Учурдун популярдуу сериалы - «АЖЫДААРДЫН ҮЙҮ»

Америкалыктардын 8 сезондон турган “Так талашуу оюну” сериалы кино сыйлыктар, көрүүлөр, кымбаттыгы, каражат топтоо, дүйнө жүзү боюнча күйөрман топтоо жагынан рекордчу болгон. Эми ошол сериалдын приквели чыкты, башкача айтканда, “Так талашуу оюну” сериалында сүрөттөлгөн заманга чейин эки кылым мурунку окуялар чагылдырылган “Ажыдаардын үйү” аталган сериал тартылды. Албетте, мурунку сериалдын даңкынан улам кийинки долбоорго кызыгуу да күч болчу. Андыктан “Ажыдаардын үйүнүн” 1-сериясы чыкканда эле көрүүлөр боюнча рекорд койду. Бирок сериал канчалык күтүүнү, кызыгууларды актады? Аны төмөндө сөз кылалы.

Тарткан өлкө: АКШ

Чыккан жылы: 2022, 21-август

Жанры: фэнтези, драма, боевик, мелодрама

Канча серия: 10

Сериал тартылган аймактар: Испания, Улуу Британия, Англия, АКШ, “Warner Bros. Studios.”

Автору: Жорж Мартин

Сценаристи: Райан Кондал

Режиссёру: Мигель Сапочник

Композитору: Рамин Жавади

Башкы ролдордо: Пэдди Консидайн, Мэтт Смит Оливия Кук, Эмили Кэри Эмма Д’Арси, Милли Олкок Рис Иванс, Стив Туссэн жана башкалар

ЖОРЖ МАРТИНДИН КЕЗЕКТЕГИ ДОЛБООРУ

Америкалык фантаст-жазуучу, сценарист Жорж Мартин “Муз жана оттун ыры” медиафраншизасынын алкагында фантастика жанрында 5 роман жана башка адабий чыгармаларды жазган. “Муз жана оттун ыры” франшизанын 1-сериясы катары “Так талашуу оюну” романы 1996-жылы жарыяланган. 2010-жылы HBO компаниясы романдын негизинде сериал тартып, болуп көрбөгөндөй ийгиликке жеткен долбоор 8 сезонго узартылып, акыркысы 2019-жылы көрсөтүлдү. “Так талашуу оюнунун” бардык сезонун жылдан жылга кубалап көргөндөрдүн арасында сиз менен кошо мен да бармын. “Ажыдаардын үйү” сериалын бир чети кызыгуу, бир чети кооптонуу менен көрүп баштадым. Анткени баары бир мурунку бөлүккө салыштыруу, “жетпей калбайбы?” деген санааркоо болду. Бул сериал да Жорж Мартиндин “Муз жана оттун ыры” франшизасына кирген “От жана кан” романынын негизинде тартылды.

БИР ТУУГАНДАРДЫН ТАК ТАЛАШУУСУ

Вестерос. Бул аймакта падышалык так үчүн ага-карындаш Эйгон жана Рейнира Таргариендер жарандык согуш башташкан. Эки тарап тең өз кызыкчылыгы үчүн ажыдаарларды согушка колдонушат. Рейнира Таргариен падыша Визеристин кызы. Кичинесинен эле ажыдаарды өз эркине багынтып, 8 жашынан мамлекеттин башкаруусуна аралашкан акылдуу кыз. Падышалыктын жалгыз мураскери Рейнира болуп турганда апасы каза болуп, мамлекет башчысы өгөй энеден катары менен уулдуу болуп, мурас, так талаш болору ачык-айкын болот. Атасы акылдуу кызынын дилгирлигин байкап, бардык эрежени бузуп мурасты уул балага эмес, кызына берип коймок. Бирок каршы болгондор көп эле. Визеристин каза болушу менен Рейнира менен Эйгондун ортосунда тиреш башталып, “Ажыдаарлардын бийи” атка конгон жарандык согуш башталды. Согушта уткан тарап болбойт эмеспи, Рейнира туткунга түшүп, мыкаачылык менен каза болот. Бирок эжесинен так талашкан Эйгон да бакыт тапкан жок, аны ууландырып кетишти... Эми эмне болот? Эгер сериалдан кабарыңыз жок болсо, мына ушундай кыскача мазмуну менен таанышып алсаңыз болот. Баяндын уландысын чогуу көрөлү, окурман.

“ТАК ТАЛАШУУ ОЮНУ” МЕНЕН...

Окшоштугу – Эки сериалда тең бийлик, так үчүн согуш көрсөтүлөт.

Айырмачылыгы – “Так талашуу оюнунда” кландар ортосунда согуш болсо, “Ажыдаардын үйүндө” бир үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосунда согуш.

Окшоштугу – Экөөндө тең ажыдаарлар көрсөтүлөт.

Айырмачылыгы – “Так талашуу оюнунда” өлүп жок болуп, аягында үч эле ажыдаар калганын көрсөк, “Ажыдаардын үйүндө” 17 асман падышасын көрөсүз. Анан да ажыдаарларга ээр-токум токулганын байкасаңыз болот.

Окшоштугу – Эки сериалда тең так кылычтардан жасалат.

Айырмачылыгы – Чыгарманын автору Жорж Мартин “Так талашуу оюнундагы” так жөнөкөй жасалган” деп жактырган эмес. Автордун оюн эске алып, бул ирет так жасоого өзгөчө көңүл бурушкан. Байкасаңыз, тактын айланасында да көптөгөн кылычтар бар. Бул такты жасоого 2,5 миң кылыч керектелген. Мынча сандагы реквизит табуу оор да, бирок тартуучу топ “Ведьмак” жана “Варкрафт” сериалдарына колдонулган кылычтарды сурап келишкен.

Окшоштугу – Эки сериал тең кинематографиянын тарыхында кымбат тартылган долбоор деп бааланат.

Айырмачылыгы – “Так талашуу оюнунун” 1-сезонун тартууга 60 миллион доллар сарпталган. Ал эми “Ажыдаардын үйүндө” 1-сезонго 200 миллион доллар корогону айтылууда.

Окшоштугу – “Так талашуу оюнунда” иштеп, көптөгөн сыйлыктарды алууга салым кошкон композитор Рамин Жавади, сценарист Райан Кондал, режиссёр Мигель Сапочник экинчи долбоорго да өз салымдарын кошуп жатышат.

Айырмачылыгы – “Так талашуу оюнунда” Дейенерис Таргариен, Жон Сноу, Санса Старк, Серсея Ланнистер, Кхал Дрого, Тирион Ланнистер сыяктуу көптөгөн каармандар дароо эле көзгө көрүнүп, жатталып калган эле (образдарды жараткан актёр-актрисалар Эмилия Кларк, Кит Хэрингтон, Софи Тёрнер, Лина Хиди, Жейсон Момоа, Питер Динклэйж). “Ажыдаардын үйүндө” андай көзгө көрүнгөн, орусча айтканда, “яркий” каарман көрө алган жокмун.



Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1037, 21-27-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан