Нуртилек Алимжанов: «МИКРОЗАЙЫМ – АКЧА АБДАН ЗАРЫЛ УЧУРДА ЖАРДАМЧЫ»

Акча тиричиликке зарыл каражат, билебиз. Кээде абдан керек болуп, тааныштардан сураштырып да таппай каласың, а банктан кредит алуу үчүн убакыт жана бир катар документтер талап кылынат. Ушундай кырдаалдан чыгара турган микрозайымдар бар. Бирок бул нерсенин да артыкчылыгы жана кемчиликтери болот. Алар тууралуу кененирээк Somo.kg компаниясынын жетекчиси Нуртилек Алимжанов айтып берет.

– Нуртилек мырза, алгач микрозайым деген эмне, ушуга токтолсоңуз...

– Адатта кредиттер банктар же башка финансы-кредиттик мекемелер тарабынан гана берилиши мүмкүн, ал эми зайым каалаган юридикалык жана жеке жактар ​​тарабынан берилиши ыктымал.

Кредитти банк ар дайым белгилүү бир пайыз менен жана көп учурда үч айдан баштап бир нече жылга чейин узак мөөнөткө берет. Зайым пайызсыз болушу мүмкүн жана көбүнчө бир айга чейинки гана мөөнөткө берилет. Жөнөкөй сөз менен айтканда, бул сизге кыска мөөнөткө берилген аз суммадагы акча.

– Анын кандай артыкчылыктары бар?

– Биздин компания микрокредиттерди берүү менен алектенет. Тажрыйба көрсөткөндөй, көбүнчө кардарлар эки жумадан бир айга чейинки мөөнөткө 5 миң сомдон
10 миң сомго чейинки сумманы алышат. Биздин компаниянын ишинин өзгөчөлүгү – көп сандагы документтерди чогултууну талап кылбайт. Мисалы, банктар жана микрокредиттик компаниялар кирешелер жөнүндө маалымкат, жубайынын макулдугу, жашаган жеринен маалымкат, үчүнчү жактардын кепилдиктерин талап кылышат. Бул документтерди чогултуу үчүн бир нече күн же апта талап кылынышы мүмкүн. Бирок акча адамга абдан зарыл болушу ыктымал.

Демек, эң башкы артыкчылыгы – тездиги. Эсеп күндөр үчүн эмес, мүнөттөр үчүн жүрөт. Мындан тышкары микрозайымдар абдан ыңгайлуу. Аны өлкөнүн каалаган жеринен, сутканын каалаган убагында, паспорт менен гана интернет аркылуу алууга болот. Зайымдын бул түрү боюнча төлөм үчүн комиссия жок жана ал бардык популярдуу электрондук капчыктарда жана мобилдик банкингдерде: Balance.kg жана MegaPay`ден баштап MBank жана Elcart Mobile`ге чейин, ОҢОЙ, QuickPay, UMAI терминалдарында жана Finca, RSK сыяктуу мобилдик банкингдерде жеткиликтүү.

Кемчиликтери деп зайымдын аз суммасын айтсак болот. Биринчи зайымды 5 миң сомдон 10 миң сомго чейин алса болот, анткени биз кардардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн билишибиз керек. Кардар зайымды өз убагында төлөгөндөн кийин гана алуу суммасы көбөйө баштайт.

– Кадимки кредиттен эмнеси менен айырмаланат?

– Банктан алына турган кредиттен айырмаланып, микрозайымды арыз берилген күнү дароо алууга болот. Бул, айрыкча, тез арада акча керек болгон кырдаалда жакшы. Микрозайымды каалаган ыңгайлуу жол менен төлөй аласыз. Начар кредиттик тарыхы бар адамдар да зайым алышы мүмкүн. Калктын ар кандай катмары үчүн жеткиликтүү, документтердин минималдуу пакети, арызды кароонун убактысынын тездиги жана бардыгын онлайн жасоо мүмкүнчүлүгү бар.

– Микрозайым алуу үчүн кардар кандай мекемелерге кайрылат?

– Азыркы кезде интернет ар бир адамдын эле үйүндө бар эмеспи. Андыктан онлайн зайым алуу мүмкүнчүлүгү ар бир жаранда бар. Учурда биз гана эмес, көптөгөн банктар жана микрокредиттик компаниялар дагы онлайн кредит, зайым бере башташты. Бул жагынан биздин өзгөчөлүгүбүз – банктар жана микрокредиттик компаниялар онлайн кредиттер боюнча майда-чүйдөсүнө чейин жакшы билген өздөрүнүн дайымкы кардарлары менен гана иштешет. Ал эми биз бардык адамдар үчүн ачыкпыз.

– Кандай документтер талап кылынат?

– Somo.kg`ден зайым алуу үчүн кандайдыр бир документтердин топтому кереги жок, бир гана уюлдук телефон, паспорт жана эсеп же Кыргыз Республикасынын банктарынын биринде идентификацияланган (сиздин атыңызга катталган) электрондук капчык гана керек.

Буга кошумча зайым Кыргыз Республикасынын 20 жаштан баштап 65 жашка чейинки жарандарына берилет. Биздин компания микрозайымдарды www.somo.kg сайтынан арыз толтурган соң бир нече мүнөттөн кийин берет.

– Зайым ала турган компаниянын эмнесине, кайсы документтерине көңүл бөлүш керек?

– Жарнамалык материалдарда көрсөтүлгөн пайыздык ченден жана сый акыдан тышкары, берүү, колдонуу, мөөнөтүнөн мурда төлөө үчүн эч кандай жашыруун төлөмдөр жок экендигин текшериңиз. Алынган зайымды төлөөнүн жеңил жана түшүнүктүү жолдору бар экенин тактаңыз. Көбүнчө зайымды төлөө үчүн төлөм терминалдарынан кошумча комиссия алынышы мүмкүн, же төлөм банк аркылуу которуу жолу менен гана аткарылат, ал үчүн бир нече чакырым алыстыкта ​​жайгашкан райондун борборундагы эң жакынкы банкка барыш керек болушу мүмкүн.

Компаниянын ачык жана так иштеп жатканын билүү үчүн, биринчиден, учурда жарактуу лицензиясы бар экендигин тактаңыз. Эгерде сиз зайым алып жаткан мекеме банк же микрокредиттик компания болсо, анда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын сайтында реестринде катталат. Эгер ал күрөөкана болсо, анда лицензиянын жарактуулугун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын (Госфиннадзор) сайтынан текшерсе болот. Бул кызмат компанияны өз ишин учурдагы мыйзамдарга ылайык так жүргүзүүгө милдеттендирип, лицензиатка бир катар талаптарды коёт.

Бардык жарнамалык кампанияларда жана материалдарда лицензия жөнүндө маалымат жазылышы керек.

Онлайн зайым алууда дагы компаниянын жарактуу лицензиясын иштеп жаткан байланыш борборунун номери аркылуу текшерүү керек. Бүгүнкү күндө жеке маалыматтарды ар кайсы жакка эле бере берүү кооптуу. Кибер алдамчылык Кыргызстанга да келди. Буга чейин өздөрүнүн жеке маалыматтарын, электрондук капчыгынын жана мобилдик банкингинин сыр сөздөрүн ойлонбой туруп бирөөгө берип салып кылмышкерлердин курмандыгы болгондор да кездешкен. Биздин компания жеке маалыматтарын уурдоо фактыларынын алдын алуу үчүн операторго чалуудан тышкары зайым алуучунун биометрикалык идентификациясын жана верификациясын колдонот.

– Пайызын аз төлөш үчүн эмне кылуу керек?

– Компаниялар көбүнчө кардарларга алар алгач пландагандан көбүрөөк карыз алуу мүмкүнчүлүгүн беришет. Мисалы, кардар 5000 сом алууга арыз берет, а ага 10000 сомго чейин зайымга уруксат беришет. Бул учурда бардык бекитилген сумманы алып салышат, бул ката. Анткени зайымдын суммасы канчалык көп болсо, ошончолук сумманы аз убакыттын ичинде кайра төлөш керек болот. Каржылык тартипти сактоого аракет кылыңыз жана кошумча кредиттик лимитти абдан зарыл учурларда алууга калтырыңыз. Анткени сиз акчаны алмайынча, берилген лимит үчүн эч нерсе төлөбөйсүз.

– Мындай микрокредит алуунун дагы кандай мүчүлүштүктөрү бар?

– Алган зайымды белгиленген күнү төлөй аларыңызды жакшылап ойлонуп көрүңүз. Төлөй турган акчаны кайдан аларыңызды так билишиңиз керек. Эгер ал акча булагы келбей калуу тобокелдиги бар болсо, эч качан алган кредитти же зайымды “эптеп бир нерсе кылып төлөөрмүн” деген ойдо албаңыз. Бул көпчүлүк учурда 100 пайыз жаман жыйынтыктарга жеткирет.

– Микрозайымды кантип туура катташ керек?

– Сайтта көрсөтүлгөн көрсөтмөлөрдү так аткарышыңыз керек, бул жеңил эле. Сайттагы каттоону аяктоо үчүн беш мүнөт эле кетет. Бейтааныш адамдардан арызды толтурууга жардам сурабаңыз, жакшысы, байланыш борборуна чалып, биздин кызматкерден жардам сураңыз.

– Канча суммага чейин алууга болот жана мөөнөтү канча?

– Биринчи зайымдын лимити 20 000 сомго чейин. Эгерде зайымды өз убагында төлөп жана келишимдин бардык шарттарын сактасаңыз кийинки зайымдардын лимити 49 500 сомго чейин түзүлөт, мөөнөтү 5 күндөн 30 күнгө чейин болот.

– Адатта мындай зайымдарды кандай максаттарда алышат?

– Ар кандай себептер болушу мүмкүн. Мисалы, машина оңдоо зарыл болуп калат, же кимдир бирөөнүн тоюна “кошумча” кошуу, Ысык-Көлгө эс алуу, дары-дармек сатып алуу зарылчылыгы жана башка. Микрозайымдарды негизинен банктар бир нече жолу баш тарткан адамдар алышат. Же ал адамдын банктар талап кылган документтерди чогултуу үчүн убактысы жок. Ага 10-20 мүнөттүн ичинде накталай акча керек.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1037, 21-27-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан