АНАРДЫН СИЗ БИЛБЕГЕН ПАЙДАСЫ

Берекелүү күздүн пайдалуу жемиштеринин бири – анар. Бул өсүмдүк эмнеси менен баалуу жана организмге пайдасы чоң?

170-200 граммдык анардын курамында:

• Клетчатка – 7 грамм (организмге бир суткада керектелүүчү норманын 3 пайызы)

• Белок – 3 грамм (2,2)

• С витамини – 10,2 миллиграмм (30)

• К витамини – 1,4 миллиграмм (36)

• Фолий кычкылы – 18 микрограмм (16)

• Калий – 236 миллиграмм (12)

• Кальций – 10 миллиграмм (1,5)

• Магний – 12 миллиграмм (4)

• Фосфор – 36 миллиграмм (6)

• Темир – 0,3 миллиграмм (4) жана башка

Кимдерге болбойт?

1. Анарда түрдүү кычкылдар бар. Андыктан аны көп өлчөмдө жесеңиз, ашказан ооруйт. Өнөкөт ашказан оорулары барлар анар жебей эле койгону оң.

2. Курамында углевод, глюкоза болгондуктан кант диабети менен ооругандарга да анар сунушталбайт.

3. Анарды көп колдонгондо ич катышы ыктымал.

Пайдасы

1. Стресстин алдын алат. Кир аба, ультрафиолет нурлар, тамеки тартуу, ичимдик ичүү жана башка көптөгөн сырткы факторлор организмди уулап, стресске алып келет. Антиоксиданттарга бай анар көк чай, цитрус азыктарына караганда организмди көбүрөөк стресстен сактайт.

2. Рак ооруларынын алдын алат. Анардын эстракты простата, өпкө, ошондой эле ичегилердеги рак клеткаларынын ойгонуусунун алдын алат. Ал эми анар ширеси менен майы аялдарда эмчек рагынын өөрчүүсүнө бөгөт болот.

3. Жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алат. Анар ширеси кан басымды төмөндөтөт, майы болсо атеросклероз дарты менен күрөшөт.

4. Анемияда мыкты жардамчы. Күнүнө 1 стакандан анар ширесин ичсеңиз, гемоглобиниңиз сөзсүз көтөрүлөт.

5. Сөөк ооруларына шыпаа. Анар экстрактынын курамындагы полифенолдор сөөк кемирчегинин сезгенүүсүнүн алдын алат. Андыктан анарды дамамат колдонгондор сөөк ооруларынан алыс болушат.

6. Бактериялык оорулардын душманы. Анардын курамындагы пайдалуу ферменттер организмге кирген бактерия, вирустар менен мыкты күрөшөт.

7. Альцгеймер дартынын жаралуу себептеринин алдын алат.

8. Теридеги майда жаракаттардын бат айыгуусуна шарт түзөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1037, 21-27-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан