Өлкөдө мугалимдердин айлыгы кайра азайып кеткенин 27-октябрдагы парламент жыйынында депутат Марлен Маматалиев айтып чыкты.
– Мурда 18 миң сом алган мугалимдер маяна көтөрүлгөндөн кийин 35 миң сомго чейин алып калышкан. Азыр кайра 22 миң сомго чейин түшүп кеткен фактылар бар. Сааттар азайып, класс жетекчилик бир класс менен чектелип жатыптыр. Бул туура эмес, тиешелүү органдар көзөмөлгө алышы керек,- деди депутат.
Мындан 1 жума мурун Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “мугалимдердин айлыгы 1 сомго да азайган жок” деп маалымдаган. Жапаров билим берүүнүн сапатына басым жасоо үчүн сааттарга чек коюлганын айткан эле. Билим берүү жана илим министрлиги да окуу жүктөмү өзгөрүлүп, сааттар кыскарганын, ошентсе да мугалимдер мурдагыдан көп маяна алып жатканын билдирген.
Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын апрель айынан тарта мугалимдердин айлыгы 80 пайызга жогорулаган.