ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 31-октябрдан 6-ноябрга чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Аптада энергиялуу, активдүү болуп чыга келесиз. Бирок бул активдүүлүк менен тез чечим чыгарып, жашооңузду аңтар-теңтер кылып алуудан абайлаңыз. Майда иштерди коё туруп, чоң максаттарды ишке ашырууга маани бериңиз. Түгөйлөр бири-бирине аяр мамиле жасап, уруш-талаштан алыс болгону жакшы. Кайдан-жайдан акчалуу болушуңуз мүмкүн, бирок анын кийин кереги тиет, коротпой туруңуз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Жумушта же буюм алып-сатууда документ иштерине так жана сак болуңуз. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири-бири менен болгон мамилеси жакшырат. Эс алуу күндөрүн үйдө өткөрүү сунушталат, анткени достор менен пикир келишпестиктер чыгышы мүмкүн. Сүйүктүүсүн күтүп, түгөйлүү болууну каалагандар жолдуу болушат. Жылдыздар иммунитетти чыңдап, жугуштуу оорулардын алдын алууну эскертишет.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Эгиздер үчүн бул апта жаман адаттардан арылууга, ден соолукту чыңдоого ыңгайлуу учур. Жакындардын, кесиптештердин көңүл буруусу жетишсиз сезилет. Ага көңүл бурбай, жумушту өз убагында бүтүрүүгө шашыңыз. Аптанын экинчи жарымында балдарыңыз менен тил табыша албай кыйналасыз. Кыз-жигит мамилесинде кызганыч орун алат, ырбатып жибербей сабырдуулук менен абалдан чыгыңыз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Стресске жеткирүүчү окуялардан оолак болуңуз. Эгер мээ чыңалтуучу жумушта иштесеңиз, ашыкча эмгектенүүнүн кереги жок. Анткени нерв оорулары козголушу ыктымал. Жумуштагы көйгөйлөр жеңил чечилип, карьералык жактан өсүүгө шарт түзүлөт. Никелешүү жана романтикалык мамилелер үчүн ыңгайлуу апта. Жылдыздар конокко же той, концерт, театрга барып эс алууну сунушташат.


АРСТАН (23.07-23.08)

Сиз үчүн бул апта үй жана чарба иштерин иретке келтирүүгө ылайыктуу. Мамилени жакшыртуу үчүн үй-бүлө мүчөлөрү менен биргеликте үй жумуштарын жасаңыз. Эмоцияңызды көзөмөлдөбөсөңүз кошуна, дос, тууган менен араздашып, чыр чыгып кетүү коркунучу бар. Жалгыз бой арстандар жагымдуу таанышууларга туш болушуп, сүйүү мамилесине жетпесе да, жакшы дос күтө алышат.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Ойлонуп жүргөн идеяларды ишке ашыруу оңойго турбайт, бирок аракет кылууну уланта берүү керек. Үй-бүлөлүү бийкечтер чоң маселелерди талкуулашат, анда сабырдуулук талап кылынат. Апта аягында каражаттын тартыштыгы орун алышы мүмкүн, ашыкча, керексиз буюмдарды сатып албаңыз. Узак сапарлар орун алып, жакшы тааныштарды табышыңыз ыктымал. Ден соолугуңуздун абалы маанайыңызга көз каранды болот, жаман ойлордон, уруш-талаштан алыс болуңуз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Таразаларда бул аптада өзүн да, айлана-чөйрөнү да өзгөртүү каалоосу күчөйт. Өзгөрүүдөн жакшы эмоция ала алышат. Жумушта чыдамдуулук, жөнөкөйлүк жана кылдаттык талап кылынат, болбосо кесиптештер менен пикир келишпестиктер орун алып, ал чөнтөккө зыянын тийгизет. Кыз-жигит ортосунда түшүнбөстүктөр жаралат, өз убагында көйгөйдү чечип, мамилени сактап калуу керек. Киреше булагы көбөйүп, пайдалуу сатып алуулар орун алат.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Жумушта талбай иштеп, бардык күчүңүздү коротуудан алыс болуңуз. Жылдыздар аптанын биринчи бөлүгүн кайрымдуулук жасоо, китеп окуу, өзүн өнүктүрүү, көп сүйлөшүү менен өткөрүүнү сунушташат. Дос-тууган менен сейилдөө да жагымдуу болот. Каражат тартыштыгы орун алышы мүмкүн, үнөмдүүлүк менен абалдан чыгыңыз. Бойдокторго таанышууга жагымдуу жагдай жаралып, мамилелер никеге чейин жетиши ыктымал.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Жумушта демилге көтөрүп баштайсыз, бирок аны аткаруу үчүн кадам таштабай туруңуз. Жан дүйнөнү байытууга ылайыктуу апта. Жайлуу жерде тынч эс алуу менен алдыга пландарды коюу сунушталат. Бойдок жаачылар достукту сүйүү менен алмаштырбай турганы оң. Аптанын экинчи жарымында жактырган адамыңыз менен же достор менен мамиле бузулушу мүмкүн. Бир нерсе сатып алууда жакындар менен кеңешиңиз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Аптанын биринчи жарымында жакындарыңыз сиз көптөн бери самап жүргөн нерсеңизди белекке берип сүйүнтөт. Өзүңүзгө ашыкча ишенип, мен-мен дей берүү зыянын тийгизет, командада тил табышып иштөө натыйжалуу. Ушактан алыс болуңуз. Аптанын экинчи жарымында ата-эне же жетекчилик менен келишпестиктер чыгышы мүмкүн, абалды курчутуп жибербөөгө аракет кылыңыз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Суу куярлар үчүн апта ийгиликтүү, кирешелүү болот. Жумушта көптөн бери ойлонуп жүргөн идеяларды, максаттарды ишке ашырууга убакыт келди. Дос, тууган менен каржылык маселелерди чечишүүгө ылайыксыз учур, карызга акча берип же албаңыз. Сапарга чыкпай туруу оң. Түгөйлөрдүн ортосундагы мамиле бир калыпта сакталат, жылдыздар өзгөртүү киргизбей турууну сунушташат.


БАЛЫК (20.02-20.03

Апта башында көңүлүңүз чөгүп, анын айынан жумушта же үйдө араздашуу орун алат. Эмоцияңызды кармабасаңыз чөнтөгүңүзгө күч келет. Буга карабай саякаттоого, окуп-үйрөнүүгө, юридикалык маселелерди чечүүгө ылайыктуу учур. Бойдоктор үчүн сүйүктүүсүн табуу мүмкүнчүлүгү аз. Аптанын экинчи жарымында дос-туугандар менен кезигип, пикир алышуудан ырахат аласыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1038, 28-октябрь-3-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан