БИР БҮРКҮМ. БИШКЕККЕ ЖЫЛУУЛУК БЕРИЛДИ...

  • Сабырбек Султанбеков энергетика министринин орун басары болуп дайындалды.
  • Си Цзиньпин Кытайдын Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин башкы катчысы болуп кайрадан шайланды.
  • Жогорку Кеңештин делегациясы 26-октябрда Самаркандда КМШга мүчө өлкөлөрдүн парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынына катышты.
  • Токмоктогу мал базардан аксакалдын 120 миң сомун уурдоого шектүү жаран кармалды.
  • 26-октябрдан тарта Бишкекте жылуулук бериле баштады.
  • Шабданбек Алишев Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды.
  • Бишкекте коомдук унаалардын абага канчалык зыяндуу газды бөлүп чыгарып жатканы атайын рейдде текшерилүүдө.
  • Өзбекстандан алынган 50 автобус 25-октябрдан тарта Ош шаарында каттамга чыгарылды.
  • Спикер Нурлан Шакиев 24-октябрда парламенттеги фракциялардын жана депутаттык топтордун лидерлери менен жолугушту.
  • Бишкекте бирөөнүн батирин ижарага берип салган деп шектелип 26 жаштагы жигит кармалды.
  • Мамлекеттик салык кызматы: 2021-жылы мамлекеттик казынага “Кумтөрдөн” 8 миллиард сом киреше түшкөн.
  • Кыргызстанда алтын рудасын жана концентратын экспорттоого убактылуу тыюу салынды.
  • 7 жылдык тыныгуудан кийин Дубай-Ош аба каттамы жанданат.
  • Кыргызстанда Спорт министрлиги түзүлөрү маалымдалды.
  • Мурдагы Каржы полициясынын кызматкери ишкерден акча талап кылууга шектелип кармалды.
  • Улуттук инвестиция агенттиги: Кытай Кыргызстандан бал, алкоголь жана сүт азыктарын импорттоого кызыкдар.
  • Бишкек ЖЭБин келерки жылы Бишкек мэриясынын карамагына өткөрүү пландалып жатканы маалымдалды.
 Кыстарылган видео 
“Атамды аябай сагынам, мен атамдын кызы болчумун” дейт модель Алтынай Ботоярова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1038, 28-октябрь-3-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан