Ошондой эле Кыргызстан көмүрдү автоунаалар менен сыртка ташууга чектөө киргизгенин айтты министр.
– Элди көмүр менен камсыздамайынча сыртка көмүр ташылбайт. Чектөө 6 айга киргизилди. Ал эми келишим түзүп алгандар темир жол аркылуу ташый беришет. Азыркы тапта Кара-Кече кенинде 1 тонна көмүр 1450 сом болууда. Бишкекке жеткиргенде 3500 сомдон айланат. Тоннасын 4000 сомдон сатканда көмүр ташуучулар ар бир каттамдан 40 миң сомго чейин пайда табышат. Бааны 4000 сомдон ашырбагыла деп айтып жатабыз, “мынчадан сатасың” деп талап коё албайт экенбиз,- деди Ибраев.
Энергетика министри быйыл кышында свет өчүрүүлөр болбойт деп билдирди.