СУУСАМЫР, КАЖЫ-САЙ ДЕГЕН АТАЛЫШТАР ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

Жер-суу аттарынын мааниси, чечмелениши тууралуу айтып беребиз. Аймактын географиялык түзүлүшү, тарыхый окуялардагы орду, кайсы бир нерсеге окшоштугунан улам да айыл-шаарлардын аттары коюлуп калган учурлар аз эмес.

Кадыралы Конкобаев, түрколог, топонимист:

– Суусамыр – бул Кыргызстанда бийикте жайгашкан, мал киндиктүү, мөлтүр сууларына көпчүлүк суктанган жайлоо.

“Самыр” сөзү азыркы алтай тилинде жана анын диалектилеринде “кундуз” деген маанини туюндурат. Байыркы кыргыздар да активдүү колдонгон сөздөрдүн бири. Суусамыр – "суу кундузу" дегенди билдирет. Кундуз – сулуу, кыргыздарда териси абдан бааланган жаныбар. Кундуздун терисинен баш кийимдерди тигип кийишкен. Сулуу, көркөмдүү жандык болгондуктан кыргыздар кыздарына Кундуз деген ысымдарды коюшкан. Алтайды аралап жүргөнүмдө “самыр” сөзүн көп уктум.

Беш-Белтир (Беш-Белчир) – Нарындагы жердин аталышы, 2 суунун куймасы. Азыркы тыва тилинде, Тыванын жер-суу аттарында көп учураган топоним. Тыва тилинде “белдир” сөзү “бириккен, кошулган” маанисин туюндурат. Ал эми байыркы түрк тилдеринде “белтир” сөзү “тогуз жолдун тоому, жолдор кайчылашкан жер, суулардын нугу кошулган” деген мааниде колдонулуп жүргөн. Түштүк Сибирь түрк тилдеринде, мисалы, хакасча пилтир, алтайчада белтир, шорчодо пелтер, саха тилинде билир, монгол тилинде бэлчир формаларында колдонулат да, негизинен, жогоруда айтылган маанилерди туюндурат.

Тывада Ак-Белдир, Тос-Белдир, Кара-Белдир, Кожой-Белдир деген жер-суу аттары көп кездешет.

Бердигул Темирбаев, этнограф:

– Каракол – “кара” байыркы монгол сөзү, бизче “чоң”, “күчтүү”, “ири” деп чечмеленет. Ал эми “гол” сөзү “суу” деген маанини билдирет. Жалпылап алганда, Каракол – чоң суу дегенди туюнтат.

Үзөңгү-Кууш – Кыргыздын чек арадагы аймагы. Аталыш иран тилинин “санги” (таштуу) деген сөзүнөн келип чыккан деген пикирлер бар. “Санги” сөзүнүн башына үндүү тыбыш коюлуп айтылып, “үзөңгү” деген сөзгө өткөн. Мааниси – таштуу кууш дегенди билдирет.

Сандык – Нарындагы кырка тоонун аталышы. Аталышы боюнча 2 түрдүү пикирлер айтылат. Биринчиси – тоо сандыктын формасында окшошуп кеткендиктен ушундай аталып калган. Экинчиси – иран тилиндеги “сан”, “санг” (таш) деген сөзүнөн чыккан. Бул мааниде алып караганда, "таштуу жер" деген маанини билдирет.

Кажы-Сай – Ысык-Көлдөгү айылдын жана дарыянын аты. “Кадж” перс тилинде “карагай” дегенди билдирет. Жер карагайлуу болгондуктан кадж сай (карагайлуу сай) деп аталып калган болушу ыктымал.

Боролдой – Чүйдүн Кемин районундагы айылдын аталышы. “Боролж”, “боролжин” деген байыркы монгол сөздөрү. Кыргызча “ак тал, бөрү тал” дегенди түшүндүрөт. Сыягы, жердин аталышы жогоруда аталган талдардын көп өскөндүгүнө байланыштуу. Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Дархан айылынын аталышы да монгол сөзүнөн келип чыгып, бизче “уста” дегенди билдирет.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1037, 21-27-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан