Арнис Кыдырмышев, актёр: «АКТЁРЛУКТУ ЧЫНЫГЫ ТУРМУШТАН АЖЫРАТА БИЛГЕН ЖАКШЫ»

“Келечекте кандай образдарды жараткыңыз келет? Жашооңузда кайсы чечимди кабыл алуу сиз үчүн оор болгон?..” Чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү актёр Арнис Кыдырмышевге суроо узатышты. “Көпчүлүк учурда комедиялык образдарды жаратып жүрөм. Эми психологиялык образ жаратсамбы деген оюм бар” деген Арнис мырзанын жоопторуна бирге көз чаптыралы, окурман.

Эржан Осмоновдун суроосу:

– Бир жумуртка 10 мүнөттө быша турган болсо, 5 жумуртка канча мүнөттө бышат?

– Бир жумуртка деле, 5 жумуртка деле 10 мүнөттө бышат да (күлүп).

– Эгерде кечээги күн эртең болгондо бүгүн жекшемби болмок. Ошондо бүгүн кайсы күн?

– Ошондо бүгүн дүйшөмбү болуп калат да.

Радик Эшимовдун суроосу:

– Арнис байке, көп эле тасма, сериалдарга тартылып жүрөсүз. Сизге абдан жаккан өнөктөш ким? Негизи эле кайсы актёр менен ойногон жеңил?

– Негизи актёр болгондон кийин өнөктөш тандабаш керек. Мен ким болбосун, баары менен жакшы тил табышып ойноп кетким келет. Ар кимдин өзүнө жараша ойной берем, эч качан өнөктөш танбадайм.

– Келечекте кандай образдарды жараткыңыз келет?

– Чынында, биз, актёрлор роль деле тандабайбыз. Мен көпчүлүк учурда комедиялык образдарды жаратып жүрөм. Эми психологиялык образ жаратсамбы деген оюм бар.

Таттыбүбү Садырбекованын суроосу:

– “Кино адамды ошол кинодо отурганын унуттургандай касиетке ээ болуш керек” деп белгилүү режиссёр Роман Поланскийдин айтканы эсиме түштү. Айтыңызчы, көрүүчүнү кызыктырып ээрчитип кетүү кимден көбүрөөк көз каранды, режиссёрдонбу же актёрдонбу?

– Тасма тартылып бүткөндөн кийин же ойноло турган спектакль сахнага чыккандан кийин режиссёрдун эмгеги кадр сыртында калып калат. Режиссёр ага чейин эмгек кылышы керек. Андан аркы жагы көбүнчө актёрдон көз каранды болуп калат.

– “Актёр жаман эмес, ошону ача албаган режиссёр жаман” деген кепке кандай көз караштасыз?

– “Актёр жаман эмес, ошону ача албаган режиссёр жаман” деген өтө одоно болуп калат экен. Эки тарапты тең караш керек. Бир ишти чогуу жасап жаткандан кийин бир кишини эле күнөөлөп койгон болбойт.

– Жашооңузда кайсы чечимди кабыл алуу сиз үчүн оор болгон?

– Мен негизи чечимдерди оор-жеңил деп бөлбөйм. Анткени кыргызда “жети өлчөп, бир кес” деген кеп бар эмеспи. Кичинекей нерсе болсо дагы ойлонуп иш кылсаң өкүнбөйсүң.

Максат Надырбековдун суроосу:

– Арнис байкени абдан сыйлайм. Жапжаш туруп кайната статусуна ээ болду. Кандай кайната болуп жатасыз деп сурагым келип жатат...

– Максат, бул суроону мага эмес, күйөө балама беришиң керек экен (күлүп).

– Актриса, актёр бир үйдө жашайсыздар, сиздерде деле чын жүрөктөн урушуп-талашып кеткен учурлар болобу же актёрлукка салып ал абалдан чыгып кетесиздерби?

– Албетте, урушкан учурлар болот. Казан-аяк кагышат дегендей. Бирок актёрлукту сахнага, съёмка жүрүп жаткан аянтка калтыруу зарыл. Жашоого аралаштырбай, анын чегин билиш керек. Чыныгы жашоо башка, актёрлук кесип деген такыр башка нерсе. Экөөнү аралаштырууга болбойт.

Саната Жумакадырованын суроосу:

– Арнис байке, кандай кыйын мезгилдерде кесибиңизди алмаштырып кеткиңиз келет?

– Кандай учур болбосун мен кесибимди эч качан алмаштыргым келбейт. Мезгил мезгили менен, кесип кесиби менен эле болгону жакшы.

– Кайсы ойногон ролуңуз турмушка айланып калбаса экен дейсиз, же тескерисинче, кайсы кейипкердин жашоосун жашасаңыз сизге бап келмек?

– Эч бир ролумду турмушума алмаштырып же аралаштыргым келбейт. Тасма, сахнаны чыныгы турмуштан ажырата билген жакшы. Эч убакта жашоом мындай болсо, жашоом тигиникиндей болсо дебейм. Ар бир адам аракет кылганына жараша жашайт. Азыркы жашап жаткан жашоомо ыраазымын.

Талас Кашкариевдин суроосу:

– Столдо 10 шам күйүп турат, эгер үчөөнү өчүрүп салсак канча шам калат?

– 3 шам калат, калганы күйүп түгөнөт да.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1037, 21-27-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан