МАССАЛЫК КАРМООЛОР: БИЙЛИК 21 АДАМДЫ ОЛУТТУУ КЫЛМЫШКА ШЕКТЕДИ

Өлкөдө 21 адамдын “массалык баш аламандык уюштурууга даярдык” беренеси менен кармалып, 2 айга камакка алынышы резонанс жаратты. Бул окуя учурда талкуунун предметине айланды.

Президент “булардын максаты Кемпир-Абад эмес” дейт

Президент Садыр Жапаров депутат Адахан Мадумаров менен диалог түзүү аракетинен майнап чыкпаганын айтты. Бул тууралуу ал 24-октябрда ЖМКлардын бирине өлкөдө ондогон жарандык активисттердин, саясатчылардын кармалышына комментарий берип жатып билдирди.

– Жарым жыл мурда үйүмө конокко чакырып: “Адахан мырза, Кыргызстан бирөө эле, ынтымакташалы, мага колуңардан келсе жардам бергиле. Жеңилимди жерден, оорумду колдон алып бергиле”,- дегем. Айтылган ойлорго ынангандай болуп, эки саат отуруп, “достошуп” кетти эле. Бир апта өтпөй кайра кыйкырып чыкты. Кыскасы, менден кеткен жок. Баары менен диалогго барып жатам. Кыскасы, буларды “Кемпир-Абад” кызыктырбайт, ал жөн эле шылтоо. “Эптеп бир нерсе болуп кетсе, кайра бийликке илинип калсам” дегендер. Камалгандардын көпчүлүгү менен жекеме-жеке диалог кылгам. Баары эле кызмат сурашат,- дейт өлкө башчысы.

Жапаров кармалгандардын ишине кийгилише албай турганын, чекитти сот коёрун, президентте ырайым кылуу укугу гана бар экенин белгилейт.

Кармалгандар эмне дейт?

Камалгандардын бири, экс-элчи Азимбек Бекназаров өзүнө тагылган айыптарды “ойдон чыгарылган” деп атады. Калгандары да өздөрүнүн кармалышын “саясий куугунтук” деп жатышат. Айта кетсек, Азимбек Бекназаров, Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Жеңиш Молдокматов, Бектур Асанов, Равшан Жээнбеков баштаган саясатчылар, блогерлер жана жарандык активисттер, жалпы 21 адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга 2 айга камакка алынышты. Алар Кылмыш-жаза кодексинин “массалык баш аламандык уюштурууга даярдануу” беренеси боюнча айыпталып жатат.

Шектүү аудиожазуу

Бул арада интернет желесине “оппозиция өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү” деген аудиожазуу тарады. Ал аудиодон айрым шектүү сөздөрдү угууга болот. Кармалгандар бул аудиожазууну “монтаждалган” дешти. Учурда коомчулукта кармалгандарды бошотуу талаптары айтылып жатат. Ошондой эле жер-жерлерде азыркы бийликтин аракеттерин колдой турганын билдирип митингдер да өткөрүлүүдө.

Парламентте пикир кандай?

26-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында ИИМдин өкүлү “кармоолор мыйзамдуу болду” деди. Көпчүлүк суроолорго “тергөөнүн сыры” деп ачык жооптор айтылган жок. Депутаттар тергөө органдарын тергөөнү калыс жүргүзүүгө, кармалгандардын арасынан айрым блогерлерди, аялдарды жана жарандык активисттерди бошотууга чакырышты. Айрым депутаттар “мыйзам алдында аялбы-эркекпи, жашпы-карыбы баары бирдей” деп да аларга каршы болушту. Мисалы, депутат Жеңишбек Токторбаев “белгилүү саясатчылар кармалды деп жатышат. Мен буга кошулбайм, кармалгандар “дүжүр саясатчылар”, бийликти гана көздөгөн адамдар. Бийлик берсе мактайт, кызматтан кетсе жамандайт. Мен белгилүү саясатчы деп Өмүрбек Текебаевди, Темир Сариевди, Медеткан Шеримкуловду, Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиевди билем”,- деп күпүлдөдү. Коомчулукта бул депутатты кошоматчылыкка айыптагандар көп. ИИМ өкүлү “кармалгандардын ар бирине жекече укуктук баа берилет” деди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1038, 28-октябрь-3-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан