Нуркыз Караева, алпаруучу: “ЭФИР АЖАРЛУУ АДАМДАРДЫ ЖАКТЫРАТ”

Күн сайын көпчүлүк үй-бүлөлөр таңды “Замана” телеберүүсү менен тосуп алат. Көп жылдардан бери сизди уйкудан ойготуп, таң эрте жагымдуу маанай тартуулап жумушка узаткандардын бири – алпаруучу Нуркыз Караева. Теле жылдызы өзү, кесиби тууралуу кызыктар менен бөлүштү.

– Саламатсызбы, Нуркыз айым? Биздин гезитке алгачкы ирет маек берип жатасыз. Андыктан окурмандарыбызга сизди кенен тааныштырып койсок...

– Макул. Мен 1987-жылы 6-февралда Бишкек шаарында төрөлгөм. №67 мектепти алтын медаль менен аяктагам. Негизи журналист болом деген оюм жок эле, милиция кызматкери болгум келчү. Кийин байкем милицияда иштеп калып, “аялзатына туура келбеген кесип” деп каршы болуп койду. Ошентип ЖОЖдо журналистикага тапшырып калдым. Бирок бала кезден “мен сүйлөп эле акча табам” дечүмүн (күлүп).

– Журналистикага кызыгуу качан пайда болду?

– Журналистиканы тандап окууга тапшыргандан кийин окуп-үйрөнгөндөн башка тандоом жок болчу да. Ушул жерден агарып-көгөрүш керек болчу. Биринчи курста бизди практикага КТРКга жөнөтүштү. Алгач “Ала-Тоо” маалымат программасында практикада жүрдүм. Кийин “Замана” студиясына которушту. Менде алпаруучу болом деген кыял такыр эле жок болчу. Азыр практиканттар дароо эле эфирге чыгып жылдыз болуп кетсем деп келишет. Мен текст жазганды, 30 мүнөт маек алсаң, аны 30 секунддук кылып кесип алганды, туура суроо бергенди, аналитикалык-публицистикалык материалдарды даярдаганды үйрөнсөм дечүмүн. “Заманага” келгенде Тамара Жаманбаева эже “өңдүү-түстүү эле кыз экенсиң, эфирге чыгып көрчү” деди. Алгач 5 мүнөттүк рубрикаларды даярдоого үйрөттү. Камерага иштөө, эфирге чыгуунун өзү чоң искусство. Менин чоң утушум – Тамара Жаманбаева менен иштешип калганым. Аз убакыт иштештик. Ошол убакта тоодой тажрыйбасы менен бөлүшүп кетти. Алып баруучулук багытта гана эмес, аялзаты катары калыптанууда, жеке турмушта, башка адамдар менен карым-катнаш түзүүдө көптү үйрөттү. Башында 7 ай бекер иштедим, айлыгымды деле сураган эмесмин. Жамаат мыкты болчу, туулган күнүмдө “бул бекер иштеп жатат” деп 20 сомдон чогултуп беришкен. Ушул жамаат кармап калды го мени. Мени ата-энем, андан кийин Кыргыз телевидениеси мыкты адам, жаркылдаган аялзаты кылып тарбиялады окшойт. Ушул жакта иштеп жүрүп турмушка чыгып, жаркылдаган жубай, 3 баланын апасы болдум, жакшы адамдарды кезиктирдим. Мени тарбиялаган дагы бир адам – жолдошум. Аялзатынын аялзаты болуп калыптанышына жолдошунун таасири чоң. Ал киши колдоп турбаса, үйдөгү тиричилик мени иштетпейт болчу. Ар убак кубаттап, колдоп турат.

– Жолдошуңуз менен кайдан таанышкансыз?

– Жумушум аркылуу таанышкам. Жолдошум Бакыт Шарипов шаардык кеңештин депутаты болгон. Азыр ишкерлик менен алектенет. Андан интервью алып, ошондон кийин сүйлөшүп кеткенбиз.

– Алгачкы жолу эфирге чыккандагы толкундоолор эсиңиздеби?

– Биз үчүн ар бир эфир чоң жоопкерчилик. Ар бир эфирде биринчи жолу чыгып жаткандай толкунданам, ар бирине жоопкерчилик менен даярданам. “Тажрыйбалуумун” деп уктап туруп эле чыгып калган учур такыр болгон эмес. Өлкөдө чоң окуялар болгондо даярдыксыз чыкканга туура келет. Анда коркпой эле чыгасың, анткени дайым даярданып жүргөнсүң да, багаж көп. Бир жолу Атахан Кожогулов экөөбүз Июнь окуялары тууралуу эфир алып барып жатып, меймандарыбыз кечигип, 40 мүнөт тынбай сүйлөгөнбүз. Ошонун баары тажрыйбанын натыйжасы. “Заманада” иштегениме 16 жыл болуптур.

– Телевидениеде иштеген адамда кандай сапаттар сөзсүз болушу керек?

– Эң биринчиси – жоопкерчилик. Менимче, ар бир ишти сүйүү менен жасаш керек. Сүйүү бар жерде баары гүлдөп-жайнайт. Анан телевидение келбеттүү, ажарлуу адамдарды жакшы көрөт. Коомдо буга карама-каршы “сулуу адамдар акылсыз болот” деген түшүнүк да бар. Акылды өстүрсө болот.

– Түз эфирде кызыктуу окуялар көп болсо керек...

– Көп болот. Бир жолу “Доктор+” деген рубрикада кардиолог Абдимиталип Халматов менен жүрөк оорулары жөнүндө айтып берип жатканбыз. Түз эфирде көрөрмандар телефон чалып, суроо узатып жатышкан. Бир маалда бирөө чалып “жүрөгүм көп убактан бери ооруп жүрөт, анын себеби Нуркыз Караева” деди. Врач “бул жүрөк ооруну дарыласак болот экен, себебин таптык” деп тамашалап өтүп кетти. Ал киши эфирлерге чыгып жүрөт, өзүн жоготкон жок. Тескерисинче, мен өзүмдү жоготуп койдум. Ушундай учурлар көп эле болот.

Бир жолу “толуп кеттиң” деп мени 2 айга эфирден алып салышкан. Ошондо депрессия болгом. Анан “эмнеге депрессия болушум керек?” деп өзүмдү колго алганга аракет кылдым. Азыр андай нерселерге капаланбайм, ар кандай абалга моралдык жактан өзүмдү даярдап койгом.

– Күйөрмандарыңыз белектерди да жөнөтүшөт болуш керек?

– Белектерди жаш кезде көп алдык. Атын айтпай таштап кеткендер болгон. Бир жолу Мирбек Осмонов деген кесиптешим экөөбүз сюжет тарталы деп айыл жергесине барсак, бир жигит “Нуркыз Караеванын колун эле карматып койчу, сага бир кой салып жиберем” деп күлдүргөн. Мен бардык белектерге аяр мамиле кылам. Алар белекти жакшы көрүү сезими менен, ойлонуп, убакыт бөлүп аны издеп, анан мага арнап беришти да. Андыктан өзгөчө маани берем. Белектердин баары менде сакталуу.

– Сиздин апаңыз да журналист болгон экен...

– Апам “Ден соолук” журналында иштеген. Өзү келбеттүү, Таттыбүбү Турсунбаеванын сиңдиси деп коюшчу, айылдашы болот. Ошол кишиге окшоштурушуп “сен телевидениеге барсаң болмок” деп калышчу. Жаш кезинде КТРКга келип көрүптүр. Ал убакта абал башкача болгон болушу керек, көп көңүл бурулбай, ары-бери чуркап, анан чыдабай кетип калып, бир кыялы ишке ашпай калыптыр. Пандемия учурунда апам коронавирустан каза болуп калды. Жашообуз апама чейинки, апамдан кийинки болуп бөлүнүп калды. Апамды жоготкондон кийин көп нерсени түшүндүм. Алдыда чоң миссия турат – апамдын жасаган иштери, кандай адам болгону жөнүндө китеп жазам.

– Тилектериңиз ишке ашсын! Ишиңизге ийгилик!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1038, 28-октябрь-3-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан