөнүндө сөз кылдык, эркектерде кандай?

– 60-65 жаштан кийин эркектерде энергия азая баштайт. Алардын энергия алчу булагы жок калат. Айымдарда энергия алчу булагы бар, аялдар жатын аркылуу энергия ала алышат. Ошондуктан эркектерге караганда айымдарда өзүн жаш алып жүрүү мүмкүнчүлүгү чоң.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1037, 21-27-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан